Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2009-жылдын 11-августу № 434-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-сентябрындагы № 508 "Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника менен камсыздоо жөнүндө" токтомуна ылайык, талаачылык иштерин өз убагында жана сапаттуу жүргүзүү үчүн республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында:
1. Чүй облусунун Кара-Балта, шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунда кураштырылган айыл чарба техникасын бөлүштүрүүнүн тиркемеси бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик сокосу менен комплекттеги "ҮТО-704" маркасындагы 111 бирдиктеги тракторлордун сунушталган наркын белгиленген тартипте аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- сокосу менен комплекттеги "ҮТО-704" маркасындагы тракторлордун наркы аныкталганга чейин кредит-күрөө документтерин тариздеген учурда "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы берген сокосу менен комплекттеги трактордун эсептик наркын колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу "Манас-Ордо" улуттук комплексинин кредит-күрөө документтерин алгачкы взнос төлөөсүз эле тариздөөгө.
4. Республиканын облустук мамлекеттик администрациялары:
- бул токтомдун тиркемесине ылайык бөлүнгөн сокосу менен комплекттеги "ҮТО-704" маркасындагы тракторлорду чарбакер субъекттерге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык агротехникалык сервис борборлоруна, айыл чарба кооперативдерине жана үрөн чарбаларына аларды алууга артыкчылыктуу укук берүү менен бул токтомдун тиркемесине жараша бөлүштүрсүн;
- товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик комиссиялардын протоколдук чечимдерин кредит-күрөө документтерин өз убагында тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду айыл чарба техникасын алуучулар менен кредит-күрөө документтерин төмөнкү шарттарда тариздесин:
- алгачкы взносту айыл чарба техникасынын наркынын 10 процентинен кем эмес төлөө;
- кредитти 10 жыл бою жыл сайын үчүнчү жана төртүнчү кварталдарда займдык каражаттарды пайдалануу үчүн проценттерди албастан акчалай каражаттар менен гана төлөп туруу;
- мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн 0,05 процент өлчөмүндө төлөмдөрдүн мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айып санкцияларын чегерүү;
- айыл чарба техникасынын наркын эсепке алуу менен 130 проценттен кем эмес өлчөмдө ликвиддик күрөө менен камсыз кылуу;
- сокосу менен комплекттеги "ҮТО-704" маркасындагы тракторлордун наркы аныкталгандан кийин таризделген кредит-күрөө документтерине белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү.
6. Сокосу менен комплекттеги "ҮТО-704" маркасындагы бөлүштүрүлгөн тракторлордон баш тартылган же алар толук эмес алынган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду түшкөн арыздардын негизинде аларды башка региондордун субъекттерине тезинен кайра бөлүштүрүп берүүгө укуктуулугу белгиленсин.
7. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы сокосу менен комплекттеги "ҮТО-704" маркасындагы тракторлорду берүүнү кредит алуучулардын кредиттик, күрөө келишимдери жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун тийиштүү коштомо каты болгондо жүргүзсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-октябрындагы № 525-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
9. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| И.Чудинов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 11-августундагы № 434-б буйругуна тиркеме |
┌─┬────────────────────┬────────────────┬────────────┬────────────────┐
│№│ │Айдоо жерлеринин│ "ҮТО-704" │Трактор соколору│
│ │ │ аянты (миң га) │маркасындагы│ (бирдик) │
│ │ │ │ тракторлор │ │
│ │ │ │ (бирдик) │ │
├─┼────────────────────┼────────────────┼────────────┼────────────────┤
│1│Баткен облусу │ 74,4 │ 8 │ 8 │
├─┼────────────────────┼────────────────┼────────────┼────────────────┤
│2│Жалал-Абад облусу │ 168,2 │ 15 │ 15 │
├─┼────────────────────┼────────────────┼────────────┼────────────────┤
│3│Ош облусу │ 185,5 │ 16 │ 16 │
├─┼────────────────────┼────────────────┼────────────┼────────────────┤
│4│Ысык-Көл облусу │ 191,0 │ 18 │ 18 │
├─┼────────────────────┼────────────────┼────────────┼────────────────┤
│5│Нарын облусу │ 120,4 │ 11 │ 11 │
├─┼────────────────────┼────────────────┼────────────┼────────────────┤
│6│Талас облусу │ 119,1 │ 11 │ 11 │
├─┼────────────────────┼────────────────┼────────────┼────────────────┤
│7│Чүй облусу │ 417,7 │ 30 │ 30 │
├─┼────────────────────┼────────────────┼────────────┼────────────────┤
│8│К.И.Скрябин │ │ 1 │ 1 │
│ │атындагы Кыргыз │ │ │ │
│ │агрардык │ │ │ │
│ │университети │ │ │ │
├─┼────────────────────┼────────────────┼────────────┼────────────────┤
│9│Кыргыз │ │ 1 │ 1 │
│ │Республикасынын │ │ │ │
│ │Өкмөтүнө караштуу │ │ │ │
│ │"Манас-Ордо" улуттук│ │ │ │
│ │комплекси │ │ │ │
├─┼────────────────────┼────────────────┼────────────┼────────────────┤
│ │Бардыгы │ 1276,3 │ 111 │ 111 │
└─┴────────────────────┴────────────────┴────────────┴────────────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр Н.Айтмурзаев