Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-сентябры N 508 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү техника менен камсыздоо жөнүндө Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникасы менен камсыз кы-луу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: Кытай Эл Республикасынын "ҮТО" корпорациясынан тракторлордун жанаайыл чарба техникаларынын комплекттөөчү тетиктеринин партиясын бир бу-лактан сатып алуу ыкмасында ишке ашырууга жана Чүй облусунун Кара-Балташаарындагы өндүрүштүк комплекстин базасында чогултууну уюштурууга КытайЭл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын утурлама фондунун каражаттарынан"Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына 74,0 млн. сом бөлсүн; - 74,0 млн. сом суммасында кредит берүүгө "Кыргызресурстары" мам-лекеттик ишканасы белгиленген тартипте карыздык милдеттенмени таризде-син; - Кара-Балта шаарындагы заводдо чогултулган тракторлор жана соко-лордун 111 бирдик санындагы айыл чарба техникасын өткөрүп берүү аркылуукайтарып берүү мөөнөтүн 2009-жылдын 1-мартыначейин белгилесин.(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги N 233 токтомунун редакциясына ылайык) 2. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы:
- Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын утурлама фондунан
74,0 млн. сом суммасындагы кайтарылып берилүүчү каражатты 111 бирдикте-
ги тракторлорду жана соколорду кийинки чогултууну уюштуруу үчүн кытай
айыл чарба техникаларынын комплекттөөчү бөлүктөрүн сатып алууга жумша-
сын;
- Кара-Балта шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунда "ҮТО-704" марка-
сындагы тракторлорду жана соколорду чогултуу өндүрүшүнүн техника-
лык-экономикалык негиздемесин белгиленген тартипте бекитсин жана Кыргыз
Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
- Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги менен бирдикте Кара-Балта шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" за-
водунда чогултуу пландаштырган тракторлорго жана айыл чарба техникала-
рына суроо-талапты изилдесин жана кредиттик күрөөлүк документтерди кий-
инки тариздөө үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эконо-
миканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна берсин;
- Кара-Балта шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунда "ҮТО-704" марка-
сындагы тракторлорду (111 бирдик) жана соколорду 2009-жылдын 1-мартына
чейинки мөөнөттө чыгарууну камсыз кылсын;
- кийинки жылдарда тракторлорду жана айыл чарба техникаларын чо-
гултуу боюнча Кара-Балта шаарындагы "Ак-Жол - ҮТО" заводунун үзгүлтүк-
сүз иштешин камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги N 233 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети:
- Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын утурлама фондунун
акча каражаттарына сатып алынган товарларды кийин "бажы кампасы" бажы
режиминде кайра иштетүү продуктуларын жайгаштыруу менен "Кыргызресурс-
тары" мамлекеттик ишканасы тарабынан товарларды "бажы контролунда кайра
иштетүү" бажы режимине жайгаштырууну белгиленген тартипте ишке ашырышын
карасын;
- Кара-Балта шаарындагы өндүрүштүк комплекстин базасында бажы кам-
пасынын ээси катары иш-аракет жүргүзүүгө "Кыргызресурстары" мамлекеттик
ишканасына лицензия берүү жөнүндө маселени белгиленген тартипте кара-
сын;
- шарттуу эсептелген бажылык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмени
айылдык товар өндүрүүчүлөргө көрсөтүлгөн айыл чарба техникалары берил-
ген учурдан тартып токтотулду деп эсептесин.
4. Облустардын мамлекеттик администрация башчылары Кыргыз Респуб-
ликасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен
бирдикте:
- "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товар-
дык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчү-
лөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө
бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык айыл чарба техника-
ларын бөлүштүрүүнү жүргүзүшсүн;
- кредиттик-күрөөлүк документтерди өз учурунда тариздөө үчүн Кыр-
гыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн
мамлекеттик фондуна товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик
комиссиялардын протоколдук чечимин беришсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүк-
түрүүнүн мамлекеттик фонду айыл чарба техникаларын алуучулар менен тө-
мөнкүдөй шарттарда кредиттик-күрөөлүк келишимдерди белгиленген тартипте
түзсүн:
- заемдук каражаттарды пайдалануу үчүн проценттерди албастан 10
жылдын ичинде кредитти кайтарып берүү;
- айыл чарба техникаларынын баасын эске алуу менен кеминде 130
процент өлчөмүндө ликвиддүү күрөө менен камсыз кылуу.
6. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына бажы жана салык тө-
лөмдөрү, айыл чарба техникаларын кабыл алуу, сактоо, чогултууну уюшту-
руу жана алуучуларга берүү боюнча чыгымдарды жана башка ички чыгымдарды
жабуу үчүн айыл чарба техникаларынын комплекттөөчү запастык бөлүктөрү-
нүн наркына карата 2009-жылдын 1-мартына 15 процент өлчөмүндө үстөк колдонууга уруксат берилсин.
Айыл чарба техникаларын берүү кредит алуучуларда кредиттик, күрөө-
лүк келишимдери жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Эко-
номиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун тиешелүү коштомо каты бол-
гондо гана жүргүзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-апрелиндеги N 233 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов