Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 19-майы № 213-б
буйругуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 28-декабры № 604-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 «Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча кеңеш төмөнкү курамда бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директорунун орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Товар өндүрүүчүлөр улуттук ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
«Маалымдоо-изилдөө борбору лаборатория катары» жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
«Стандартсертик» жоопкерчилиги чектелген коомунун сертификатташтыруу боюнча органынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
«Промтестсервистин» сертификациялоо боюнча органынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Лабораторияларды аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сертификатташтыруу органдарын аккредитациялоо боюнча техникалык комитеттин төрагасы (макулдашуу боюнча);
М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин товар таануу жана товарларды экспертизалоо кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);
«Манас» Кыргыз-Түрк университетинин тамак-аш инженериясы боюнча лабораториясынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын метрология жана стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
«Профмедицина» өкмөттүк эмес уюмунун Жугуштуу ооруларды диагностикалоо лабораторияларынын сапатын контролдоонун республикалык илимий-практикалык борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин стандартташтыруу жана метрология кафедрасынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтунун илимий кызматкери (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Аккредитациялоо борборунун өкүлү.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-августундагы № 25-б буйругу;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-апрелиндеги № 117-б буйругу.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |