Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-майы № 100
2016-жылдын 6, 11, 12 жана 13-майында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 19-апрелиндеги № 83 токтому менен 2016-жылдын 6-майына дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Таш; 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 88 токтому менен 2016-жылдын 11, 12, 13-майына дайындалган Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө, Будалык, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Ноокат районунун Көк-Бел; Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай, Аксы районунун Авлетим; Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Коңорчок, Жумгал районунун Таш-Дөбө, Куйручук, Түгөл-Сай жана Кызыл-Жылдыз; Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Жети-Өгүз районунун Оргочор; Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын өткөрүлгөн шайлоо боюнча Өзгөн, Алай, Кара-Суу, Ноокат, Тогуз-Торо, Аксы, Ак-Талаа, Жумгал, Каракол, Жети-Өгүз, Аламүдүн жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 6, 11, 12 жана 13-майында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
| |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 24-майындагы № 100 токтомуна тиркеме | |
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы | Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын Ф.А.Ж. | Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
1 | Кара-Таш | Боркошов Бакытбек Калдыбаевич | 2016-жылдын 6-майы |
Алай району | |||
2 | Коңур-Дөбө | Азимжанов Асилбек Төлөнбаевич | 2016-жылдын 12-майы |
3 | Будалык | Каримов Залкарбек Абдурасулович | 2016-жылдын 13-майы |
Кара-Суу району | |||
4 | Сары-Колот | Макеев Кыялбек Абдиллаевич | 2016-жылдын 12-майы |
Ноокат району | |||
5 | Көк-Бел | Жороев Акылбек Митаевич | 2016-жылдын 12-майы |
Жалал-Абад облусу | |||
Тогуз-Торо району | |||
6 | Көк-Ирим | Эпеев Кадырбек Молдожумаевич | 2016-жылдын 12-майы |
7 | Атай | Бобукеев Бакдөөлөт Рыскулбекович | 2016-жылдын 13-майы |
Аксы району | |||
8 | Авлетим | Абдыраманов Нурмырза Абасович | 2016-жылдын 12-майы |
Нарын облусу | |||
Ак-Талаа району | |||
9 | Баетов | Турусбеков Талантбек Амангазиевич | 2016-жылдын 12-майы |
10 | Коңорчок | Акиев Арстанбек | 2016-жылдын 13-майы |
Жумгал району | |||
11 | Таш-Дөбө | Мойноков Алтынбек Каныбекович | 2016-жылдын 11-майы |
12 | Куйручук | Асанов Талантбек Турганбекович | 2016-жылдын 12-майы |
13 | Түгөл-Сай | Жунушов Замир Жолдошович | 2016-жылдын 12-майы |
14 | Кызыл-Жылдыз | Кыдырмаев Бектур Шыйтыевич | 2016-жылдын 13-майы |
Ысык-Көл облусу | |||
Каракол шаары | |||
15 | Каракол шаары | Арпачиев Данияр Карагулович | 2016-жылдын 13-майы |
Жети-Өгүз району | |||
16 | Оргочор | Касмалиев Таалайбек Усенович | 2016-жылдын 12-майы |
Чүй облусу | |||
Аламүдүн району | |||
17 | Арашан | Адашпасов Нурзаман Нургазиевич | 2016-жылдын 12-майы |
Ысык-Ата району | |||
18 | Милянфан | Губеза Сулейман Маданзович | 2016-жылдын 12-майы |