РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-октябрындагы № 148-р (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттеринин долбоорлорун экспертизалоо боюнча коомдук комитетинин жоюлуусу тууралуу) буйругу

Редакция22.10.2010 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 25-октябры № 148-р

1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттеринин долбоорлорун экспертизалоо боюнча коомдук комитет жоюлсун.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 298 тескемеси;

- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-майындагы № 6-т тескемеси.

3. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

Р.Отунбаева