Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-майы № 103
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
3. Аймактык шайлоо комиссиялардын "Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү" 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.
4. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
| |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 24-майындагы № 103 токтомуна тиркеме | |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Айдаркен шаардык | Касимов Нурбек Мухтарович ("Республика" саясий партиясы) | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
2 | Турдалиев Кеңешбек Токтобаевич ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Мамлекеттик кызматка дайындалган | ||
3 | Уч-Коргон айылдык | Сарымсаков Икрамжан Ахмаджонович | Муниципалдык кызматка дайындалган | |
4 | Раимжанов Исмаилжан Каримжанович | Өз арызы |
| |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
5 | Саз айылдык | Иманкулов Айбек Кынатбекович | Өз арызы | |
Жайыл району | ||||
6 | Кара-Балта шаардык | Сурков Александр Александрович ("Республика" саясий партиясы) | Өз арызы | |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
7 | Токтогул шаардык | Давлеталиев Ибраим Сатарович ("Бирге-Вместе" саясий партиясы) | Өз арызы | |
8 | Абышов Сулайманкул ("Бирге-Вместе" саясий партиясы) | Өз арызы | ||
9 | Омуржан уулу Мирбек ("Бирге-Вместе" саясий партиясы) | Өз арызы | ||
Ош шаары | ||||
10 | Ош шаардык | Толтоев Эрнис Мукашбекович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы | |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 24-майындагы № 103 токтомуна тиркеме |
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Ээлеген кызматы, кызмат орду | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
1 | Айдаркен шаардык | Калматова Айнура Арзыбаевна ("Республика" саясий партиясы) | Айдаркен ҮДБ, медайым | № 6, 06.05.2016-ж. |
2 | Имаров Абдималик Икирамович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы | Айдаркен сымап комбинаты, автобаза башчысы | ||
3 | Уч-Коргон айылдык | Абдумажитов Атажон Камолович | Дыйкан чарба, мүчө | № 7, 18.08.2016-ж. |
4 | Сиддиков Кахрамонжон Равшажонович | Кызыл-Кыя шаары, жеке менчик кардио борбору, дарыгер | ||
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
5 | Саз айылдык | Абдилазимов Абдыманап | Жеке ишкер | № 5, 16.05.2016-ж. |
Жайыл району | ||||
6 | Кара-Балта шаардык | Затравина Светлана Владимировна ("Республика" саясий партиясы) | И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы КТИ, окутуучу | № 5, 19.05.2016-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
7 | Токтогул шаардык | Тайчабаров Кенжебек Ормонович ("Бирге-Вместе" саясий партиясы) | Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу дирекциясы, инженер | № 7, 11.05.2016-ж. |
8 | Баялиева Мира Акматбековна ("Бирге-Вместе" саясий партиясы) | Жеке ишкер | ||
9 | Азимов Алмазбек Усенович ("Бирге-Вместе" саясий партиясы) | Жеке ишкер | ||
Ош шаары | ||||
10 | Ош шаардык | Абдурасулов Дильдор Изатиллаевич ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | "Время 21" ЖЧК, жабдуучу | № 24, 23.05.2016-ж. |