Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 15-декабры № 157
Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 11-июнундагы № 107 токтомуна ылайык бул токтомдун төмөнкү бөлүктөрү күчүн жоготту:
- шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол;
- айрым талапкерлерди шаардык кеңештердин депутаттары болуп шайлоо тууралу.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 28-июнундагы № 111 токтомуна ылайык бул токтомдун айрым талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп табуу жагынан Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Сын-Таш, Ивановка жана Кең-Булуң айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 28-июнундагы № 112 токтомуна ылайык бул токтомдун айрым талапкерлерди жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп табуу жагынан Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 4-июлундагы № 116 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү бөлүктөрү жокко чыгарылды.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 24-июлундагы № 128 токтомуна ылайык бул токтомдун шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол жана айрым талапкерлерди шаардык кеңештердин депутаттары болуп шайлоо тууралу бөлүктөрү жокко чыгарылды.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 20-августундагы № 138 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 23-декабрындагы № 183 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 31-январындагы № 15 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 6-февралындагы № 19 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 12-февралындагы № 23 токтомуна ылайык бул токтомдун шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүүдөгү, аларды жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 7-мартындагы № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 16-майындагы № 72 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 27-майындагы № 77 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 17-июнундагы № 80 токтомуна ылайык бул токтомдун депутаттарын шайланган депутат деп таануу бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-июнундагы № 86 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 4-июлундагы № 89 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 5-августундагы № 101 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 22-октябрындагы № 119 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 29-декабрындагы № 138 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 14-январындагы № 4 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 11-февралындагы № 16 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 3-мартындагы № 21 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 20-мартындагы № 27 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 16-апрелиндеги № 40 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 30-апрелиндеги № 43 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 22-майындагы № 48 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын каттоосу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 9-июнундагы № 58 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын каттоосу жөнүндөгү бөлүгү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 30-июнундагы № 67 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 8-июлундагы № 71 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 29-августундагы № 128 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 12-февралындагы № 31 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 17-февралындагы № 37 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 13-апрелиндеги № 81 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 90 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 6-майындагы № 96 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 28-июлундагы № 133 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 11-августундагы № 135 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн.
Шайлоолорду өткөрүү үчүн "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Чүй облусу боюнча 5 бирдиктүү жана 286 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгынын 1698 мандатына 5366 талапкерлер көрсөтүлгөн, алардан 5137 талапкер катталган. Катталган талапкерлердин ичинен 2013 талапкерди саясий партиялар, 353 талапкерди шайлоочулардын топтору көрсөткөн, 2771 өзүн өзү көрсөткөндөр.
Добуш берүүгө 197875 шайлоочу катышкан, бул Чүй облусунун шайлоочуларынын жалпы санынын 47,5%ын түзөт.
Шайлоолордун жыйынтыгы боюнча, аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдоруна ылайык 1680 талапкер жергиликтүү кеңештердин депутаты болуп шайланган.
Эки шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган:
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 26-ноябрындагы № 16 чечими менен Москва районунун Александровка айылдык кеңешинен № 7281 (9 мандат);
- Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы № 12 чечими менен Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинен № 7057 (9 мандат).
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) шайлоо процессинин катышуучуларынан шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдөгү чечимдерине карата бардыгы 34 кат жүзүндөгү кайрылуулар (арыздар, даттануулар, актылар) түшкөн (маалымкат тиркелет).
Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн шайлоо документтерин, ошондой эле шайлоо процессинин субьектилеринин даттанууларын, актыларын карап чыгып, Чүй облусунун Москва районунун №№ 7273, 7280, Сокулук районунун №№ 7230, 7231, 7233, 7235, 7237, Жайыл районунун № 7327, Аламүдүн районунун №№ 7188, 7194 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгына таасирин тактоого мүмкүндүк бербеген, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын эрк ниетине таасир берген укук бузууларды аныктаган.
Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-1, 62-беренелерине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор боюнча даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалымкат эске алынсын (1-тиркеме).
2. Аламүдүн району боюнча:
1) Аламүдүн районунун Нижняя Ала-Арча, Маевка, Пригородное, Ала-Арча, Октябрь, Васильевка, Гроздно, Ленин, Ак-Дөбө, Аламүдүн, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Таш-Дөбө, Байтик айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;
2) төмөнкү шайлоо участкаларындагы добуш берүүлөр таанылсын:
- (КР БШКнын 2013-жылдын 30-январындагы №15 токтомунун редакциясына ылайык жокко чыгарылды).
- № 2 шайлоо округунун № 7194 шайлоо участкасында жараксыз деп табылсын жана № 2 шайлоо округу боюнча Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын.
3) Аламүдүн районунун №№ 7188, 7194 участкалык шайлоо комиссиялары таркатылсын;
4) Аламүдүн районунун Нижняя Ала-Арча, Маевка, Пригородное, Ала-Арча, Октябрь, Васильевка, Гроздно, Ленин, Ак-Дөбө, Аламүдүн, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Таш-Дөбө, Байтик айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
(КР БШКнын 2013-жылдын 30-январындагы №15 токтомунун редакциясына ылайык).
3. Жайыл району боюнча:
1) Жайыл районундагы Кара-Балта шаардык кеңешинин, Полтавка, Кызыл-Дыйкан, Ак-Башат, Сары-Коо, Кара-Суу, Степное, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак, Суусамыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;
2) № 1 шайлоо округунун № 7327 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана № 1 шайлоо округу боюнча Красный Восток айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын;
3) Кара-Балта шаардык шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кара-Балта шаардык кеңешине "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан" шайланган депутаттар Молдокулова Уулбү Анарбаевна, Ирсалиев Медер Эсенгулович чыгарылсын;
- Кара-Балта шаардык кеңешине депутат болуп "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан" шайланды деп Алымкулова Роза Бекболотовна, Ниязова Анаркүл Кулназаровна таанылсын;
4) добуш берүүнүн жыйынтыкгары жана Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол ушул токтомдун 3-пунктунун 3-пунктчасын, эсепке алуу менен бекитилсин;
5) Жайыл районундагы Полтавка, Кызыл-Дыйкан, Ак-Башат, Сары-Коо, Кара-Суу, Степное, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак, Суусамыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протколдор бекитилсин;
4. Кемин району боюнча:
1) Кемин районундагы Орловка шаардык кеңешинин, Ак-Түз, Алмалы, Боролдой, Дүйшеев, Жаңы-Алыш, Ильич, Кара-Булак, Көк-Ойрок, Кызыл-Октябрь, Чоң-Кемин, Чым-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2) Кемин районундагы Орловка шаардык кеңешинин, Ак-Түз, Алмалы, Боролдой, Дүйшеев, Жаңы-Алыш, Ильич, Кара-Булак, Көк-Ойрок, Кызыл-Октябрь, Чоң-Кемин, Чым-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
5. Москва району боюнча:
1) Москва районунун Сретенка, Беловодск, Чапаев, Төлөк, Целинное, Беш-Терек, Предтеченка, 1-май, Ак-Суу, Петровка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;
2) Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 26-ноябрындагы № 16 Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин № 7281 шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө протоколу жокко чыгарылсын;
3) Москва аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун ушул токтомго ылайык келтирсин;
4) добуш берүүнүн жыйынтыктары төмөнкү шайлоо участкаларында:
- № 1 шайлоо округунун № 7273 шайлоо участкасында жараксыз деп табылсын жана № 1 шайлоо округу боюнча Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын;
- (КР БШКнын 2013-жылдын 10-январындагы №5 токтомунун редакциясына ылайык жокко чыгарылды).
5) Москва районунун Сретенка, Беловодск, Чапаев, Төлөк, Целинное, Беш-Терек, Предтеченка, 1-май, Ак-Суу, Петровка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
(КР БШКнын 2013-жылдын 10-январындагы №5 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Панфилов району боюнча:
1) Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңешинин, Вознесеновка, Фрунзе, Күрпүлдөк, Орто, Курама, Чалдыбар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын;
2) Панфилов районундагы Кайыңды шаардык кеңешинин, Вознесеновка, Фрунзе, Күрпүлдөк, Орто, Курама, Чалдыбар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
7. Сокулук району боюнча:
1). Сокулук районундагы Шопоков шаардык кеңешинин, Сокулук, Крупская, Гавриловка, Военно-Антоновка, Күнтуу, Фрунзе, Биринчи Май, Кайназарова, Кызыл-Туу, Асылбаш, Саз, Төш-Булак, Ат-Башы, Жаңы-Пахта, Нижнечуйск, Камышановка, Жаңы-Жер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын;
2) добуш берүүнүн жыйынтыктары төмөнкү шайлоо участкаларында:
- №№ 2, 3, 4 шайлоо округдарынын №№ 7230, 7231, 7233 шайлоо участкаларында жараксыз деп табылсын жана №№ 2, 3, 4 шайлоо округдары боюнча Новопавловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын;
- №№ 1, 3 шайлоо округдарынын №№ 7235, 7237 шайлоо участкаларында жараксыз деп табылсын жана №№ 1, 3 шайлоо округдары боюнча Орок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын;
3) Сокулук районунун №№ 7230, 7231, 7233, 7235, 7237 участкалык шайлоо комиссиялары таркатылсын;
4) Сокулук районундагы Шопоков шаардык кеңешинин, Сокулук, Крупская, Гавриловка, Военно-Антоновка, Күнтуу, Фрунзе, Биринчи Май, Кайназарова, Кызыл-Туу, Асылбаш, Саз, Төш-Булак, Ат-Башы, Жаңы-Пахта, Нижнечуйск, Камышановка, Жаңы-Жер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
8. Чүй району боюнча:
1) Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош-Коргон, Онбир-Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак-Бешим, Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2) Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы № 12 Чүй айылдык кеңешинин № 7057 шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө протоколу жокко чыгарылсын;
3) Чүй аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө өз протоколдорун ушул токтомго ылайык келтирсин;
4) Чүй айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол ушул токтомдун 8-пунктунун 2-пунктчасын эсепке алуу менен бекитилсин;
5) Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош-Коргон, Онбир-Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак-Бешим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
9. Ысык-Ата району боюнча:
1) Ысык-Ата районунун Кант шаардык кеңешинин, Ак-Кудук, Бирдик, Жээк, Ивановка, Интернациональное, Кең-Булуң, Кочкорбаев, Красная Речка, Логвиненко, Люксембург, Ново-Покровка, Нурманбет, Сын-Таш, Туз, Узун-Кыр, Ысык-Ата, Юрьевка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү ден табылсын.
2) Кант шаардык кеңешинин, Ысык-Ата районунун Ак-Кудук, Бирдик, Жээк, Ивановка, Интернациональное, Кең-Булуң, Кочкорбаев, Красная речка, Логвиненко, Люксембург, Ново-Покровка, Нурманбет, Сын-Таш, Туз, Узун-Кыр, Ысык-Ата, Юрьевка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
10. Төмөндөгү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер депутаттыкка шайланды деп эсептелсин (2-тиркеме).
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 27-мартындагы № 42 токтомуна ылайык № 2 тиркемесинен Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылдык кеңешинин 1, 5, 6 шайлоо округдары алып салынды
КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 28-июнундагы № 112 токтомуна ылайык № 2 тиркемесинен Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айылдык кеңешинин 2, 3-шайлоо округдары алып салынды.
Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
11. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
12. Бул токтом Сокулук районунун №№ 7230, 7231, 7233, 7235, 7237, Аламүдүн районунун №№ 7188, 7194 шайлоо участкаларында добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын саноо учурунда укук бузууга жол берген адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|