Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-июнундагы № 245-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-февралы № 45-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүндөгү өзгөрүүлөргө байланыштуу жана "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" жана "Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече - Арпа" темир жол магистралдарын куруу долбоорлорун (мындан ары - долбоорлор) ишке ашыруу максатында:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- кытай жана өзбек тараптар жана кызыкдар инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн биргелешкен изилдөөлөрдү, долбоор алдындагы жана/же долбоордук иштерди жүргүзүү үчүн эксперттик топ (мындан ары - Эксперттик топ) 1-тиркемеге ылайык курамда;
- Эксперттик топтун ишин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) 2-тиркемеге ылайык курамда.
2. Эксперттик топ ай сайын жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашырууну жүрүшү жөнүндө маалыматты Комиссиянын төрагасына берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишканалары жана уюмдары Эксперттик топтун суроо-талабы боюнча белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды беришсин жана Эксперттик топтун иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн эксперттерди жана адистерди жиберишсин.
4. Кытай жана өзбек тараптар менен, ошондой эле жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызыкдар инвесторлордун өкүлдөрү менен сүйлөшүү процесстери Эксперттик топтун өкүлдөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусунда өткөрүүлөрү белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 29-октябрындагы № 156-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
|
| 1-тиркеме |
Кытай жана өзбек тараптар жана кызыкдар инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" жана "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече-Арпа" темир жол магистралдарын куруу долбоорлорун ишке ашыруу үчүн биргелешкен изилдөөлөрдү, долбоор алдындагы жана/же долбоордук иштерди жүргүзүү үчүн эксперттик топтун КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, Эксперттик топтун жетекчиси.
Эксперттик топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш өлкөлөр департаментинин Азия биринчи бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын Магистралдык темир жолдорду долбоорлоо жана куруу боюнча дирекциянын директору.
|
| 2-тиркеме |
Эксперттик топтун ишин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри.