Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 9-сентябры № 72-р
Автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана ата мекендик автоташуучуларды колдоо максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 117-А тескемеси менен түзүлгөн «Торугарт» жана «Эркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын аймактарында терминалдарды (өткөрүүчү базаларды) долбоорлоо жана куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын тиркелген планы бекитилсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өнөр-жай, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9-сентябрындагы
№ 72-р буйругу менен
бекитилген
№ | Иш-чара | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуу аткаруучулар |
1 | 2 | 3 | 4 |
1 | Иш жүзүндөгү октук жүктөмдөрдү жана автотранспорт каражатынын жалпы иш жүзүндөгү массасын өлчөө, ошондой эле мезгилдүү жана оперативдүү таразалык контролдоону жүргүзүү максатында төмөнкүлөр сатып алынсын, орнотулсун жана ишке киргизилсин: - «Торугарт» жана лЭркештам» контролдоо-өткөрүү пункттарынын бажылык контролдоо зоналарындагы таразалык контролдоо пункттарында тараза жабдуулары; - таразалык контролдоонун жылдырып жүрүүчү пункттары. Төмөнкүдөй маселелер иштелип чыксын: - республикада таразалык контролдоо пункттарынын (ТКП) иштөөсү жана аларды автоматташтыруу жөнүндө; - ТКПнын ишин контролдоого коомдун катышуусу жөнүндө | 2 ай | ТКМ, Бажы кызматы |
2 | Максималдуу октук массасы 10 тоннадан (бир октук үчүн) ашкан автотранспорттук каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүн чектөө жөнүндө нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо. Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам маршруттары боюнча жүк ташуучу транспорттук каражаттардын максималдык массасына чектөө киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөө | 1 ай | ЭЖСМ, ТКМ, Бажы кызматы |
3 | Ушул Пландын 2-пункту боюнча чечим кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын биргелешкен 2007-жылдын 3-майындагы № 108 жана 2007-жылдын 3-майындагы № 5-4/121 лБажы органдары менен автотранспорттук каражаттардын салмагын жана көлөмүн контролдоо пункттарынын ортосундагы иштерди координациялоо жөнүндө» буйругун колдонуу маселесин кароо | 1 ай | ТКМ, Бажы кызматы |
4 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-апрелиндеги № 137-б буйругуна ылайык лНарын» ЭЭА аймагында соода-тейлөөчү борбордун курулушуна мамлекеттин финансылык катышуусун экономикалык талдоо | 3 ай | Финмин, ЭЖСМ, ТКМ, Бажы кызматы, Нарын мамоблад- министрациясы |
5 | Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам автожолдорунда жүк ташуучулар үчүн токтоочу жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте уюштуруу жөнүндө маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте иштеп чыгуу | 1 ай | ТКМ, Мамкурулуш, Мамкаттоо, Токойагенттиги, Нарын жана Ош мамобладминистрациялары
|
6 | Бишкек шаарында жүк ташуучулар үчүн токтоочу жайларды мыйзамдарда белгиленген тартипте уюштуруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу | 1 ай | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча) |
7 | Кытай Эл Республикасы менен паритеттүү жүк ташууларды аткаруу жөнүндө маселени иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасы менен КЭРдин ортосунда автомобилдердин кирүүсү, чыгуусу жана транзиттик кыймылы жөнүндө маалыматтарды ай сайын салыштырып текшерүү
| 1 ай | ТКМ, Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча), КУ »Айдоочу Коому» (макулдашуу боюнча) |
8 | Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам автожолдорунда жүк ташуучуларга карата коррупциялык аракеттердин алдын алуу боюнча сунуштарды биргелешип киргизүү | 1 ай | ИИМ, Бажы кызматы, Кыргызстан ташуучулар ассоциациясы (макулдашуу боюнча), КУ лАйдоочу Коому» (макулдашуу боюнча) |
9 | Бишкек-Нарын-Торугарт жана Ош-Сарыташ-Эркештам маршруттары боюнча жүк ташууну жүргүзүү үчүн ата мекендик жүк ташуучуларды тартуу менен мамлекеттик автомобилдик транспорттук-экспедициялык компанияны түзүү жөнүндө маселени иштеп чыгуу | 3 ай | ТКМ, Бажы кызматы, ЭЖСМ |