Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 1-июну УӨ № 422
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 788 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобонун 12-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:
Асанбеков Тилек Асанбекович, Жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фондусунун аткаруучу директору;
Мамырбеков Мейманалы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Курчап турган чөйрөнү коргоону мамлекеттик контролдоо башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу;
Умаралиев Эмилбек Бочонович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин курчап турган чөйрөнү коргоонун жана токой экосистемасын өнүктүрүүнүн Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын начальниги.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 15-январындагы № 10 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |