Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №123 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 18-декабры №788
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №395 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралуу" Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүдөй аймактык жана ведомстволук бөлүмчөлөр уюштурулсун:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл - Нарын, Чүй-Бишкек-Талас, Ош-Баткен, Жалал-Абад региондор аралык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын жана Жалал-Абад жаңгак мөмө токой экосистемасынын аймактык башкармалыгынын базаларында:
Чүй-Бишкек, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Баткен курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой экосистемасын өнүктүрүү аймактык башкармалыктар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү жергиликтүү фонддордун базаларында:
Ысык-Көл, Нарын, Чүй-Бишкек, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү жергиликтүү фонддору;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу департаментинин базасында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Аңчылыкты көзөмөлдөө жана аңчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу башкармалыгы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгынын базасында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Экологиялык мониторинг жана токой аңчылык жайгаштыруу башкармалыгы;
- Кыргыз Республикасынын Экологиялык коопсуздук борбору.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №395 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Токой экосистемасын өнүктүрүү департаменти жоюлсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин тиркелген Жобосу жана башкаруу схемасы бекитилсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги № 139 токтому;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 236 токтомунун 14-пункту;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 493 токтомунун 2-пункту.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ведомстволук бөлүмчөлөр жөнүндө жоболордун долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 788 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-июлундагы №395 токтомунун редакциясына ылайык)
┌───────────────────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу │
│ Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы │
│ боюнча мамлекеттик агенттик │
└─────────────────────────┬─────────────────────────┘
│
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│Республикалык жана жергиликтүү│ │ │Экологиялык коопсуздук борбору│
│жаратылышты коргоо жана токой ├───┼───┤ (гранттардын эсебинен) │
│ тармагын өнүктүрүү фонддору │ │ │ │
└──────────────────────────────┘ │ └──────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Экологиялык мониторинг жана │ │ │ Аңчылыкты көзөмөлдөө жана │
│ токой-аңчылык жайгаштыруу ├───┼───┤ аңчылык ресурстардын санын │
│ башкармасы │ │ │ жөнгө салуу Департамент │
└──────────────────────────────┘ │ └──────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Чүй-Бишкек аймактык │ │ │ Жалал-Абад аймактык │
│ айлана-чөйрөнү коргоо жана ├───┼───┤ айлана-чөйрөнү коргоо жана │
│ токой экосистемаларын │ │ │ токой экосистемаларын │
│ өнүктүрүү башкармасы │ │ │ өнүктүрүү башкармасы │
└──────────────────────────────┘ │ └──────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Ош аймактык айлана-чөйрөнү │ │ │Нарын аймактык айлана-чөйрөнү │
│ коргоо жана токой ├───┼───┤ коргоо жана токой │
│ экосистемаларын өнүктүрүү │ │ │ экосистемаларын өнүктүрүү │
│ башкармасы │ │ │ башкармасы │
└──────────────────────────────┘ │ └──────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Ысык-Көл аймактык │ │ │Баткен аймактык айлана-чөйрөнү│
│ айлана-чөйрөнү коргоо жана ├───┼───┤ коргоо жана токой │
│ токой экосистемаларын │ │ │ экосистемаларын өнүктүрүү │
│ өнүктүрүү башкармасы │ │ │ башкармасы │
└──────────────────────────────┘ │ └──────────────────────────────┘
┌──────────────────────────────┐ │ ┌──────────────────────────────┐
│ Талас аймактык айлана-чөйрөнү│ │ │ │
│ коргоо жана токой ├───┼───┤ "Ысык-Көл" биосфералык аймагы│
│ экосистемаларын өнүктүрүү │ │ │ │
│ башкармасы │ │ │ │
└──────────────────────────────┘ │ └──────────────────────────────┘
┌─────────────────────────┴─────────────────────────┐
│ Мамлекеттик коруктар, мамлекеттик жаратылыштык │
│ улуттук парктар, Токойду коргоо станциясы, токой │
│ чарбалар, токойчулуктар │
└───────────────────────────────────────────────────┘