Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 788 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчан турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн (2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун, 2011-жылдын 11-апрелиндеги №149 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Агенттиктин милдеттери
III. Агенттиктин функциялары
IV. Агенттиктин укуктары
V. Агенттиктин ишинин уюштурулушу
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары Агенттик) аткаруу бийлигинин системасында өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүү жана мамлекеттин экологиялык коопсуздугун камсыздоо тармагында бирдиктүү саясаттын жүргүзүлүшүн камсыздоочу мамлекеттик орган болуп эсептелет.
2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана буйруктарына, Кыргыз Республикасы катышып жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого таянат.
3. Агенттиктин борбордук аппараты, аймактык жана ведомствого караштуу подразделениелери айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы органдарынын бирдиктүү системасын түзүшөт.
4. Агенттик юридикалык жак болот. Мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилет.
5. Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- курчап турган табигый чөйрөнүн, биологиялык түрлөрдүн, токой экосистемаларынын тийиштүү сапаттык абалын камсыздоо, республикада токойлордун көлөмүн көбөйтүү, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын тармагын өнүктүрүү.
- жаратылышты пайдалануучулардын бардыгы жаратылышты коргоо мыйзамдарынын нормаларын жана талаптарын сакташын камсыздоо;
- табигый компоненттердин жана ресурстардын абалы эсепке алынышын, бааланышын, табигый ресурстарды (суу ресурстарынан башка) пайдалануу жөнгө салынышын камсыздоо;
- пландалып жаткан башкаруучулук, чарбалык жана башка иштердин айлана-чөйрөгө мүмкүн болгон терс таасиринин кесепеттерин болтурбоо;
- жаратылышты пайдалануучулар айлана-чөйрөнү коргоого, биологиялык түрлөрдү сактоого, токой экосистемаларын, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарды өнүктүрүүгө жана жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга багытталган жаратылышты коргоочу иштерди жүргүзүшүнө колдоо көрсөтүүнү камсыздоо;
- Кыргыз Республикасы катышып, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык жаратылышты коргоочу макулдашуулар, келишимдер, конвенциялар жана аларга карата протоколдор боюнча милдеттенмелер аткарылышын камсыздоо;
- экологиялык информациянын жеткиликтүүлүгүн жана бардык кызыкдар тараптардын экологиялык жактан маанилүү чечимдерди кабыл алууга жана турмушка ашырууга катышуусун камсыздоо.
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Агенттик коюлган маселелерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тармактык саясатты иштеп чыгуу чөйрөсүндө:
- айлана-чөйрөнү коргоону комплекстүү башкаруунун, биологиялык түрлөрдү сактоонун, суу ресурстарынан башка жаратылышты сарамжалдуу пайдалануунун, токой жана аңчылык чарбасын өнүктүрүүнүн сунуштарын иштеп чыгат жана мамлекеттик саясатын жүргүзөт;
- нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, анын ичинде токойдун объекттерин пайдалануунун эрежелерин, нормативдерин жана нормаларын белгилейт; - кызыкдар мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер менен бирдикте экологиялык коопсуздукту камсыздоонун стратегияларын жана саясатын, айлана-чөйрөнү коргоонун, биологиялык түрлөрдү сактоонун жана суу ресурстарынан башка табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун мамлекеттик программаларын, аймактык комплекстүү схемаларын иштеп чыгууну уюштурат;
- Кыргыз Республикасы катышып, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин жана макулдашуулардын аткарылышын өз компетенциясынын чегинде ишке ашырат;
- республиканын эл аралык глобалдык жаратылышты коргоочу конвенциялар жана келишимдер (суу ресурстарынан башка) ошондой эле донорлордун жана эл аралык уюмдардын (финансылык, техникалык) жардамы менен ишке ашырылчу долбоорлор, программалар боюнча милдеттенмелерин аткаруу боюнча жетекчилик кылат (анын ичинде башка кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор менен бирдикте);
- белгиленген тартипте чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу тармагында кызматташат;
- өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын иштерин уюштурат, жаратылыштык-коруктук делону жүргүзөт, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жана табигый объекттердин тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет;
- суу ресурстарынан башка табигый ресурстарды пайдалангандык жана айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн акы алууну ишке ашырат, ошондой эле жаратылышты коргоо максаттарына каражаттарды сарптайт;
- кызыкдар министрликтер жана администрациялык ведомстволор менен бирдикте жаратылышты пайдалануунун, биологиялык түрлөрдү сактоонун, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануунун, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, анын ичинде токойду коруунун жана пайдалануунун экономикалык механизмдерин иштеп чыгат;
- токой чарбасынын жүргүзүүнү, токой ресурстарын коргоону, пайдаланууну жана көбөйтүүнү, токойлорду өрттөн, мыйзамсыз кыюудан корууну, токойду зыянкечтерден, илдеттерден жана токойго зыян келтире турган башка иштерден коргоону уюштурат;
- мамлекеттик коргоого алынган жаратылыш объекттеринин жана жаратылыш комплекстеринин, республикалык маанидеги табигый эстеликтердин, ошондой эле өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жоголуп бараткан сейрек түрлөрүнүн эсебин алат;
- айлана-чөйрөнүн, биологиялык түрлөрдүн, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, токойдун жана тоо экосистемаларынын абалын мониторингдейт жана алар жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик банкын жүргүзөт;
- айлана-чөйрөнүн абалын анализдейт, айлана-чөйрөнүн булганышын болжолдойт жана ал жөнүндө мамлекеттик органдарга, чарбакер субъекттерге жана жарандарга эскертет;
- токой жайгаштырууну жүргүзөт жана токойлорду инвентаризациялайт;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Кызыл китебин жүргүзөт;
- министрликтер, администрациялык ведомстволор жана чарбалык субъекттер менен бирге суу ресурстарынан башка жаратылыш ресурстарын пайдалануунун, курчап турган чөйрөгө таштандыларды, булгоочу заттарды чыгаруунун жана башка зыяндуу таасирлердин жана алардын булактарынын, анын ичинде радиоактивдүү булактардын мамлекеттик эсебин жүргүзөт;
- мыйзамда белгиленген тартипте мергенчиликтин эрежелерин, нормаларын жана мөөнөттөрүн, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин алууга лимиттерди жана квоталарды белгилейт, ошондой эле балык өнөр жайынын объекттерин кармоонун мөөнөттөрүн жана нормаларын жөнгө салат;
б) координациялоо, көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө:
Агенттик айлана-чөйрөнүн корголушуна жана жаратылыш ресурстарынын (суу ресурстарынан башка) пайдаланылышына мамлекеттик контроль жүргүзөт, атап айтканда:
атмосфералык абанын корголушуна, озонду бузуучу заттарды өндүрүүгө жана колдонууга, жерди, өсүмдүктөр дүйнөсүн, жаныбарлар дүйнөсүн, балык запастарын жана алар тараган жана жашаган чөйрөнү пайдаланууга жана коргоого, токойлорду коргоого жана сактоого, өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактарынын ишине, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарына карата мамилеге жана алардын пайдаланылышына, алардын, анын ичинде, радиоактивдүү калдыктардын чек ара аркылуу ташылышына;
министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар (анын ичинде, чет өлкөлүк) төмөнкүлөрдү аткарышына мамлекеттик контроль жүргүзөт:
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын, белгиленген жаратылыштан пайдалануу эрежелерин, лимитин жана квоталарын (суу пайдалануудан башка), булганыч заттарды абага чыгаруу жана калдыктарды курчап турган табигый чөйрөгө жайгаштыруу нормативдерин аткарышына;
- пайдалуу кендерди казууда, жардыруу, жерди жүргүзүүдө, топтогучтарды, кен иштетүүдөн калган калдыктарды сактоо жайларын, террикондорду, кен калдыктарын, таштандыларды жайгаштырууда жана эксплуатациялоодо, ошондой эле геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө, мал айдап өтүүдө жана жаратылыш комплексине таасир эте турган башка иштерди аткарууда; өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын жана алардын өсүшүнө стимуляторлорду, минералдык жер семирткичтерди, башка химиялык заттарды, препараттарды, анын ичинде, колдонулушу экономиканын айрым тармактарында уруксат берилген радиоактивдүү препараттарды ташууда, сактоодо жана колдонууда; жаратылышты коргоо курулмаларын, пайдаланууда айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча талаптардын аткарылышына;
- айлана-чөйрөгө чыгарылчу булгоочу заттарды тазалоо үчүн курулмаларды, жабдууларды жана аппаратураларды куруу жана ишке киргизүү, булгоо булактарын алар чыгарчу саркындыларды контролдоо жана жөнгө салуу приборлору менен камсыздоо; жерлерди рекультивациялоо жана аны арналышы боюнча пайдаланууга өз убагында өткөрүп берүү, кыртышты, өндүрүш калдыктары, уу химикаттар жана башка химиялык (анын ичинде радиоактивдүү) заттар менен булгануудан, курулуш курууда, пайдалуу кендерди иштетүүдө, кен изилдөө иштерин жүргүзүүдө башка бузулуулардан сактоо; жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн, анын ичинде, баалууларын, ошондой эле жоголуу коркунучундагыларды жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине кирген объекттерин коруу, көбөйтүү жана калыбына келтирүү боюнча чараларды аткарышына;
- жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн кадастрынын жүргүзүлүшүнө;
- бардык чарбакер субъекттерде жаратылыш ресурстарын (суу ресурстарынан башка) пайдалануунун, булгачу заттарды чыгаруунун жана жаратылыш чөйрөсүнө өнөр жай, тиричиликтик жана башка, анын ичинде, радиоактивдүү калдыктардын башка таасирлеринин баштапкы эсеби жүргүзүлүшүнө;
- токой чарбасынын жүргүзүлүшүнө, токой фондунун эсеби алынышына, токой ресурстарын коргоонун, пайдалануунун жана көбөйтүүнүн эсеби алынышына, токойлорду өрттөн, уруксатсыз кыюудан сактоого, токойлордун зыянкечтерден, илдеттерден жана токой чарбасына зыян келтире турган башка аракеттерден корголушуна;
- жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жана алар жашаган чөйрөнүн; балык запастарынын жана алар жашаган чөйрөнүн корголушуна, көбөйтүлүшүнө жана пайдаланылышына; жапайы өскөн дары өсүмдүктөрдүн эсеби алынышына;
атмосфералык аба өндүрүштүк жана башка керектөөлөр үчүн; жер жана токой ресурстары;
- жаратылыш объекттерин өзгөртүүгө жана ландшафттарды түзүүгө байланышкан чарбалык ишти жүргүзүүдө сарамжалдуу пайдаланылышына;
- жаратылышты коргоо курулмаларынын жана түзүлүштөрүнүн абалына жана ишинин натыйжалуулугуна;
- өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын жайгаштырууга;
- Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) менен техникалык жактан кызматташат жана Кыргыз Республикасынын аткаруучу органы катары радиациялык коопсуздук жагындагы мамилелерди жөнгө салат;
- жаңы (реконструкцияланган, кеңейтилген, технологиялык жактан кайра жабдылган, жоюлуп жаткан) объекттерди кабыл алуу жана эксплуатацияга киргизүү, объекттерди жайгаштырчу орундарды тандоо жана чарбалык иш жүргүзүү үчүн жер бөлүп берүү боюнча мамлекеттик жана жумушчу комиссиялардын иштерине катышат;
- кризистүү экологиялык кырдаалдарды, экологиялык коркунучтун булактарын тез аныктоону ишке ашырат; табигый комплекстердин, флоранын жана фаунанын абалын көзөмөлдөйт;
- Кыргыз Республикасынын CITES Администрациялык органы катары жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучу алдындагы түрлөрүн эл аралык соодалоону (CITES) контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушун токтотуу жана болтурбоо боюнча өз ара байланышта иштешет.
в) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- иштин мыйзамда каралган лицензияланчу түрлөрүн жүргүзүүгө мыйзамга ылайык (суу пайдалануудан башкаларга) лицензияларды, уруксаттарды берет, аларды пайдаланууну убактылуу токтотот жана жокко чыгарат;
- мыйзамга ылайык мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзөт;
- нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун макулдашат;
г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- мыйзамга ылайык акы алынчу кызматтарды көрсөтөт:
д) ишти колдоо тармагында:
- айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы тармагына инвестицияларды жана технологияларды тартуу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- жаратылышты коргоо чараларын Айлана-чөйрөнү коргоонун жана токой чарбасын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунан белгиленген тартипте каржылайт;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык экологиялык маалыматтык системалардын алкагында экологиялык маалыматтарды жыйнайт жана алмашат;
- ведомстволук «Жер эне» гезити басып чыгарылышын уюштурат;
- Агенттиктин www.nature.kg расмий веб-сайтын иштетет;
- жаратылыш жөнүндө билимдердин пропагандаланышын жана таркатылышын уюштурат, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча конкурстарды, көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу, токой жана мергенчилик чарбаны өнүктүрүү жагындагы иш-чараларды жүргүзөт.
7. Агенттик ошондой эле ага мыйзамдар менен тапшырылган башка функцияларды аткарат.
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Агенттиктин укуктары
8. Агенттик өзүнө жүктөлгөн функцияларга ылайык төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүдөй сунуштарды киргизүүгө:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйындарында министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, чарбакер субъекттердин айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо жана табигый, токой жана аңчылык ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча отчетторун угуу жөнүндө;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жаратылышты коргоо мыйзамдарына каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө;
айлана-чөйрөнүн табигый компоненттерине, анын ичинде токой чарбасына келтирилген зыян үчүн доонун өлчөмүн эсептөө үчүн нормативдерди жана таксаларды белгиленген тартипте бекитүү жөнүндө;
- мыйзамда каралган тартипте айлана-чөйрөнү, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана жаратылыш ресурстарын (суу ресурстарынан башка) пайдалануу тармагындагы администрациялык укук бузуулар жөнүндө материалдарды кароого, күнөөлүүлөргө айыптарды салууга жана башка администрациялык жазаларды берүүгө;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын, жаратылыш ресурстарын (суу ресурстарынан башка) коргоо жана пайдалануу жагындагы стандарттарды, нормаларды жана эрежелерди бузуу менен жүргүзүлүп жаткан объекттердин курулушуна, реконструкциясына, кеңейтилишине же техникалык кайра жабдылышына жана башка жумуштарга тыюу салууга;
- эгерде эксплуатациялоо жаратылышты коргоо мыйзамдарынын, жаратылышты пайдаланууга берилген лицензиялардын жана уруксаттардын (суу пайдаланууга лицензиялардан жана уруксаттардан башкасынын) талаптарын бузуу, булгачу заттарды чыгаруунун белгиленген лимитинен ашуу менен жүргүзүлсө менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын же башка объекттердин ишине тыюу салууга, убактылуу токтотуп турууга, ошондой эле андай иштерди каржылоону токтотуу тууралуу тиешелүү органдарга сунуштарды даярдоого;
- абаны булгашы белгиленген нормадан ашкан транспорт каражаттарын жана башка жүрмө орнотмолорду жана объекттерди эксплуатациялоону жана линияга чыгарылышын токтотууга же тыюу салууга;
- экологиялык посттордун иштерин жетектөөгө;
- экологиялык жактан опурталдуу жүктөрдү (буюмдарды), чийки зат ресурстарын экологиялык нормаларды жана эрежелерди бузуу менен ташып келүүгө, ошондой эле транзиттөөгө (андан ары ташып өткөрүүгө) тыюу салууга, колдонулушу жаратылыш чөйрөсүнүн булганышына же бузулушуна алып келчү, адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна зыян келтирчү продукцияны, заттарды жана материалдарды өндүрүүгө жана пайдаланууга тыюу салууга;
- илимий уюмдар менен макулдашуу боюнча республиканын аймагында жашаган (көбөйүп жаткан) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине же адамдардын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү ташып келүүгө, чыгарып кетүүгө, кое берүүгө, таратууга жана климатташтырууга тыюу салууга;
- мыйзамсыз кармалган жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин же продукциясын (анын ичинде, токой, аңчылык жана башка), ошондой эле алардан жасалган, мыйзамда аныкталган тартипте алып коюлган буюмдарды мамлекеттик органдардан, коомдук уюмдардан жана бирикмелерден, ошондой эле жеке адамдардан сактоо же сатуу үчүн белгиленген тартипте кабыл алууга;
- жаратылышты пайдаланышкан министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, юридикалык жактардан жана жеке адамдардан айлана-чөйрөнүн абалы, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө зарыл маалыматтарды (анын ичинде, статистикалык отчет) алууга, ошондой эле чарбакер жана башка субъекттерден булгоочу заттардын ири чыгарылганы, авариялык жана өзгөчө кырдаалдар жөнүндө шашылыш маалыматтарды алууга;
- жаратылышты коргоо боюнча татаал маселелерди чечүү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу, кыйла татаал объекттерде мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү, мамлекеттик экологиялык экспертизанын натыйжалары боюнча кайчы пикирлерди кароо үчүн илимий-техникалык, эксперттик жана башка кеңештерди, топторду жана комиссияларды түзүүгө;
- тейлеген тармакта илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институттарын, ведомстволук институттарды жана башка жогорку окуу жайларды ишке тартууга;
- окумуштуулардан, коомдук ишмерлерден, өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес уюмдардын, окуу жайлардын, басма сөздүн өкүлдөрүнөн жана жарандардан түзүлчү жаратылышты коргоо боюнча консультациялык, коомдук кеңештерди түзүүгө;
- министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, чарбакер субъекттердин жетекчилерине карамагындагы объекттерде айлана-чөйрөгө булгоочу заттардын чыгарылышын контролдоо пункттарын (постторду) түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун тескөөгө;
- өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн табигый ресурстарынан пайдалангандык, чет өлкөлүк мергенчилер үчүн жапайы жаныбарларды олжологондук, айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгаргандык жана айлана-чөйрөгө калдыктарды жайгаштыргандык үчүн акы алууга;
- жаратылышты коргоо боюнча коомдук (штаттан тышкаркы) инспекторлор тармагын түзүүгө.
Агенттиктин жана анын жер-жерлердеги органдарынын кызмат адамдары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга (анын ичинде белгиленген тартипте режимдик, коргоочу), корголуучу аймактарга, ведомстволук тиешелүүлүгүнө жана менчигинин түрүнө карабастан башка объекттерге айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрлөрдү сактоо, жаратылыш ресурстарын пайдалануу мыйзамдарынын талаптары аткарылганын текшерүү үчүн мыйзамда белгиленген тартипте кирүүгө;
- жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууга пайдаланылган документтерди, куралдарды (предметтерди), транспорт каражаттарын, жаратылыштын, анын ичинде жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн мыйзамсыз алынган объекттерин мыйзамда белгиленген тартипте текшерүүгө, кароого, кармоого жана алып коюуга;
- бекитилген үлгүдөгү, айырмалоо белгилери бар форма кийим кийүүгө укуктуу жана аларга табелдик курал жана атайын каражаттарды (транспорт, байланыш каражаттары ж.б.) сактоого, алып жүрүүгө жана пайдаланууга мыйзамда белгиленген тартипте уруксат берилет.
(2010-жылдын 3-сентябрындагы №186 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.
Директор бир эле учурда:
Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча башкы мамлекеттик инспектору, Кыргыз Республикасынын Башкы токой инспектору болуп эсептелет;
Кыргыз Республикасында Жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык фондунун Башкармасынын төрагасы болот.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №149 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Агенттиктин директорунун статс-катчысы жана эки орун басары
болот.
Статс-катчыны кызматка дайындоо, бошотуу тартиби, анын функциялары жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.
Агенттиктин директорунун орун басарлары Агенттиктин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Ал жок учурда Агенттиктин директорунун милдеттерин аткаруу анын орун басарларынын бирине жүктөлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №149 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Агенттиктин директору:
- Агенттикти жалпы жетектейт жана Агенттикке жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жооп берет;
- Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамиледе Агенттиктин атынан чыгат;
- директордун орун басарларынын арасында милдеттерди бөлүштүрөт;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №149 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №149 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
- Агенттиктин борбордук аппаратынын, Агенттиктин аймактык подразделениелеринин структурасын жана штаттык тизимин мыйзамда белгиленген эмгек акы төлөө фондунун жана кызматкерлердин санынын чегинде бекитет;
- Агенттиктин борбордук аппаратынын структуралык подразделениелери, аймактык подразделениелери жөнүндө жоболорду бекитет;
- Агенттик системасынын кызматкерлерине тартиптик жазанын мыйзамда белгиленген түрлөрүн колдонот;
- Агенттиктин, ошондой эле аймактык жана ведомствого караштуу подразделениелердин мыйзамга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат;
- Агенттик системасынын кызматкерлерин "Айлана-чөйрөнү коргоо отличниги", "Мамлекеттик токой коргоо кызматында X жыл", "Мамлекеттик токой коргоо кызматында XX жыл", "Мамлекеттик токой коргоо кызматында XXX жыл", "Мамлекеттик токой коргоо кызматында ХХХХ жыл" төш белгилери, Агенттиктин ардак грамоталары, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйлайт;
- Агенттик системасынын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого аныкталган тартипте көрсөтөт;
- жаратылышты коргоо боюнча коомдук кеңештердин персоналдык курамын жана алар жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик ор-
ган менен макулдашуу боюнча Агенттиктин компетенциясына кирген айрым функционалдык милдеттерди аткаруу статс-катчыга жүктөлөт.
Агенттиктин директору Агенттик системасындагы мамлекеттик кызматчыларды жана кызматкерлерди кызматка дайындоо-бошотуу жана аларга карата мыйзамда белгиленген тартиптик мүнөздөгү чараларды колдонуу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын, бошотуу менен жазалоодон башка түрлөрүн, Агенттиктин аймактык жана ведомствого караштуу подразделениелеринин жетекчилерине өткөрүп берүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №149 токтомунун редакциясына ылайык)
11-1. Статс-катчы Агенттиктин кызматчыларын администрациялык мамлекеттик кызматтарга дайындайт, аларды кызматынан бошотот, Агенттиктин директору менен макулдашуу боюнча аларды которууну жана ротациялоону жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №149 токтомунун редакциясына ылайык)
11-2. Агенттиктин алдында коомчулук менен өз ара макулдашып аракеттенүү максатында Коомдук байкоочу кеңеш түзүлөт.
Коомдук байкоочу кеңештин иш-аракеттери мамлекеттик органдын алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-апрелиндеги №149 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Агенттикте 7 кишиден турган коллегия түзүлөт, анын курамына кирчүлөр: Директор (коллегиянын төрагасы), статс-катчы жана директордун орун басарлары коллегияга кызмат орду боюнча киришет, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү жана авиациялык же аймактык подразделениелердин жетекчилери.
Коллегия мүчөлөрүнүн персоналдык курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Агенттиктин директорунун сунушу боюнча бекитет.
Коллегия жөнүндө жобону Агенттиктин директору бекитет.
13. Агенттикти өзгөртүп уюштуруу же жоюу мыйзамда белгиленген тартипте ишке ашырылат.