КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 23-июну УӨ № 490
2010-жылдын 11-июнундагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Ош областындагы Ош, Өзгөн шаарларында, Кара-Суу жана Араван райондорунда өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө", 2010-жылдын 12-июнундагы № 69 "Кыргыз Республикасында жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялоо жөнүндө", 2010-жылдын 13-июнундагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областына өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн декреттерине ылайык, жана мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу максатында "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматына өзгөчө абал жана жарым-жартылай мобилизациялоо мезгилинде бир булактан алуу ыкмасы менен материалдык каражаттарды сатып алууну ишке ашырууга уруксат берилсин.
2. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |