Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 25-июну УӨ № 500
Мамлекеттик резервде сактоодо турган аштык буудайдын сапатын жакшыртуу жана аны өз убагында жаңылап туруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- 2006-2007-жылы сактоого коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-февралындагы № 36-б буйругуна ылайык брондон чыгарылган 13077 тонна аштык буудайды жооптуу сактоочу ишканаларга жана башка чарбакер субъекттерге тиркемеге ылайык өткөрүп берсин;
- эгинди алган жооптуу сактоочу ишканалар жана чарбакер субъекттер 2010-жылдын түшүмүнөн алынган, ГОСТ 9353-90 "Буудай. Камдоодогу жана берүүдөгү талаптар" талабына жооп берчү, 3-класстан төмөн эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес 14384,7 тонна аштык буудайды, анын ичинде: жаңыртылууга тийиш болгон 13077,0 тонна аштык буудайды жана материалдык баалуулуктарды брондон чыгаруу иретинде бергенде алынчу 10 проценттик кошумчаны түзүүчү 1307,7 тонна аштык буудайды 2010-жылдын 1-декабрына чейинки мөөнөттө мамлекеттик резервге коюшун камсыздасын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары ушул тескемеге каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-июнундагы № 500 тескемесине тиркеме |
┌─┬─────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┐
│№│Жооптуу сактоочу ишканалардын аталышы│ Саны (тонна) │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│ │ │ │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│1│"Кант-Дан-Азык" АК │ 3745,000 │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│2│"Ак-Суу Дан-Азык" АК │ 1010,000 │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│3│"Талас-Дан-Азык" АК │ 2224,000 │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│4│Кызыл-Кыя ш. "Дан" АК │ 3598,000 │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│5│"Азрат-Айыб" ААК │ 2500,000 │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤
│ │БАРДЫГЫ: │ 13077,000 │
└─┴─────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┘