Редакцияот 20.05.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ

ТЕСКЕМЕ

2010-жылдын 20-майы № 418

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 25 «Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү жөнүндө» токтомуна ылайык Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Убактылууу Өкмөтүнүн

Төрагасы

 

 

Р.Отунбаева

 

Тиркеме

Демократиялык кайра түзүүлөргө жетишүүдө жалпы улуттук ынтымакты жана биримдикти чыңдоо боюнча коммерциялык эмес уюмдардын долбоорлорунун сынагын өткөрүү боюнча комиссиянын курамы

 

Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин орун басары, комиссиянын төрагасы.

Комиссиянын мүчөлөр:

- Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин маданиятты өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин укуктук жана кадрдык иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чыгымдар башкармалыгынын начальниги;

- «Көп балалуу үй-бүлө» кайрымдуулук фондусунун төрагасы;

- «Улгайгандар үчүн ресурстук борбор» коомдук бирикмесинин директору;

- Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциасынын аткаруучу директору;

- «Коомдук технологиялар борбору» коомдук бирикмесинин директору;

- көз карандысыз тышкы эксперт, комиссиянын катчысы.