Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 24-январы № 12-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 3-декабрындагы № 669-б буйругуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда 2011-жылдын 30-январынан баштап 5-февралына чейин Дүйшөмбү шаарына (Тажикстан Республикасы) жиберилсин.
2. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер - министр | А.Атамбаев |
Тиркеме
Искандаров К.А. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
|
Майкозов К.А. | Кыргыз юстиция министринин орун басары;
|
Цурков В.Е. | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору;
|
Касмалиев А.К.
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору;
|
Абдураимов Б.Э.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
|
Касымов Ч.К.
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун директорунун орун басары;
|
Тезекбаев К.Т.
| Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Ботоев А.Б.
| Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу; |
Эсенбаев Х.А.
| Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин башкармалыгынын штабынын оперативдик бөлүмүнүн начальниги;
|
Миңбаев А.
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы;
|
Маматалиев К.К.
| Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Кыргызстандын түштүгү боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары;
|
Санников В.П. | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо бөлумүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси;
|
Ботобаев К.К. | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институтунун мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
|
Эргешев А.М. | Баткен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Бегматаев А.Б. | Чоң-Алай райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
|
Хамидов А. | Сүлүктү-Лейлек аймактык жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги.
|