Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2011-жылдын 17-февралы № 33-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 34 "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы менен байланыштарын чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскеринин подразделениелерин керектүү форма кийим менен комплектилөө максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы тиркемеге ылайык форма кийимдерди өзүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскеринин балансына акысыз өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскери ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн формалык кийимди белгиленген тартипте балансына алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул буйрук кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри | А.Атамбаев |
Тиркеме
┌─┬─────────────────────┬───────────┬─────────┬─────────┬─────────────┐
│№│ Аталышы │ Өлчөөсү │ Баасы │ Саны │ Суммасы │
├─┼─────────────────────┼───────────┼─────────┼─────────┼─────────────┤
│1│Кышкы камуфляж костюм│Комплект │1938-09 │ 215 │416690-90 │
│ │(күрмө, шым) │ │ │ │ │
├─┼─────────────────────┼───────────┼─────────┼─────────┼─────────────┤
│2│Жылуу кепка │Шт. │250-00 │ 373 │93250-00 │
├─┼─────────────────────┼───────────┼─────────┼─────────┼─────────────┤
│3│Жайкы камуфляж костюм│Комплект │778-66 │ 60 │54506-43 │
│ │(күрмө, шым) │ │ │ │ │
├─┴─────────────────────┴───────────┴─────────┴─────────┼─────────────┤
│ Бардыгы: │564447-33 │
├───────────────────────────────────────────────────────┴─────────────┤
│Беш жүз алтымыш төрт миң төрт жүз кырк жети сом 33 тыйын │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘