Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 20-январы № 34
Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,
администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү
мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча
башкаруу органдарынын, мекемелердин жана
ишканалардын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери менен байланыштарын чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 519, 2006-жылдын 2-августундагы№ 553, 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2010-жылдын 28-январындагы № 40, 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 700, 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 504, 2014-жылдын 17-мартындагы № 146, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 токтомдоруна ылайык)
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Чегарасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-статьясын, "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 жана 9-статьяларын, аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасын мамлекеттик чегарасында күзөт, мамлекеттик чегараны коргоо жана чегаралык контролдоо маселелери боюнча Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлериниин министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана ишканалар менен өз ара аракеттенүүсү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин бөлүнүштөрүн шефке алган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын тиркелген тизмеси бекитилсин.
2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери бир айлык мөөнөттө төмөндөгүлөрдү камтыган иш-чаралардын планын иштеп чыгышсын.
- Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин бирикмелерине жана бөлүктөрүнө алардын жайгашкан ордун эске алуу менен шефтик ишти камсыздоо, ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн, мекемелерди, уюмдарды, ишканаларды бекитүү;
- Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин аскер кызматчылары жана лери тарабынан чегара жанындагы райондордун калкы, ишканалардын, уюмдардын, окуу жайлардын коллективдеринин ортосундагы өз ара мамилелерди жана ишкер байланышты сактоо, чыңдоо боюнча чараларды көрүү;
- өз ара ишеним атмосферасын түзүү боюнча жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын чыңдоо, сактоо жана коргоо иштеринде катышуу;
- Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин лерине жардам көрсөтүү боюнча дайыма иштөөчү көмөк тобун түзүү;
- Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери менен биргелешкен иштерге дайыма мониторинг жүргүзүү жана баалоо.
3. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- аскерге чакырылганга чейинки жаштар арасында Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери аскердик кызматтын кадыр-баркын пропагандалоону камсыздасын;
- Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин бирикмелеринде, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде фольклордук жана өздүк көркөм чыгармачылык ансамблдардын концерт беришин, көркөм сүрөт искусствосунун жана элдик чыгармачылыктын көргөзмөлөрүн, Кыргыз Республикасынын элинин тарыхы жана маданияты боюнча лекцияларды дайыма уюштурсун;
- маданий-массалык жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүү үчүн чегара жанындагы шаарлардын, айылдардын, поселкалардын жаштарын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери аскер кызматчылары менен жолугушууларын жана маданий-массалык иш-чараларды уюштурсун.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 504 токтомдоруна ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери күзөт жана мамлекеттик чегараны коргоо, аскердик кызмат өтөөнүн маанилүүлүгү жөнүндө окуучулар арасында аскердик-патриоттук иш жүргүзсүн;
- окуу жайларындагы жаштарды аскерге чакырууга чейинки даярдоо боюнча иштерди күчөтсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 токтомуна ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринде мөөнөттүү кызмат өтөө үчүн аскерге чакырылуучуларды тандап алууну жакшыртсын;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинде жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде талапкерлерди кылдат, алдын ала тандап, атайын текшерүүдөн өткөргөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана кайтарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына мөөнөттүү кызмат өтөө үчүн аскерге чакырылуучуларды жөнөтүүнү камсыздасын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы N 377, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлерине Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио корпорациясы, жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирдикте төмөнкүлөрдү аткаруу сунушталсын:
- чегара кызматына байланыштуу маселелерди телекөрсөтүүдө, радиодо жана басма сөздө кеңири чагылдыруу;
- калк арасында аскердик-патриоттук иштердин тажрыйбасын пропагандалоо;
- Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери аскер кызматчылары үчүн адистештирилген, тематикалык телерадио берүүлөрдүн чыгарылышын практикалоо.
7. "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери менен байланыштарын чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-мартындагы № 133 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ф. Кулов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 34 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 146, 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 токтомуна ылайык)
2001-аскер бөлүгү Региондук чек ара башкармалыгы (Баткен шаары) | ||
Региондук чек ара башкармалыгы | - | "Южно-кыргызский-Цемент" ЖАКы (макулдашуу боюнча). |
2002-аскер бөлүгү Региондук чек ара башкармалыгы (Ош шаары) | ||
Региондук чек ара башкармалыгы | - | "Ош электр" ААКы (макулдашуу боюнча). |
2003-аскер бөлүгү Региондук чек ара башкармалыгы (Бишкек шаары) | ||
Региондук чек ара башкармалыгы | - | Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча). |
2021-аскер бөлүгү | ||
2021-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ААКынын филиалы "Исфана" аэропорту (макулдашуу боюнча); |
"Аксарай" чек ара заставасы | - | "Южная Нефтяная Компания" ЖАКы (макулдашуу боюнча); |
"Достук" чек ара заставасы | - | Жаңы-Жер айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Кулунду" чек ара заставасы | - | Кулунду айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Кайрагач" чек ара заставасы | - | Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Аксуу" чек ара заставасы | - | Сүлүктү шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча); |
"Көк-Таш" чек ара заставасы | - | Бешкент айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Айкөл" чек ара заставасы | - | Исфана шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча); |
"Катран" чек ара заставасы | - | Катран айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Лейлек айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча). |
2022-аскер бөлүгү (Баткен шаары) | ||
2022-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты; |
| Баткен шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), | |
| - | "РСК Банк" ААКынын Баткен облусундагы филиалы (макулдашуу боюнча); |
| - | Баткен районунун асфальт заводу (макулдашуу боюнча); |
| - | "Альфа Телеком" ЖАКынын Баткен шаарындагы региондук бөлүмчөсү (макулдашуу боюнча); |
Б.Раимбеков атындагы "Капчыгай" чек ара заставасы | - | "Кыргызтелеком" ААКынын Баткен облусундагы филиалы (макулдашуу боюнча); |
| - | Ак-Сай айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Самаркандек" чек ара заставасы | - | "ЭкоИсламикБанк - "Юг" ЖАКынын филиалы (макулдашуу боюнча); |
| - | Самаркандек айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
майор К.Абдылдаев атындагы "Коргон" чек ара заставасы | - | "Айыл банк" ААКынын Баткен шаарындагы Баткен филиалы (макулдашуу боюнча); |
| - | Кара-Бак айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Үч-Коргон токой чарбасы; |
"Карашоро" чек ара заставасы | - | Көтөрмө айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | "РСК Банк" ААКынын Баткен облусундагы филиалы (макулдашуу боюнча); |
"Кадамжай" чек ара заставасы | - | "Кадамжай сурьма комбинаты" ААК (макулдашуу боюнча); |
| - | "Ош электр" ААКынын Кадамжай райондук-энергетикалык тарамы (макулдашуу боюнча); |
"Алга" чек ара заставасы | - | Алга айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Кадамжай районунун санитардык-эпидемиялык станциясы; |
"Кайтпас" чек ара заставасы | - | Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Кадамжай районунун "Кан өнөр жай комбинаты" ААКы (макулдашуу боюнча); |
| - | Кадамжай районунун "Кыргызпочтасы" МИнин райондук бөлүмчөсү (макулдашуу боюнча); |
"Факел" чек ара заставасы | - | Ак-Турпак айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Марказ" чек ара заставасы | - | Марказ айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Кадамжай районунун "Үч-Коргон" көчмө механикалаштырылган колонна (макулдашуу боюнча); |
"Кызыл-Кыя" чек ара заставасы | - | Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча); |
| - | Кызыл-Кыя шаарынын "Агропласт" АКы (макулдашуу боюнча); |
"Чекелик" чек ара заставасы | - | Халмион айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Чарбак" чек ара заставасы | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин Баткен бассейнинин суу чарба башкармалыгы; |
| - | Кыштут айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Боз-Адыр" чек ара заставасы | - | Баткен районунун мамлекеттик администрациясы; Суу-Башы айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Актурпак" чек ара заставасы | - | Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгы; * |
| - | Төрт-Күл айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Карабак" чек ара заставасы | - | Түштүк-Батыш бажысы; |
| - | Кара-Бак айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Көк-Таш" чек ара заставасы | - | "Ош электр" ААКынын Баткен райондук-энергетикалык тарамы (макулдашуу боюнча); |
| - | Ак-Сай айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Кара" чек ара заставасы | - | Баткен районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | "Sky Mobile" (Скай Мобайл)" ЖЧКынын аймактык өнүктүрүү дирекциясы (макулдашуу боюнча). |
2023-аскер бөлүгү | ||
2023-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты; |
| - | Баткен облусу боюнча райондук суу-чарба башкармалыгы; |
| - | "Хайдаркан сымап комбинаты" ААКы (макулдашуу боюнча); |
"Бел" чек ара заставасы | - | Бирлик айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин "Ош-Баткен-Исфана" автомобиль жолунун башкармалыгы; |
"Майдан" чек ара посту | - | Майдан айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Кадамжай районунун "Үч-Коргонайылчарбатехника" АКы (макулдашуу боюнча); |
"Бүргөндү" чек ара заставасы | - | Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | "Юг-Кыргыз цемент" АКы, Кызыл-Кыя шаары (макулдашуу боюнча). |
2024-аскер бөлүгү | ||
2024-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча); |
"Карамык" чек ара заставасы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты; |
"Карашыбак" чек ара заставасы | - | Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Сарыташ" чек ара заставасы | - | Алай районунун мамлекеттик администрациясы; |
абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 токтомуна ылайык күчүн жоготту | ||
"Көк-Суу" чек ара посту | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Түштүк башкармалыгы; |
"Алай" чек ара посту | - | Түштүк-Батыш бажысы; |
"Икизяк" чек ара контролу | - | Түштүк-Батыш бажысы; |
"Кызыл-Жар" чек ара заставасы | - | Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Эшегарт" чек ара посту | - | Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Ынтымак" чек ара заставасы | - | Мамлекеттик салык кызматынын Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча түштүк региондор аралык башкармалыгы; |
"Кара-Суу" чек ара заставасы | - | Кара-Суу шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча); |
"Акбура" чек ара заставасы | - | Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Араван" чек ара заставасы | - | Араван районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Төөмоюн" чек ара заставасы | - | Ноокат районунун мамлекеттик администрациясы. |
2025-аскер бөлүгү (Нарын шаары) | ||
2025-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты; |
| - | Биринчи Май райондук администрациясы; |
"Музтөр" чек ара кызматынын бөлүмү | - | Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Торугарт" чек ара кызматынын бөлүмү | - | Кочкор районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Кароолдөбө" чек ара кызматынын бөлүмү | - | Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Кынды" чек ара кызматынын бөлүмү | - | Нарын районунун мамлекеттик администрациясы; |
өзгөчө багыттагы атайын топ | - | Нарын шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча); |
кайтаруу взводу | - | Жумгал районунун мамлекеттик администрациясы; |
материалдык-техникалык камсыздоо взводу | - | Чыгыш бажысы; |
байланыш түйүнү | - | "Кыргызтелеком" ААКынын Нарын облустук филиалы (макулдашуу боюнча). |
2026-аскер бөлүгү (Новопокровка айылы) | ||
2026-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты; |
| - | Москва районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Новопокровка айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Кемин" чек ара заставасы | - | Кемин районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Токмок" чек ара заставасы | - | Чүй районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Токмок шаарынын мэриясы (макулдашуу) боюнча); |
"Кант" чек ара заставасы | - | Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Васильевка" чек ара заставасы | - | Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Камышановка" чек ара заставасы | - | Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Степное" чек ара заставасы | - | Жайыл районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Чалдыбар" чек ара заставасы | - | Панфилов районунун мамлекеттик администрациясы. |
2027-аскер бөлүгү | ||
2027-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты; |
| - | "Кыргызтелеком" ААКнын Жалал-Абад облусундагы филиалы (макулдашуу боюнча); |
"Дейрес" чек ара заставасы | - | Аксы районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Үч-Коргон айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
Дарчыбаев атындагы чек ара заставасы | - | Аксы районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Үч-Коргон айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
Жаныбеков атындагы чек ара заставасы | - | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча); |
"Жаштык" чек ара заставасы | - | "Кыргызнефтегаз" ААКы (макулдашуу боюнча); |
"Момбеков" чек ара заставасы | - | Ноокен районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Момбеков айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Сакалды" чек ара заставасы | - | Ноокен районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Сакалды айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Сейдикум" чек ара заставасы | - | Базар-Коргон районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Сейдикум айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Сузак" чек ара заставасы | - | Сузак районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Атабеков айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Барпы" чек ара заставасы | - | Сузак районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Барпы айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Бекабад" чек ара заставасы | - | Сузак районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Атабеков айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Ношкент" чек ара заставасы | - | Ноокен районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Бүргөндү айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Кара-Дарыя" чек ара заставасы | - | Сузак районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Кара-Дарыя айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча). |
2028-аскер бөлүгү (Каракол шаары) | ||
2028-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты; |
"Карасай" чек ара кызматынын бөлүмү | - | Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Үзөңгү-Кууш" чек ара кызматынын бөлүмү | - | Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Ак-Шыйрак" чек ара кызматынын бөлүмү | - | Тоң районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Эңилчек" чек ара кызматынын бөлүмү | - | Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Каркыра" чек ара кызматынын бөлүмү | - | Түп районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Эчкили таш" чек ара кызматынын бөлүмү | - | Каракол шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча); |
"Каркыра-автожолу" чек ара контролу бөлүмү | - | Балыкчы шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча). |
2029-аскер бөлүгү | ||
2029-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты; |
Бүргө Баатыр атындагы "Арал" чек ара заставасы | - | Талас районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Чоң-Капка" чек ара заставасы | - | Манас районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Сатыкей" чек ара заставасы | - | Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясы; |
"Көк-Сай" чек ара заставасы | - | Талас шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча). |
2030-аскер бөлүгү | ||
2030-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Өрүктү айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Ала-Бука айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | "Жалал-Абад электр" ААКынын Ала-Бука райондук-энергетикалык тарамы (макулдашуу боюнча); |
"Чаткал" чек ара заставасы | - | Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы; |
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги - Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Беш-Арал мамлекеттик коругу; |
| - | Жаңы-Базар айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Каныш-Кыя айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | "Жалал-Абад электр" ААКынын Чаткал райондук-энергетикалык тарамы (макулдашуу боюнча); |
"Көк-Таш" чек ара заставасы | - | Көк-Таш айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | "Kazakhmys Gold Kyrgyzstan" ("Казахмыс Голд Кыргызстан)" ЖЧК (макулдашуу боюнча); |
"Арап" чек ара заставасы | - | "Kazakhmys Gold Kyrgyzstan" ("Казахмыс Голд Кыргызстан)" ЖЧК (макулдашуу боюнча); |
"Булак-Башы" чек ара заставасы | - | "Kazakhmys Gold Kyrgyzstan" ("Казахмыс Голд Кыргызстан)" ЖЧК (макулдашуу боюнча); |
"Көк-Серек" чек ара посту | - | Көк-Серек айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Теңги" чек ара посту | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги - Ала-Бука токой чарбасы; |
"Майская" чек ара заставасы | - | Биринчи май айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Шакафтар айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Баймак" чек ара заставасы | - | Ак-Коргон айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Балтагулов айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Ызар айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Актам" чек ара заставасы | - | Таш-Көмүр шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча); |
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги - Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Падыша-Ата мамлекеттик коругу; |
"Заркент" чек ара посту | - | Актам айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Кашка-Суу айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Кара-Жыгач айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Кара-Суу айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Жаңы-Жол айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Ак-Жол айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
"Кербен" чек ара заставасы | - | Кербен шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча); |
| - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги - Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим токой чарбасы; |
| - | "Жалал-Абад электр" ААКынын Аксы райондук-энергетикалык тарамы (макулдашуу боюнча); |
"Кош-Дөбө" чек ара заставасы | - | Аксы районунун мамлекеттик администрациясы: |
| - | Кош-Дөбө айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Кызыл-Туу айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Жерге-Тал айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Авлетим айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча); |
| - | Ак-Суу айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча). |
2063-аскер бөлүгү (Бишкек шаары) | ||
2063-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Бишкек шаарынын Ленин районунун администрациясы; |
| - | Бишкек шаарынын Свердлов районунун администрациясы; |
| - | "Кыргыз Коньягы" ЖЧК (макулдашуу боюнча). |
2064-аскер бөлүгү (Балыкчы шаары) | ||
2064-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Балыкчы шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча). |
2065-аскер бөлүгү (Ош шаары) | ||
2065-аскер бөлүгүнүн башкармалыгы | - | Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча). |