Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-январы № 8
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Токмок, Сокулук, Жайыл, Кемин, Москва, Сүлүктү, Манас, Токтогул жана Араван аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок, Сокулук, Жайыл, Кемин, Москва, Сүлүктү, Манас, Токтогул жана Араван аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтомдорунун 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттары боюнча бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп табылсын.
3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.
4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Шайлдабекова |
|
Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби | Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы |
Чүй облусу | ||||
1 | Токмок шаардык | Спутников Сергей Викторович ("Республика - Ата Журт" саясий партиясы) | Өз арызы | |
Сокулук району | ||||
2 | Ново-Павловка айылдык | Камбарова Наталья Борисовна | Өз арызы | № 104, 4.07.2013-ж. |
3 | Первомай айылдык | Караталов Докдурбек Анарбекович | Өз арызы | № 276, 28.12.2016-ж. |
4 | Шопоков шаардык | Ормонова Махбуба Ормоновна ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Сокулук АШКнын 9.01.2017-ж. № 38 чечими | № 272, 26.12.2016-ж. |
5 | Козубекова Чынарбубу Стамбековна ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | |||
Жайыл району | ||||
6 | Кара-Балта шаардык | Гасанов Алакшукур Ибрагимович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы | № 275, 28.12.2016-ж. |
Кемин району | ||||
7 | Орловка шаардык | Шакун Галина Владимировна ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы | № 263, 24.12.2016-ж. |
8 | Попов Павел Васильевич ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы | ||
Москва району | ||||
9 | Төлөк айылдык | Садыков Элчибек Саматович | Өз арызы | № 265, 24.12.2016-ж. |
10 | Шейшенов Сүйүтбек Канатбекович | Өз арызы | ||
Баткен облусу | ||||
11 | Сүлүктү шаардык | Халбеков Абдыгафар Диканбаевич ("Бүтүн-Кыргызстан" саясий партиясы) | Өз арызы | № 247, 24.12.2016-ж. |
12 | Сапарбаев Камчыбек Мурзакасымович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Өз арызы | ||
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
13 | Уч-Коргон айылдык | Мавланкулов Нурлан Ызанович | Өз арызы | № 255, 24.12.2016-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
14 | Кызыл- Өзгөрүш айылдык | Жумалиев Таласбай Тургунбекович | Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун 2013-жылдын 1-февралындагы УД-288/12.11 өкүмүнүн негизинде | № 261, 24.12.2016-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
15 | Маңгыт айылдык | Мамаева Саламат | Өз арызы | № 271, 26.12.2016-ж. |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 8 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Чүй облусу | ||||
1 | Токмок шаардык | Айтышов Канатбек Айтышович ("Республика - Ата Журт" саясий партиясы) | "Айтыш-Ата" медициналык борбору, директор | № 26, 8.12.2016-ж. |
Сокулук району | ||||
2 | Ново-Павловка айылдык | Семин Сергей Николаевич | Ново-Павловская гимназия орто мектеби, "ВИА" кружоктун жетекчиси | № 34, 30.12.2016-ж. |
Жайыл району | ||||
3 | Кара-Балта шаардык | Асанбеков Каныбек Султангазиевич ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | № 275, 28.12.2016-ж. |
Кемин району | ||||
4 | Орловка шаардык | Байсеркеев Мирлан Джумамединович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Фермер | № 1, 5.01.2017-ж. |
5 | Абдыбачаев Айбек Азатбекович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | "Сатке" ЖЧК, директор | № 2, 5.01.2017-ж. | |
Москва району | ||||
6 | Төлөк айылдык | Сатымбетов Талайбек Искакович | "Айдар" дыйкан чарбасы, мүчө | № 1, 6.01.2017-ж. |
7 | Иманалиев Азамат Джумабекович | "Азат" дыйкан чарбасы, башчы | ||
Сокулук району | ||||
8 | Превомай айылдык | Баймурзаев Баймухаммед Жусубалиевич | "ФинансКредитБанк" ААК, кредит бөлүмүнүн башчысы | № 38, 9.01.2017-ж. |
9 | Шопоков шаардык | Адранов Адылбек Укунович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | "Кыргыз темир жолу" МИ, "Филиал МТО", начальник | № 38, 9.01.2017-ж. |
10 | Тойгонбаев Камаль Мухамедович ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Убактылуу иштебейт | ||
Баткен облусу | ||||
11 | Сүлүктү шаардык | Халжигитов Алмакмат Сарыбаевич ("Бүтүн-Кыргызстан" саясий партиясы) | Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борбору, жандандыруу бөлүмүнүн башчысы | № 7, 4.01.2017-ж. |
12 | Абдиева Зийнатой Сафаровна ("Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы) | Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борбору, врач-педиатор | ||
Талас облусу | ||||
Манас району | ||||
13 | Уч-Коргон айылдык | Садырбаев Келдибек Чолпонович | Манас району, соц. фонд башкармалыгы, жетектөөчү адис | № 23, 4.01.2017-ж. |
Жалал-Абад облусу | ||||
Токтогул району | ||||
14 | Кызыл-Өзгөрүш айылдык | Мутуев Эмилбек Мейманжанович | Убактылуу иштебейт | № 17, 29.12.2016-ж. |
Ош облусу | ||||
Араван району | ||||
15 | Маңгыт айылдык | Рахманов Омарали | Араван РЭС, АХР | № 17, 29.12.2016-ж. |