Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-апрели № 76
2016-жылдын 27-мартындагы Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 25-апрелиндеги № 90 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 6-сентябрындагы № 140 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
КР Борборшайлоокомунун 2017-жылдын 10-январындагы № 8 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 11-февралындагы № 29 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.
Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Токмок шаардык кеңешинин аймагында бирдиктүү 1 шайлоо округу жана 20 шайлоо участогу түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 11 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешине "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 10 "Республика - Ата Журт" саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимдеринин жана Токмок аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун 3.1-пунктунун "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан шайланган депутаттар деп табуу тууралуу бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 11 чечимине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун 3.4-пунктунун "Республика - Ата Журт" саясий партиясынын шайланган депутаттар деп табуу тууралуу бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 10 чечимине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу, ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр менен бекитилсин.
5. Ушул токтомдун тиркемесиндеги Токмок шаардык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп таанылсын (тиркелет).
6. Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
8. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Абдраимов
| |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 76 токтомуна тиркеме | |
Токмок шаардык кеңешинин 31 мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган депутаттарынын тизмеси
№ | Саясий партиясынын аталышы | № | Фамилия, аты, атасынын аты |
1 | "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясы | 1 | Батырбек уулу Арнур |
2 | Солтобаев Тилек Асанович | ||
3 | Аилчиева Айнура | ||
4 | Бостериева Кыял Суйунучовна | ||
5 | Жусупов Мурат Зарылбекович | ||
6 | Келдибеков Нурлан Белекович | ||
7 | Даирова Дамира Джаиковна | ||
8 | Калданов Мирбек Омурбекович | ||
9 | Янахунов Ламзар Ясырович | ||
10 | Джоошбеков Максат Болотович | ||
11 | Санжуров Рахи Мусарович | ||
12 | Юнусов Рустам Магрипович | ||
13 | Усупбеков Калыс Дамирбекович | ||
14 | Нурдинов Азамат Рахимжанович | ||
2 | "Кыргызстан" саясий партиясы | 15 | Идрисов Садырбек Можинович |
16 | Исаков Рахимджан Аманович | ||
17 | Сутенова Анаркул Кояйовна | ||
18 | Чокеев Кайрат Кубанычбекович | ||
19 | Супумурзаев Бахтияр Джурабаевич | ||
20 | Кожоматова Гульжан Мукаевна | ||
21 | Тажиев Марат Болотбекович | ||
22 | Исмаилов Арли Сардиевич | ||
3 | "АК" Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы (АӨП) саясий партиясы | 23 | Джаманбаев Мырза Кермалиевич |
24 | Ханшанло Рамазан Ильясович | ||
25 | Машалаева Роза Шывасовна | ||
26 | Валирахунов Рахим Аданович | ||
27 | Джапаркулов Абыл Кавакбекович | ||
4 | "Республика-Ата Журт" саясий партиясы | 28 | Жоокаев Данияр Эмилбекович |
29 | Ступников Сергей Викторович | ||
30 | Исманов Самат Жекшеналиевич | ||
31 | Ваншу Юсуп Омарович |