Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 28-апрели УӨ № 297
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 24-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүн түзүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгү жөнүндө жобонун II бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык:
1. Бишкек шаарында 2010-жылдын 10-16-майында кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кезектеги заседаниеси өткөрүлсүн.
2. Жогоруда аталган токтом менен түзүлгөн кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн жолугушууга катышуу үчүн курамы тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын заседаниесин өткөрүү үчүн финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоого чыгымдардын сметасынын эсебинен бөлүп берсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылууу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |
Тиркеме
Асаналиев Э.А. – Кыргыз Республикансынын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, делегациянын жетекчиси,
Аламанов С.К. – Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу, делегациянын жетекчисинин орун басары,
Цурков В.Е. – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрилигинин алдындагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын директору,
Абдрахманов А.Т. – Кыргыз Распубликасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо маселелери боюнча бөлүмүнүн жкспертинин милдетин аткаруучу,
Сүйөркулов З.К. – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министригинин алдындагы Мамлекеттик катографиялык-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары-башкы инженер,
Касмалиев А.К. – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору,
Касымрв Ч.К. – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрилигин алдындагы «Кыргызгипрозем» жер жайгаштыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору биринчи орун басары,
Минбаев А.А. – Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тобунун биринчи катчысы,
Мандычев Н.И. – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик катографиялык-геодезиялык кызматынын экспедиция начальниги,
Санников В.П. – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин алдырдагы Мамлекеттик картографиялык-геодезиялык кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.