Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 31-майы № 190-б
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө жобого, ошондой эле 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын 2011-жылдын 19-мартындагы № 15 чечимине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2010- жылдын курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын материалдык жардам көрсөтүү үчүн атайын эсептин каражаттарынан төмөнкү адамдарга акчалай каражат бөлүнсүн:
Тороев Акылбек Парпиевичке – 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө;
Чолпонбаев Асылбек Султановичке – 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө.
2. Буй бвйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жанан миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |