Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы ПЖ № 39 Жарлыгы менен бекитилген |
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 177, 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 39, 2013-жылдын 8-майындагы ПЖ № 103, 2014-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 39, 2017-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 126, 2018-жылдын 2-августундагы ПЖ № 162, 2021-жылдын 15-декабрындагы ПЖ № 576 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын иштөө тартибин жөнгө салат.
(КР Президентинин 2013-жылдын 8-майындагы ПЖ № 103 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүнү координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия (мындан ары - Комиссия) курман болгондордун, жаракат алгандардын жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүндө келип чыккан социалдык проблемаларды чечүү, мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер, фонддор, жарандык сектор тарабынан аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн түзүлөт.
3. Комиссия 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди координациялоо жана алардын аткарылышын контролдоо боюнча коомдук башталышта аракеттенген коллегиялуу орган болуп саналат.
4. Комиссия өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ошондой эле ушул Жобонун негизинде жүзөгө ашырат.
2. Комиссиянын милдеттери
5. Комиссиянын милдеттери болуп 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоону төмөнкү жолдор менен уюштуруу саналат:
- аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, фонддор менен 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынын социалдык проблемаларын чечүү жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо боюнча өз ара аракеттенүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген кайрымдуулук акцияларын, башка иш-чараларды уюштуруу аркылуу жер-жерлерде келип чыккан көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүдө практикалык жардамды көрсөтүү.
3. Комиссиянын функциялары
6. Комиссия төмөндөгүдөй функцияларды ишке ашырат:
1) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо жаатында мамлекеттик саясатты жана аны жүзөгө ашырууну аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
2) курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына жардам көрсөтүү маселесинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, калктын, жарандардын өз ара аракеттенүүсүн координациялайт;
3) чет өлкөлүк мамлекеттик эмес органдар жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет;
4) жарандардын, уюмдардын жана мекемелердин кайрылууларын, каттарын жана арыздарын карайт;
5) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо боюнча коомдук жана башка уюмдардын иштерине жардам көрсөтөт;
6) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынын социалдык проблемаларын иликтеп чыгат жана болжолдойт, корутундуларды жана сунуштарды даярдайт жана аларды милдеттүү түрдө кароо үчүн тийиштүү аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберет.
4. Комиссиянын ыйгарым укуктары
7. Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу:
1) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо маселеси боюнча мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан белгиленген тартипте тийиштүү маалыматтарды суратууга;
2) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо боюнча иш-чараларды кабыл алуу үчүн мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына белгиленген тартипте тийиштүү маалыматтарды берүүгө;
3) Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдар жана уюмдар менен кызматтык кат алышууларды жүргүзүүгө;
4) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин, диний конфессиялардын жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүүгө;
5) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык жактан колдоо маселеси боюнча министрликтердин, ведомстволордун жана башка уюмдардын коллегияларынын жыйналыштарына катышууга;
6) Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүүгө жана ага мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн чакырууга, ошондой эле Комиссиянын жыйналышынын күн тартибиндеги маселелер боюнча аларды угууга.
8. Комиссия арыздарды кароонун натыйжалары боюнча атайын эсептен каражат бөлүү жөнүндө чечим кабыл алат.
(КР Президентинин 2013-жылдын 8-майындагы ПЖ № 103 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Топтоо булактары
(КР Президентинин 2013-жылдын 8-майындагы ПЖ № 103 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Комиссиянын ишин уюштуруу тартиби
(Глава КР Президентинин 2013-жылдын 8-майындагы ПЖ № 103 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Арыздар Комиссияга 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары тарабынан берилет.
11. Комиссиянын чечими менен курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарынан кайталап кароого түшкөн, мурда канааттандырылган арыздары кайталап кароого жатпайт.
Арыздарды тариздөөнүн, берүүнүн жана финансылоонун тартиби Комиссия тарабынан аныкталат.
12. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн жана 2010-жылдын6-7 апрелинде Талса, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун туугандарынын жана жабыр тарткандардын коомдук бирикмелеринин жетекчилеринин түзүлөт.
Комиссиянын ишин уюштурууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү камсыз кылат.
(КР Президентинин 2018-жылдын 2-августундагы ПЖ № 162, 2021-жылдын 23-декабрындагы ПЖ № 576 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
13. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен уюштурат, алар зарылчылыгына жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экиси катышса укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын катышпаган мүчөлөрү үчүн добуш берүүгө жол берилбейт.
Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда төрагалык кылуучунун милдеттерин Комиссиянын төрагасынын биринчи орун басары аткарат.
КР Президентинин 2021-жылдын 23-декабрындагы ПЖ №576 жарлыгынын негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ
14. Комиссиянын чечими, эгерде анын жыйналышында башкача тартип кабыл алынбаса, ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Добуштардын саны тең болуп калганда төрага кылуучунун пикири чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын чечими төрага кылуучу, жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрү кол койгон протокол менен таризделет. Кабыл алынган чечимге макул болбогон Комиссиянын мүчөсү тийиштүү катта өзгөчө пикирин билдирүүгө акылуу.
Комиссиянын чечими ал кабыл алынгандан кийин 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен тийиштүү министрликтерге, ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгына жиберилет.
(КР Президентинин 2018-жылдын 2-августундагы ПЖ № 162, 2021-жылдын 23-декабрындагы ПЖ №576 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
15. Атайын эсептин каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалымат жылына бир жолу Комиссия тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
(КР Президентинин 2014-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 39, 2018-жылдын 2-августундагы ПЖ № 162 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Комиссиянын түзүмү жана иши
(КР Президентинин 2013-жылдын 8-майындагы ПЖ № 103 Жарлыгынын редакциясына ылайык)