РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 118-б («Жалал-Абад шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо» жана «Ош шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо» долбоорлору үчүн эл аралык инвестицияларды тартуу) буйругу

Редакция19.04.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 19-апрели № 118-б

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 Жарлыгы менен бекитилген 2009-2011-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына ылайык "Жалал-Абад шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору үчүн эл аралык инвестицияларды тартуу максатында:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Жалал-Абад шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" жана "Ош шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорлору боюнча гранттык элементтерди эсептөөдө бул долбоорлорго тартылган бардык инвестицияларды эске алсын.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев