Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 123 буйругу менен бекитилген |
Туристтик тармактын өнүктүрүү боюнча
ведомстволор аралык комиссия жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 12-июнундагы № 265-б буйругунун
редакциясына ылайык)
1. Туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) бул туристтик сезонго даярдык көрүү жана өткөрүү, туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча тийиштүү чараларды иштеп чыгуу үчүн жооптуу болгон министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана туристтик ассоциациялардын иш-аракеттерин координациялоочу орган болуп саналат.
2. Комиссия өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Комиссиянын курамына төрага, төраганын орун басарлары, жооптуу катчы жана Комиссиянын мүчөлөрү кирет.
4. Комиссия тарабынан өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдер Комиссияга берилген бардык аткаруу бийлигинин органдары үчүн милдеттүү болуп саналат, эгер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзамдарында же актыларында башкача белгиленбесе.
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен кабыл алынган чечимдердин жана пландаштырылган иштердин аткарылганы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментине беришет.
5. Комиссиянын иш-аракеттерин уюштуруучулук-усулдук камсыздоону Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти ишке ашырат.
6. Комиссиянын негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасында туристтик сезонго даярдык көрүү жана өткөрүү иштерин уюштуруу жана координациялоо;
- туристтик сезонго даярдык көрүү жана өткөрүүгө карата иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын иштерин координациялоо;
- Кыргыз Республикасында туристтик сезонго даярдык көрүү жана өткөрүү, туристтик тармакты өнүктүрүүгө карата сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жиберүү;
- Комиссия кабыл алган чечимдердин аткарылышын контролдоо.
7. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- туризм чөйрөсүндөгү маселелер боюнча чараларды ишке ашырууга карата сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө;
- туризм чөйрөсүндөгү маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана административдик ведомстволорунун кызмат адамдарын Комиссиянын жыйындарында угууга;
- Ведомстволор аралык комиссиянын ишине белгиленген тартипте кызыкдар болгон органдардын кызматкерлерин тартууга;
- Комиссиянын милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка аракеттерди жасоого.
8. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын жыйынын чакырат;
- жыйындын күн тартибин аныктайт;
- Комиссиянын жыйынын алып барат;
- Комиссиянын жыйындарынын протоколдоруна кол коет;
- кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдойт;
- Комиссиянын иш-аракетине байланыштуу башка функцияларды аткарат.
9. Комиссия өз ишин ар жылдык план жана бекитилген регламентке ылайык жүргүзөт.
Комиссиянын жыйындары зарылдыгына жараша өткөрүлөт, бирок эки айда бир жолудан кем эмес.
Комиссиянын жыйындарына протокол жүргүзүлөт.
10. Комиссия мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси жыйынга катышкан шартта комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
11. Чечимдер Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк жөнөкөй добушу менен кабыл алынат. Эгерде берилген добуштар бирдей болуп калса, Комиссиянын төрагасы добуш берген чечим кабыл алынат.
12. Комиссиянын ишине кеңеш берүүчү добуш менен кызыкдар болгон мамлекеттик башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү катыша алышат.