Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 12-июну № 265-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 762 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-апрелиндеги № 123-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган буйруктун тиркемеси бул буйруктун тиркемесиндеги редакцияга ылайык берилсин;
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жободо:
3-пункттагы "төраганын орун басары" деген сөздөр "төраганын орун басарлары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестен кабыл алынган чечимдердин жана пландаштырылган иштердин аткарылганы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментине беришет.";
5-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы туризм департаменти" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
"Тиркеме
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин бөлүм начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Реслубликасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин колбашчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Бирикмелерге негизделген Кыргыз туризм ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Жибек жолу Туризм ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын ишкерлер союзунун Туризм боюнча кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мейманканалык жана ресторандык бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Курорттук-ден соолук чыңдоочу мекемелер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын жөө туризм союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Билим берүү мекемелер союзу" ассоциациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча).".