Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 21-апрели № 123-б
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 12-июнундагы № 265-б буйругунун
редакциясына ылайык)
1. Туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Тиркелген Ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобо бекитилсин.
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары Ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүшсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишкердик субъекттерине Ведомстволор аралык комиссиянын ишине көмөк көрсөтүү жана анын чечимдерин аткаруу сунуш кылынсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Тиркеме
Туристтик ишти өнүктүрүү боюнча
ведомстволор аралык комиссиянын
КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 12-июнундагы № 265-б буйругунун
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министринин орун басары - Туризм департаментинин директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин бөлүм начальниги, комиссиянын жооптуу катчысы;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык экономикалык кызматташуу департаментинин директору;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Реслубликасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскеринин колбашчысынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Бирикмелерге негизделген Кыргыз туризм ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Жибек жолу Туризм ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын ишкерлер союзунун Туризм боюнча кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мейманканалык жана ресторандык бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Курорттук-ден соолук чыңдоочу мекемелер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын жөө туризм союзунун президенти (макулдашуу боюнча);
"Билим берүү мекемелер союзу" ассоциациясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча).