Редакцияот 29.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2011-жылдын 29-июлу № 317-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 342 "Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматын өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 11-пунктун аткаруу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлери эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте тиешелүү документтерди даярдасын жана мурда Кытай Эл Республикасынын Коргоо министрлигинен алынган "Иркештам" өткөрүү пунктунда жайгашкан администрациялык имараттарды, курулмаларды жана техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын балансына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы белгилеген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган объекттерди балансына кабыл алынсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер – министри

А.Атамбаев