Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 10-апрелиндеги № 138-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 23-сентябры № 452-б
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин ортосунда эмгек, ишке орноштуруу жана эмгектик миграция чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна макулдук берилсин.
Премьер – министри | А.Атамбаев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен Азербайжан Республикасынын
Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин ортосунда эмгек, ишке орноштуруу жана
эмгектик миграция чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө
макулдашуу
Мындан ары Тараптар аталуучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги,
эмгек, ишке орноштуруу жана эмгектик миграция жагында Тараптардын ортосунда достук мамилелерди жана кызматташууну өнуктүрүүнү каалап,
мындай кызматташуу алардын жалпы таламдарына кызмат кылаарын, экономикалык жана социалдык прогресске дем берүүгө өбөлгө болоорун түшүнүп, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз ыйгарым укуктарынын алкагында жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык эмгек, ишке орноштуруу жана эмгектик миграция жаатында кызматташууну өнүктүрүшөт жана кеңейтишет.
2-берене.
Тараптардын ортосундагы кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
а) эмгек жана ишке орноштуруу көйгөйлөрүн ченемдик-укуктук жөнгө салуу;
б) социалдык-эмгектик мамилелер, анын ичинде аларды мыйзамдык жөнгө салуу, эмгекти инспекциялоо, эмгек коопсуздугу жана коргоо, эмгек талаштарын чечүү жолдору;
в) адамдык ресурстарын, анын ичинде калктын ар кайсы топторунун иш менен камсыз болушун пландаштыруу жана өнүктүрүү;
г) эмгек рыногунун маалыматтык системасы, өнүгүүгө мониторинг жана эмгек рыногундагы жигердүү саясат;
д) кесиптик даярдоо, жумушсуздарды жана иш издегендерди кайра даярдоо системасын өнүктүрүү;
е) калктын аярлуу катмарын кесиптик даярдоо жана ишке орноштуруу;
ж) эмгек миграциясы жаатындагы саясат жана улуттук эмгек рыногунда чет өлкөлүк жумушчу күчтүн катышуусун жөнгө салуу ;
з) социалдык өнөктүктү өнүктүрүү;
и) Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча эмгектин, ишке орноштуруунун жана миграциянын башка маселелери.
3-берене.
Тараптар кызматташууну төмөнкү түрлөрдө жүзөгө ашырат:
а) эмгек, ишке орноштуруу жана эмгектик миграция тармагында сунуштарды иштеп чыгуу жана талдоо жүргүзүү;
б) эмгек, ишке орноштуруу жана миграция маселелери жагында мыйзамдык жана башка ченемдик-укуктук актылар менен алмашуу;
в) маалыматтык-талдоо материалдар жана социалдык-эмгектик өнүгүү маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен алмашуу;
г) Тараптардын эксперттеринин ортосунда консультациялар;
д) Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлгөн конференцияларда, семинарларда жана башка эл аралык иш-чараларда Тараптардын эксперттеринин жана адистеринин катышуусу;
е) Тараптардын адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана иш тажрыйбасы менен алмашуу максатында стажировканы жана окууга барууларды уюштуруу;
ж) эмгек, ишке орноштуруу жана миграция маселелери боюнча эл аралык форумдарда өз ара аракеттенүү жана өз ара колдоо.
4-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашыруу максатында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен сунуштарды, программаларды жана чечимдерди жүзөгө ашыруу үчүн Тараптар жумушчу топ түзүшөт.
5-берене.
Бул Макулдашууну жүзөгө ашырууга багытталган финансылык камсыз кылуу Тараптардын тийиштүү жылга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдарында каралган каражаттарынын жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын алкагында жүзөгө ашырылат.
6-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу жагында Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
7-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протокол менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 8-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
8-берене.
Бул Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен башка Тарапты аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе, кийинки беш жылга автоматтык түрдө узартылат.
___________________ шаарында 20___-жылдын «___»________ эки нускада ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү, тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги үчүн | Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги үчүн |