Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-апрели № 138-б
1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы Эмгек жана ишке орноштуруу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбооруна мүмкүн болгон принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 452-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Мындан ары Тараптар аталуучу, Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Эмгек жана калкты социалдык коргоо министрлиги,
Эмгек жана ишке орноштуруу жагында Тараптардын ортосунда достук мамилелерди жана кызматташууну өнүктүрүүнү каалап,
Мындай кызматташуу алардын жалпы таламдарына кызмат кылаарын жана экономикалык жана социалдык прогресске дем берүүгө өбөлгө болоорун аңдап, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар өз ыйгарым укуктарынын алкагында жана өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык эмгек жана ишке орноштуруу жагында кызматташууну өнүктүрүшөт жана кеңейтишет.
2-берене.
Тараптардын ортосундагы кызматташуу төмөнкү багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
а) эмгек жана ишке орноштуруу көйгөйлөрүн ченемдик-укуктук жөнгө салуу;
б) социалдык-эмгектик мамилелер, анын ичинде аларды мыйзамдык жөнгө салуу;
в) адам ресурстарын, анын ичинде калктын ар кайсы топторунун иш менен камсыз болушун пландаштыруу жана өнүктүрүү;
г) эмгек рыногунун маалыматтык системасы, өнүгүүгө мониторинг жана эмгек рыногундагы жигердүү саясат;
д) кесиптик даярдык, жумушсуздарды жана иш издегендерди кайра даярдоо системасын өнүктүрүү;
е) калктын аялуу катмарын кесиптик даярдоо жана ишке орноштуруу;
ж) социалдык өнөктүктү өнүктүрүү;
з) Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча эмгек жана ишке орноштуруунун башка маселелери.
3-берене.
Тараптар кызматташууну төмөнкү түрлөрдө жүзөгө ашырат:
а) эмгек жана ишке орноштуруу тармагында сунуштарды иштеп чыгуу жана талдоо жүргүзүү;
б) эмгек жана ишке орноштуруу маселелери жагында мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актыларды алмашуу;
в) маалыматтык-талдоо материалдарын жана социалдык-эмгектик өнүгүү маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдүн маалыматтык-талдоо материалдары жана натыйжаларын алмашуу;
г) Тараптардын эксперттеринин ортосунда консультациялар;
д) Тараптардын мамлекеттеринин аймагында өткөрүлгөн конференцияларда, семинарларда жана башка эл аралык иш-чараларда Тараптардын эксперттеринин жана адистеринин катышуусу;
е) Тараптарынын адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында стажировканы жана окууга барууларды уюштуруу;
ж) эмгек жана ишке орноштуруу маселелери боюнча эл аралык форумдарда өз ара аракеттенүү жана өз ара колдоо.
4-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашыруу максатында Тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен сунуштарды, программаларды жана чечимдерди жүзөгө ашыруу үчүн жумушчу топ түзүшөт.
5-берене.
Бул Макулдашууну жүзөгө ашырууга багытталган финансылык камсыз кылуу Тараптар үчүн тийиштүү жылга мамлекеттик бюджетте каралган каражаттардын жана Тараптардын улуттук мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка булактардын алкагында жүзөгө ашырылат.
6-берене.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөө жана колдонуу жагында Тараптардын ортосундагы талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет.
7-берене.
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протокол менен таризделет жана ушул Макулдашуунун 8-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет.
8-берене.
Бул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү алган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Макулдашуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири да ушул Макулдашуунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 6 (алты) айдан кечиктирбестен дипломатиялык каналдар боюнча башка Тарапка анын аракетин токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбесе кийинки беш жылга автоматтык түрдө узартылат.
_______________ шаарында 20___-жылдын "___"_______________________
ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде эки нускада түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасынын
Жаштар, эмгек жана иш менен Эмгек жана калкты социалдык
камсыз кылуу министрлиги үчүн коргоо министрлиги үчүн