Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 11-декабрындагы № 602-б буйругуна ылайык Күчүн Жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 12-сентябры № 408-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташтыктын алкагында:
1. Принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгү менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 49-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев |
Долбоор
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлиги,
эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарын эске алып,
билим берүү жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулуп,
өз ара паритетке жана теңчиликтин базасында түзүлгөн билим берүү чөйрөсүндөгү калыптанып калган позитивдүү билим берүү байланыштарынын негизинде,
2006-жылдын 9-июнунда кол коюлган Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы макулдашуу 2010-жылдын 31-декабрында күчүн жоготконуна байланыштуу,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене.
Тараптар билим берүү жаатындагы кызматташтыктын кеңири, узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүүсүнө күч-аракетин жумшашат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын жалпы берүүчү мекемелеринин ортосунда түз байланыштардын түзүлүшүнө жана өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүшөт.
2-берене.
Тараптар билим берүү (анын ичинде кесиптик-техникалык билим берүү) жаатындагы маалыматтарды, документтерди жана керектүү методикалык адабияттарды алмашып турушат.
3-берене.
Тараптар өз өлкөлөрүндө уюштурулуучу эл аралык симпозиумдар, конгресстер, конференциялар жана башка ушул сыяктуу жолугушуулар тууралуу бири бирине маалымдашат, бул жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча жарыяланган илимий баяндамаларды алмашып турушат.
4-берене.
Тараптар кыргыз-кытай жана кытай-кыргыз сөздүктөрүн, ошондой эле бул тилдерди үйрөнүү боюнча окуу-методикалык адабияттардын даярдалып жана басылып чыгышын колдошот.
5-берене.
Тараптар өз өлкөлөрүндөгү педагогикалык иштин муктаждыгына ылайык, өз өлкөлөрүнүн окуу жайларында лекциялык ишти, окуу жана методикалык консультацияларды өткөрүү үчүн экинчи Тараптын тил боюнча окутуучуларын чакырышат. Окутуучулардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн баруу шарттары (транспорттук чыгымдар, жашоосу, медициналык тейлөө, эмгек акы төлөө) Тараптардын мамлекеттеринин кызыктар уюмдары ортосунда тикелей келишимдерди түзүү аркылуу жүргүзүлөт.
6-берене.
Тараптар жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык, студенттерди, илимпоздорду алмашуу жана илимий-изилдөө иштерин, ошондой эле башка иш-чараларды жүргүзүү боюнча тикелей байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүшөт.
7-берене.
Бул Макулдашууну колдонуунун мөөнөтүндө, Тараптар окуучу-стипендианттар, алардын ичинен (бакалаврлар), аспиранттар (магистрилер, докторлор) жана стажерлор, менен алмашып турушат. Ар бир жылы Тараптын башка Тараптын мамлекетине окууга жөнөтүлчү окуучу-стипендиаттарынын жалпы саны 20 адамдан ашпайт.
Студенттер (бакалаврлар), аспиранттар (магистирлер, докторлор) үчүн окуу мөөнөтү кабыл алуучу Тараптын билим берүү системасына ылайык белгиленет. Стажерлор үчүн окуу мөөнөтү 6-11 айды түзөт.
Окутуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн окуучу-стипендианттар кабыл алуучу тараптын тилин зарыл болгон деңгээлде билүүгө тийиш.
Кабыл алуучу Тараптын макулдугу менен стажерлор англис жана орус тилдердин жумуш тилдери катары колдоно алат.
Кабыл алуучу Тарап зарыл болгон учурда студенттерге тил үйрөнүү курстарынан өтүүгө мүмкүндүк берет.
Тараптар стипендианттарга талапкерлердин керектүү бардык зарыл болгон документтерин ар бир жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен берип турат, ал эми кабыл алынгандыгы тууралуу жооп ошол жылдын 15-июлунан кечиктирилбестен берилет.
Кабыл алуучу Тарап окуучу-стипендианттарды акысыз окутат жана аларга акысыз жатакана берет, аларды негизги окутуу куралдары үчүн акы төлөөдөн бошотуп, аларга ар бир Тараптын белгиленген өлчөмүнө ылайык стипендия төлөп берет, аларды өз өлкөсүнүн окуучуларына берилүүчү акысыз медициналык тейлөө менен камсыз кылат.
Жөнөтүүчү Тарап эл аралык транспорт чыгымдарын төлөп берет.
8-берене.
Бул Макулдашууну колдонуунун мөөнөтүндө Тараптар экинчи Тараптын мамлекетинин билим берүү системасын үйрөнүү жана андан аркы билим берүү жаатындагы кызматташтыкты талкуулоо үчүн бир жумалык мөөнөткө курамы 6 адамдан турган бирден делегация менен алмашып турушат.
Кабыл алуучу Тарап делегациянын тамак-ашы, жашаган жери жана транспорт боюнча чыгымдарын төлөйт, ал эми жиберүүчү Тарап эл аралык транспорт чыгымдарын төлөйт.
9-берене.
Тараптар бул Макулдашууну аткаруунун жүрүшү жөнүндө бири-бирине расмий каналдар аркылуу кабарлап турушат жана башка зарыл маалыматтарды бири бирине билдиришет.
10-берене.
Тараптардын макулдугу боюнча зарыл болгон учурда бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор өзүнчө Протоколго кол коюу менен киргизилиши мүмкүн. Бул Протокол ушул Макулдашуунун ажырагыс бир бөлүгү болууга тийиш.
11-берене.
Бул Макулдашууну колдонуу жана түшүндүрүү менен байланышкан талаш маселелер Тараптардын ортосундагы консультациялар жана сүйлөшүүлөр аркылуу чечилет.
12-берене.
Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2015-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
201_-жылдын "___" _____________ _______________ шаарында, эки нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, бардык тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ.
Пикир келишпестиктер келип чыккан учурда орус тилиндеги текст негиз катары колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасынын
Билим берүү жана илим Билим берүү
министрлиги үчүн министрлиги үчүн