Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-декабры № 602-б
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыктын алкагында:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы № 408-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
|
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлиги мындан ары Тараптар деп аталуу менен,
эки өлкөнүн улуттук мыйзамдарын эске алып, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө умтулууга таянып,
билим берүү чөйрөсүндөгү өз ара паритетке жана теңдүүлүккө негизделген калыптанган позитивдүү билим берүү байланыштарынын негизинде,
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы 2011-жылдын 14-сентябрында кол коюлган Билим берүү жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу 2015-жылдын 31-декабрында күчүн жоготкондугуна байланыштуу, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене.
Тараптар билим берүү жаатындагы кеңири, узак мөөнөттүү жана стабилдүү кызматташтык үчүн күч-аракеттерин жумшайт, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасындагы билим берүү мекемелеринин ортосундагы түз байланыштарды белгилөөнү жана өнүктүрүүнү колдоого алышат.
2-берене.
Тараптар билим берүү жаатындагы (анын ичинде кесиптик-техникалык билим берүүнү кошкондо) маалыматтарды, документтерди жана зарыл болгон методикалык адабияттарды алмаштырып турушат.
3-берене.
Тараптар өздөрүнүн өлкөлөрүндө уюштурулуучу эл аралык симпозиумдар, конгресстер, конференциялар жана башка ушул сыяктуу жолугушуулар жөнүндө бири-бирине маалымат беришет, бул жолугушуулардын жыйынтыктары боюнча жарыялануучу илимий баяндамаларды алмашып турушат.
4-берене.
Тараптар кыргыз-кытай жана кытай-кыргыз сөздүктөрүн, ошондой эле бул тилдерди үйрөнүү боюнча окуу-методикалык адабияттарды чыгарууга колдоо көрсөтүшөт.
5-берене.
Тараптар өздөрүнүн өлкөлөрүндөгү педагогикалык муктаждыктарга ылайык лекциялык иштерди, окутуу жана методикалык консультацияларды өздөрүнүн өлкөлөрүнүн окуу жайларында жүргүзүү үчүн экинчи Тараптын мамлекетинин тил мугалимдерин чакырышат. Мугалимдердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашап-туруу шарттары (транспорттук чыгымдар, жашап-туруу, медициналык тейлөө, эмгек акы төлөө) Тараптардын мамлекеттеринин кызыкдар ведомстволорунун ортосундагы тике келишимдерди түзүү аркылуу жүргүзүлөт.
6-берене.
Тараптар жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтык боюнча түз байланыштарды түзүүнү, студенттерди, окумуштууларды алмашууну жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле башка иш-чараларды жүзөгө ашырууну шыктандырат.
7-берене.
Ушул Макулдашуунун колдонулуу мезгилинде Тараптар окуучу-стипендиаттарды, анын ичинде студенттерди ("бакалавриат" программасы), аспиранттарды ("магистратура" жана "докторантура" программалары) жана стажёрлорду алмашат. Ар бир жылы окуучу-стипендиаттардын жалпы саны ар бир Тараптан экинчи Тараптын мамлекетинде 20 адамдан ашпашы керек.
Студенттер ("бакалавриат" программасы), аспиранттар ("магистратура" жана "докторантура" программалары) үчүн окутуу мөөнөтү кабыл алуучу Тараптын билим берүү системасына ылайык аныкталат. Стажерлор үчүн окутуу мөөнөтү 6-11 айды түзөт.
Окуунун, такшалманын майнаптуулугун жогорулатуу үчүн окуучу-стипендиаттар кабыл алуучу Тараптын мамлекетинин тилин зарыл болгон деңгээлде билүүсү зарыл.
Кабыл алуучу Тарап менен макулдашуу боюнча стажёрлор жумушчу тил катары англис жана орус тилин пайдалана алат.
Кабыл алуучу Тарап зарылдыгына жараша студенттерге ("бакалавриат" программасы), аспиранттарга ("магистратура" жана "докторантура" программалары) тил курсунан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Тараптар стипендиатка талапкерлердин бардык зарыл болгон документтерин ар бир жылдын 30-апрелинен кечиктирбей даярдап беришет, ал эми кабыл алуу тууралуу жооп ошол жылдын 15-июлунан кечиктирилбей келип түшүшү керек.
Кабыл алуучу Тарап окуучу-стипендиаттарды окууга, окуу куралдарын колдонууга жана ЖОЖдун жатаканасы үчүн акы төлөөдөн бошотот, өзүнүн мамлекетинде колдонулуучу эрежелердин алкагында аларга стипендия төлөйт жана медициналык жактан тейлейт.
Жиберүүчү Тарап эл аралык транспорт чыгымдарын төлөйт.
8-берене.
Ушул Макулдашууну колдонуунун аралыгында экинчи Тараптын мамлекетинде билим берүү системасын изилдөө жана билим берүү жаатында андан ары кызматташууну талкуулоо үчүн бир жумалык мөөнөткө 6 адамдан турган курамда бирден делегация менен алмашып турат.
Кабыл алуучу Тарап делегациянын тамактануусу, жашап-туруусу жана транспорту боюнча чыгымдарды төлөйт. Жиберүүчү экинчи Тараптын мамлекетинин борбор шаарына чейин баруусу жана кайтып келүүсү боюнча эл аралык транспорттук чыгымдарын төлөйт.
9-берене.
Тараптар дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашууну аткаруунун жүрүшү тууралуу бир-бирине билдирүү жиберип, зарыл болгон маалыматтарды алмашып турушат.
10-берене.
Тараптар менен макулдашуу боюнча зарылдыгына жараша ушул Макулдашууга ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу өзүнчө Протоколго кол коюу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
11-берене.
Ушул Макулдашууну колдонуу менен байланышкан талаш маселелер Тараптардын ортосунда консультацияларды жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
12-берене.
Ушул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт. Анын колдонулушу Тараптардын бири тиешелүү мезгилдин аякташына алты ай калганга чейин экинчи Тарапка ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниетин жибербесе, кийинки беш жылдык мөөнөттөргө өзүнөн өзү узартылып турат.
2015-жылдын "__" декабрында Пекин шаарында, эки түп нускада, ар бири кыргыз, кытай жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн |
| Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлиги үчүн |