Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 13-июлундагы № 347-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 23-апрели № 163
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-апрелиндеги УӨ № 7 "Электр жана жылуулук энергияга тарифтер жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин Аткаруу кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
- Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын экономикалык тескөө министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин директору.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 697-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р.Отунбаева |