Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 9-августу № 399-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б, 2014-жылдын 25-июлу № 291-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомуна ылайык, эл аралык рейтингде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртуу максатында:
1. Эл аралык рейтингде Кыргыз Республикасынын абалын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- бир айлык мөөнөттө эл аралык рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышсын;
- эл аралык рейтингде Кыргыз Республикасынын көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча тийиштүү эл аралык институттар жана уюмдар менен иш жүргүзүшсүн.
3. Жумушчу топко төмөнкү укук берилсин:
- белгиленген тартипте министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун, коомдук бирикмелердин, бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрүн, чет өлкөлүк эксперттерди жана коомдук негиздеги консультанттарды ишке тартууга;
- иш процессинде келип чыккан маселелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга.
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери жумушчу топтун ишине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук жана координациялык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун редакциясына ылайык)
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер министри Ж.К.Оторбаевге жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б буйругунун редакциясына ылайык)
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
Тиркеме
Эл аралык рейтингде Кыргыз Республикасынын абалын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун
Курамы
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-декабрындагы № 607-б, 2014-жылдын 25-июлу № 291-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин финансылык контролдоо жана коррупциянын алдын алуу башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин инвестициялык саясат жана экономика тармагын өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги - жумушчу топтун катчысы.