Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2013-жылдын 10-январындагы № 2-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 17-августу № 412-б
Мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруу боюнча басмакана түзүү максатында:
1. Мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруу боюнча басмакана түзүү үчүн ачык инвестициялык конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Рыскулова А.М. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, Комиссиянын төрагасы;
|
Бакетаев Б.К. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин финансылык контролдоо жана коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын төрагасынын орун басары.
|
Комиссия мүчөлөрү:
| |
Абдылдаев М.Ю. | - «Ата-Журт» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Арипов Н.Т. | - «Республика» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Мадылбеков Т. | - «Ата-Мекен» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Өмүрбеков К.К. | - «Ар-Намыс» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Тербишалиев Д.О. | - «КСДП» фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
|
Уезбаев У.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн транспорт жана инфраструктура секторунун башчысы;
|
Мамбеталиева Ж.Ж. | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
|
Кожошев А.О. | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Каденова З.А. | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
|
Абдраев Б.А. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары;
|
Үсөналиева Н.С. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары;
|
Асанов У.Ж. | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун аппарат жетекчиси;
|
Жоробаев Ж.С. | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин башкармалыгынын начальниги;
|
Кульжанов А.С. | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басмакана башкармалыгынын начальниги;
|
Токобаев А.М. | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин паспорттук-визалык бөлүмүнүн башчысы;
|
Байсалов Э.Э. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажылык иштерди уюштуруу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
|
Дуйшеев А.Б. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын сатып алуулар жана чарбалык камсыздоо боюнча секторунун башчысы;
|
Муканов К.А. | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин байланыш жана маалыматташтыруу башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
|
Жаналиев М.О. | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин инвестициялар башкармалыгынын донордук жардамдарды координациялоо бөлүмүнүн башкы адиси;
|
Дауталиева А.З. | «Тазатабигат» коомдук бирикмесинин жетекчиси (макулдашуу боюнча);
|
Дыйканов С.К. | «Асаба» улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Токтакунов Н.А. | «Прецедент» өнөктөштүк тобунун директору (макулдашуу боюнча). |
2. Комиссия үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- мамлекеттик маанидеги документтерди чыгаруу боюнча басмакана (мындан ары - басмакана) түзүү боюнча инвестициялык конкурстук документтерди иштеп чыксын;
- басмакана түзүү боюнча техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыксын;
- басмакана түзүү боюнча ачык инвестициялык конкурс өткөрүү жөнүндө кеңири масштабдуу маалыматтык кампанияны өткөрүүнү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында алдыда өтө турган конкурстун жүрүшүн жана жыйынтыктарын чагылдырууну камсыз кылсын;
Ачык инвестициялык конкурс өткөрсүн жана конкурстун жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Комиссияга белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын адистерин жана- көз карандысыз эксперттерди ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
5. Жаңы муундагы паспорттук документтерди паспорттук документтерди жеткирүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу (Кыргыз Республикасынын жаранынын ID-card, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын электрондук паспорту) жана калкты заманбап автоматташтырылган документтештирүү системасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын калкын мамлекеттик катоону түзүү боюнча тендер жокко чыгарылсын жана Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 128-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |