Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-ноябры № 711
Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасын жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартибин бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн иштелип чыгуучу болжолдорунун сапатын арттыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик болжолдоонун системасы (мындан ары - Система);
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн болжолдорун иштеп чыгуунун тартиби (мындан ары - Тартип).
2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана аткаруу бийлигинин башка органдары социалдык-экономикалык өнүгүүнүн тиешелүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул токтом менен бекитилген Системаны жана Тартипти жетекчиликке алышсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, илим-билим берүү уюмдарына жана мекемелерине, мамлекеттик ишканаларына, уставдык капиталында мамлекеттик үлүш 30 проценттен ашкан чарбакер субъекттерине социалдык-экономикалык өнүгүүнүн тиешелүү болжолдорун иштеп чыгууда ушул токтом менен бекитилген Системаны жана Тартипти жетекчиликке алуу сунуш кылынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-июлундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик болжолдорун иштеп чыгуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу | Ө.Бабанов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 711 токтому менен бекитилген
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-майындагы № 239 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик болжолдоо системасы (мындан ары - Система) - өлкөнү узак мөөнөткө (10 жылга жана андан ашык), орто мөөнөткө (3 жылдан 5 жылга чейин) жана кыска мөөнөткө (1 жылга чейин) өнүктүрүүнү камсыздоочу принциптерден, документтерден, процесстерден жана мамлекеттик болжолдоого катышуучулардан туруучу өз ара байланышуучу элементтердин жыйындысы.
2. Мамлекеттик болжолдоо Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатууга, жарандардын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган мамлекеттик бийлик органдарынын жана башка өлкөнү өнүктүрүү процессине катышуучулардын иш аракеттерин камтыйт.
2. Мамлекеттик болжолдоонун системасынын принциптери
3. Мамлекеттик болжолдоо системасы төмөнкү принциптерге негизделет:
1) бирдиктүүлүгү жана бүтүндүгү - мамлекеттик болжолдоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын, Мамлекеттик болжолдоо системасын уюштуруу жана түзүү принциптеринин биримдүүлүгү, мамлекеттик болжолдоо процессин ишке ашыруу тартибинин биримдүүлүгү;
2) ички теңдемдүүлүк - макроэкономикалык максаттар, милдеттер жана жыйынтыктардын көрсөткүчтөрү боюнча Мамлекеттик болжолдоо системасынын бардык документтеринин өз ара макулдашылгандыгы;
3) жыйынтыктуулук жана натыйжалуулук - макроэкономикалык максаттарды, милдеттерди жана жыйынтыктардын көрсөткүчтөрүн тандоо учурдагы жагдайдын терең талдоосуна негизделип, объективдүү түрдө рационалдуу жана ресурстарды аз гана коротуу менен көрсөтүлгөн натыйжаларга жетүү зарылдыгы болуш керек;
4) милдеттерди чечүүнүн жолдорун/ыкмаларын өз алдынча тандоо өзүнүн компетенциясынын алкагында максаттарга жетүү жана милдеттерди чечүүнүн жолдорун жана ыкмаларын тандоодо мамлекеттик болжолдоо процессинин катышуучуларынын өз алдынчалуулугу;
5) мамлекеттик болжолдоо процессинин катышуучуларынын жоопкерчилиги - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын алкагында өлкөнү өнүктүрүүнүн максаттык көрсөткүчтөрүнө карата чечилген милдеттердин жана жыйынтыктардын төмөнкү натыйжалуулугу үчүн жоопкерчиликти камсыздоо;
6) ачык-айкындуулук - экономикалык коопсуздук маселелерине тийиштүү маалыматтарды камтыган жоболорду кошпогондо, Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерин милдеттүү түрдө жарыялоо;
7) ишенимдүүлүк жана реалдуулук - мамлекеттик болжолдоо процессинде пайдаланылуучу натыйжалардын негизги көрсөткүчтөрүнүн негиздемесин кошо алганда Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтери менен белгиленген макроэкономикалык максаттарга жетүүнүн негизделген сценарийи;
8) үзгүлтүксүздүк, улантуучулук жана ырааттуулук - бул үчөө Мамлекеттик болжолдоо системасынын максаттарына жана милдеттерине жетишүүнүн ийгиликтүүлүгүн, анын иштешинин үзгүлтүксүз механизмин камсыздоону түзөт, анткени жогорку документтердин жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү төмөнкү документтердин жыйынтыгынын көрсөткүчтөрунүн максаттарынын, милдеттеринин сапаттуу жана өз учурунда жетүүсүнөн көз каранды;
9) ресурстук камсыздуулук - коюлган максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн мамлекеттик болжолдорунун негизги багыттары боюнча адамдык, башка материалдык жана материалдык эмес ресурстарды каржылоонун көлөмүн жана булактарын аныктоо.
3. Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтери
4. Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерине төмөнкүлөр кирет:
1) 3 жана андан көп жылга Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясы;
2) 3 жана андан көп жылга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн стратегиялык болжолу;
3) 1 жана андан көп жылга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасы;
4) 3 жылга жана 1 жылга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу;
5) 3 жана андан көп жылга аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялары жана программалары;
6) 3 жана андан көп жылга мамлекеттик органдарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык планы;
7) 10 жылга Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялары жана уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен улуттук компанияларды өнүктүрүү планы (5 жылга);
8) сектордук/тармактык программалар;
9) 1 жылга жана 2 жылга республикалык (жергиликтүү) бюджет.
4. Мамлекеттик болжолдоо системасынын процесси жана процесстин катышуучулары
5. Мамлекеттик болжолдоо системасынын процесси болуп иштеп чыгуу жана бекитүү, ишке ашыруу, мониторинг жүргүзүү, баалоо, оңдоп-түзөтүү, ал документтердин ишке ашырылышын контролдоо эсептелет.
Иштеп чыгуу - бул колдонуудагы Тартиптин алкагында болжолдоо процессин башкаруунун моделин/схемасын пайдалануу менен өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдорун жана макроэкономикалык болжолдоонун шаймандарын түзүү.
Мониторинг жүргүзүү - Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерин ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматтарды чогултуу, системалаштыруу, талдоо жана жалпылоо.
Баалоо - бул Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерин ишке ашыруунун жыйынтыктуулугун жана натыйжалуулугун, жетишүү деңгээлин аныктоочу шайман.
Контролдоо - Мамлекеттик болжолдоо системасынын документтерин толугу менен жана өз учурунда аткарылышына талдоо жүргүзүү, анын ичинде тартип бузууларды табуу, жок кылуу жана жол бербөө максатында пландык жана пландык эмес текшерүүлөрдү жүргүзүү.
6. Мамлекеттик болжолдоо системасынын процесстерине катышуучулар болуп мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик катышуу менен юридикалык жактар, коомдук, илимий жана жеке уюмдардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча), жеке жактар саналат.