Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-февралы № 29-б
Республиканын түштүгүндө 2010-жылдын май-июнунда кайгылуу окуялардын жүрүшүндө жабыр тарткан жарандардын үй-бүлөлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүүнү жөнгө салуу максатында:
1. Тиркемеге ылайык курамда жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топ бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 22-ноябрындагы № 295 "Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнь окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарына биринчи кезекте турак жай берүү тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун мамлекеттик органдардын, жабыр тарткан жарандардын сунуштарын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1241-V токтомун эске алуу менен иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Жумушчу топтун ишин уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекцияга жүктөлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси;
Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директорунун орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары (макулдашуу боюнча);
Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун биринчи орун басары;
Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун биринчи орун басары;
Ош шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү жана саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун катчысы.