Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-марты № 97-б
СССРдин эл артисти, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:
1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:
Асымбекова Г.Ү. | - | Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Жунусов И.К. | - | Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары; |
Токоев И.Н. | - | Чолпонбек Базарбаев атындагы коомдук фондунун башкармасынын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Осмоналиев К.О. | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Азыранкулов А.Ж. | - | Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу; |
Асанакунов М.А. | - | Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу; |
Жээнбеков С.Ш. | - | Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Муратбеков К.К. | - | Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Разаков Ж.П. | - | Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу; |
Турсунбаев А.А. | - | Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын губернатордун милдетин аткаруучу; |
Курманалиева К.А. | - | Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча); |
Оторбаев К.Т. | - | Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Осмонов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги; |
Саламатов Т.С. | - | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору; |
Базарбаева Н.С. | - | Чолпонбек Базарбаевдин жесири (макулдашуу боюнча); |
Салымбеков А.М. | - | коомдук ишмер (макулдашуу боюнча); |
Уразгельдеев Р.Х. | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча); |
Шаршенбаев М.С. | - | Кыргыз Республикасынын театр ишмерлери союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Султанбаева А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти. |
2. Чолпонбек Базарбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чаралардын планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тартылган жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме |
N | Иш-чаралар | Дата | Жооптуулар |
1 | А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин элесине арналган кайрымдуулук телемарафонун өткөрүү | 2012-жылдын 27-марты | МТМ, Ч.Базарбаев атындагы коомдук фонду, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры |
2 | Республикада балет искусствосун колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизүү | 2012-жыл ичинде | МТМ, Ч.Базарбаев атындагы коомдук фонду, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры |
3 | М.Раухвергердин "Чолпон" балетин сахнага кайрадан коюу | 2012-жыл ичинде | МТМ, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры |
4 | Маданият жана искусство жаатындагы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн атайын иштеп берүү мөөнөтү жана кадрларды бекитүү жөнүндө сунуш киргизүү | 2012-жылдын 30-марты | МТМ, Ч.Базарбаев атындагы коомдук фонду |
5 | Чолпонбек Базарбаевдин чыгармачылык иштери жөнүндө китеп чыгаруу | 2012-жыл ичинде | МТМ, Ч.Базарбаев атындагы коомдук фонду |
6 | СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин элесине арналган кайрымдуулук телемарафонуна чет өлкөлүк конокторду, расмий адамдарды, туугандарын, досторун жана маданият жана искусство ишмерлерин чакыруу | 2012-жылдын марты | Ч.Базарбаев атындагы коомдук фонду |
7 | Чолпонбек Базарбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу | 2012-жылдын марты | Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча), "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы, "Кыргыз Туусу" басма үйү, "Эркин Тоо" газетасы |