РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 97-б (Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлүш боюнча) буйругу

Редакция23.03.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 23-марты № 97-б

СССРдин эл артисти, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:

Асымбекова Г.Ү.

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Жунусов И.К.

-

Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Токоев И.Н.

-

Чолпонбек Базарбаев атындагы коомдук фондунун башкармасынын төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Осмоналиев К.О.

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Азыранкулов А.Ж.

-

Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу;

Асанакунов М.А.

-

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу;

Жээнбеков С.Ш.

-

Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Муратбеков К.К.

-

Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Разаков Ж.П.

-

Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын - губернатордун милдетин аткаруучу;

Турсунбаев А.А.

-

Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын губернатордун милдетин аткаруучу;

Курманалиева К.А.

-

Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Өмүркулов И.Ш.

-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Оторбаев К.Т.

-

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Осмонов К.А.

-

Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги;

Саламатов Т.С.

-

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору;

Базарбаева Н.С.

-

Чолпонбек Базарбаевдин жесири (макулдашуу боюнча);

Салымбеков А.М.

-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Уразгельдеев Р.Х.

-

Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);

Шаршенбаев М.С.

-

Кыргыз Республикасынын театр ишмерлери союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Султанбаева А.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти.

2. Чолпонбек Базарбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чаралардын планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан чыгымдар тартылган жана демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

 

Тиркеме

 

СССРдин эл артисти, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаевдин

элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ

 

N

Иш-чаралар

Дата

Жооптуулар

1

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин элесине арналган кайрымдуулук телемарафонун өткөрүү

2012-жылдын 27-марты

МТМ, Ч.Базарбаев атындагы коомдук фонду, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры

2

Республикада балет искусствосун колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизүү

2012-жыл ичинде

МТМ, Ч.Базарбаев атындагы коомдук фонду, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры

3

М.Раухвергердин "Чолпон" балетин сахнага кайрадан коюу

2012-жыл ичинде

МТМ, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры

4

Маданият жана искусство жаатындагы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн атайын иштеп берүү мөөнөтү жана кадрларды бекитүү жөнүндө сунуш киргизүү

2012-жылдын 30-марты

МТМ, Ч.Базарбаев атындагы коомдук фонду

5

Чолпонбек Базарбаевдин чыгармачылык иштери жөнүндө китеп чыгаруу

2012-жыл ичинде

МТМ, Ч.Базарбаев атындагы коомдук фонду

6

СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин элесине арналган кайрымдуулук телемарафонуна чет өлкөлүк конокторду, расмий адамдарды, туугандарын, досторун жана маданият жана искусство ишмерлерин чакыруу

2012-жылдын марты

Ч.Базарбаев атындагы коомдук фонду

7

Чолпонбек Базарбаевдин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө материалдарды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу

2012-жылдын марты

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча), "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиоберүү компаниясы, "Кыргыз Туусу" басма үйү, "Эркин Тоо" газетасы