Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-июнундагы № 240-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 30-марты № 118-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба байланышы жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба байланышы жөнүндө макулдашуунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан
Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы
Аба катнашы жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү;
Чикагодо кол коюу үчүн 1944-жылдын 7-декабрында ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын тараптары болуу менен;
өздөрүнүн тиешелүү аймактарынын ортосунда аба катнашын түзүү максатында Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияга толуктоо иретинде Макулдашуу түзүүнү каалашып;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Бул Макулдашуунун максаты үчүн төмөнкү терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ:
а) "Чикаго конвенциясы" Чикагодо кол коюу үчүн 1944-жылдын 7-декабрында ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана ар бир Макулдашуучу тарап үчүн тиешелүү түрдө Чикаго Конвенциясынын 90, 94-беренелерине ылайык күчүнө кирген ага ар кандай түзөтүүлөрдү жана толуктоолорду камтыйт;
б) "авиациялык бийликтер" Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине же Кыргыз Республиканын авиациялык бийликтер же аталган министрликтин функциясын ишке ашырууга ыйгарым укуктуу каалаган башка органды жана Азербайжан Республикасына карата - Азербайжан Республикасынын Транспорт министрлигин же Азербайжан Республикасынын авиациялык бийликтеринин же аталган министрликтин азыркы учурда функцияларын ишке ашырууга ыйгарым укуктуу каалаган башка органын билдирет;
в) "дайындалган авиаташуучу" ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалган жана уруксат берилген авиаташуучуну билдирет;
г) "аймак" Макулдашуучу тараптарга карата Чикаго конвенциясынын 2-беренесинде аныкталган мааниге ээ;
д) "Макулдашуучу тараптардын аймагы" Кыргыз Республикасынын аймагын жана Азербайжан Республикасынын аймагын билдирет;
е) "аба аркылуу ташуу" "эл аралык аба аркылуу ташуу", "авиаташуучу" жана "коммерциялык эмес максаттар менен токтоо" Чикаго конвенциясынын 96-беренесинин а), Ь), с), d) пункттарында келтирилген терминдерди тиешелүү түрдө түшүндүрөт;
ж) "ушул Макулдашуу" ушул Макулдашууну, ошондой эле ага тиркемелерди жана ондоолорду билдирет;
з) "тариф" төмөнкүлөрдү билдирет:
(1) жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү (почтаны кошпогондо) ташууга белгиленген бааны;
(2) алынган же ушундай ташууга байланышы мүмкүн болгон кошумча товарга, кызмат көрсөтүүгө же андан келип чыккан башка пайдага бааны, ушул бааны колдонууну жөнгө салуучу же ушундай товар, кызмат көрсөтүү, же пайда алуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт;
(3) билеттерди сатуу же расписание боюнча жүк ташууга жүк накладнойлорун толтуруу үчүн агентке төлөнүүчү авиаташуучу тарабынан төлөнүүчү комиссиялык жыйымдардын өлчөмү;
к) "керектөөчү баа" Макулдашуучу тараптардын аймагында көрсөтүлгөн аэропорттук жана аэронавигациялык каражаттарды, жабдыктарды, обьекттерди, ошондой эле аэропорттук жана аэронавигациялык кызматтарды пайдалангандыгы үчүн тиешелүү Макулдашуучу тарап тарабынан бааны же уруксат берилген бааны билдирет, ага аба кемелерин, экипаждарын, жүргүнчүлөрүн жана жүктөрдү тейлөө боюнча тиешелүү кызматтар кирет;
л) "сыйымдуулук" төмөнкүлөрдү билдирет:
(1) аба кемесине карата - макулдашылган маршрут боюнча колдонула турган аба кемесинин пайдалуу жүктөлүшү;
(2) макулдашылган маршрутка карата - көрсөтүлгөн убакыттын ичинде макулдашылган маршрут боюнча аба кемеси тарабынан аткарылган учуунун жыштыгына көбөйтүлгөн, ушул макулдашылган маршруттар боюнча колдонулган аба кемесинин сыйымдуулугуна барабар жүк ташуунун көлөмүн;
м) "жүргүнчүлөр агымы", "жүктөрдүн агымы" - макулдашылган маршрут боюнча жүргөн жүргүнчүлөрдүн, жүктөрдүн жана/же почталардын саны жана/же көлөмүн.
2-берене. Чикаго конвенциясын колдонуу
Ушул Макулдашуунун жоболору Чикаго конвенциясынын жоболоруна эл аралык аба ташууларына карата колдонула турган деңгээлде баш ийет.
3-берене. Укуктарды берүү
1) Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка эл аралык аба ташууларына карата төмөнкүдөй укуктарды берет:
(а) кондурбастан, өздөрүнүн аймагы аркылуу учуу укугун;
(б) коммерциялык эмес максаттар менен өздөрүнүн аймагына конуу укугун;
(в) конуу жана жүргүнчүлөрдү түшүрүү почтаны кошкондо, жүктөрдү жүктөө жана түшүрүү максатында, ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн (мындан ары - тиешелүү түрдө "макулдашылган ташуулар" жана "макулдашылган маршруттар") пункттарында маршрут боюнча учуу жана өз аймактарына конуу укугун;
2) Ушул Макулдашууда бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучуга жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга укук берилбейт, буга почта, жалдоо төмөнкүлөргө сый акы берүү кирет:
(а) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы пункттардын ортосунда;
(б) эгерде Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда башкача макулдашылбаса, ортоңку аралык пункттардын чегинде же экинчи Макулдашуучу тараптын аймагынын пункттарынын ортосунда;
3) эгерде куралдуу жаңжалдардан, саясий толкундардан же башка форс-мажордук жагдайлардан улам бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусу өзүнүн макулдашылган маршруту боюнча учууларды аткара албаса, экинчи Макулдашуучу тарап тийиштүү түрдө убактылуу макулдашылган башка маршрут боюнча учууну улантууну камсыздоо үчүн бардык күч-аракеттерин жумшайт.
4-берене. Авиаташуучуларды дайындоо жана дайындалган
авиаташуучуларга уруксаттарды берүү
1) Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар менен жазуу жүзүндө кабарлоо менен макулдашылган маршруттар боюнча макулдашылган ташууларды ишке ашыруу максатында бир же бир нече авиаташуучуларды дайындоого укуктуу.
2) Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар менен жазуу жүзүндө кабар жиберүү аркылуу дайындалган авиаташуучуга берилген өз дайындоосун чакырып алууга же шартын өзгөртүүгө укуктуу.
3) Мындай дайындоо жөнүндө билдирүү алган экинчи Макулдашуучу тарап ушул берененин 4-пунктунун жоболоруна ылайык, тез арада экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусуна тиешелүү уруксаттарды берет.
4) Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги экинчи Макулдашуучу тарап дайындаган авиаташуучудан Чикаго конвенциясынын жоболоруна ылайык, эл аралык учууларды жана эл аралык аба ташууларын аткарууда авиаташуучу ушул авиациялык бийликтер колдонуучу мыйзамдар менен эрежелердин шарттарын аткарууга жөндөмдүү экендигин далилдеп берүүсүн талап кыла алат.
5) Ар бир Макулдашуучу тарап ушул берененин 3) пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды берүүдөн баш тартууга же дайындалган авиаташуучуга ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды колдонуу керек деп эсептесе, ушундай шарттарды аткарууну талап кылууга укуктуу. Эмне болгон учурда да, Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусунун үстүнөн артыкчылыктуу ээлик кылуу жана чыныгы контролдоо экинчи Макулдашуучу тарапка же ошол тараптын жарандарына тиешелүү экендиги жөнүндө далилдерге ээ эмес.
6) Ушул берененин 3) пунктуна ылайык берилген уруксаты бар ар бир дайындалган авиаташуучу Макулдашуунун 7-беренесине ылайык, тариф белгиленген шартта каалаган мезгилде макулдашылган маршрут боюнча макулдашылган ташууларды баштай алат.
5-берене. Эксплуатациялык уруксаттарды жоюу же токтото туруу
1) Ар бир Макулдашуучу тарап Макулдашуунун 3-беренесинин 2) пунктунда көрсөтүлгөн же экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусуна берилген эксплуатациялык уруксаттарды жана укуктарды жоюуга жана токтото турууга, же ушул укуктарды жана уруксаттарды колдонуу керек деп эсептеген шарттарды аткарууну талап кылууга укугу бар. Эгерде:
а) экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусунун үстүнөн артыкчылыктуу ээлик кылуу же чыныгы контролдоо ошол экинчи Макулдашуучу тарапка тиешелүү болбосо;
б) экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусу эксплуатациялык уруксаттарды жана укуктарды берүүчү Макулдашылган тараптын мыйзамдарын жана эрежелерин аткарбаса;
в) дайындалган авиаташуучу ушул Макулдашуунун кандайдыр бир шарттарын аткарбаса.
2) Ушул берененин 1) пунктунда эскертилген шарттарды тез арада жоюу, токтото туруу же аткарууну талап кылуу мыйзамдарды же эрежелерди андан аркы бузуулардын алдын алуу үчүн зарыл болуп саналбаса, анда 1) пунктта айтылган укук экинчи Макулдашуучу тарап менен консультацияларды жүргүзүүдөн кийин гана колдонулат. Мындай консультациялар Макулдашуучу тараптардын авиаташуучуларынын ортосунда экинчи Макулдашуучу тараптан жиберилген жазуу түрүндө суроо-талап болгон күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде башталат.
6-берене. Макулдашылган маршрут боюнча макулдашылган ташууларды
ишке ашыруунун шарттары
1) Макулдашылган тараптардын дайындалган авиаташуучуларына макулдашылган маршруттардын эксплуатациясынын адилеттүү жана бирдей шарттары берилет.
2) Макулдашылган маршрут боюнча макулдашылган ташууларды ишке ашырууда ар бир Макулдашуучу тараптын авиаташуучулары макулдашылган маршрут боюнча ташуулардагы зарылдыктарды эске алышат жана ошол көлөмдөгү аба кемесин колдонушат, же макулдашылган маршрут боюнча жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн агымынын сунушталган көлөмүнө, экономикалык ылайыктуу жүктөөлөрдүн коэффициентине жана учуулардын жыштыгына жооп берген колдонулуучу аба кемесинин көлөмүн колдонушат.
7-берене. Тарифтер
1) Макулдашылган эки тараптын аймактарынын ортосундагы ташуулар үчүн дайындалган авиаташуучулар колдонгон тарифтер, аба транспортунун керектөөчүлөрүнүн кызыкчылыктарын, эксплуатациялык чыгымдарды, акылга сыйымдуу пайданы жана рынок шарттарын камтыган бардык тиешелүү факторлорду эске алып, экономикалык ылайыктуу деңгээлде белгиленет.
2) Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусу же тараптардын авиациялык бийликтери эки тараптын авиациялык бийликтери тарабынан макулдашылган мындай тариф күчүнө киргенге чейин, кеминде 30 (отуз) күндүн ичинде эксплуатация кылуучу макулдашылган маршруттар боюнча макулдашылган ташууларды ишке ашырууда колдонулуучу тарифтери экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине берилет.
3) Эгер Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери алардын жактыруусуна сунушталган тарифтерди бекитүүдөн баш тартып, ал жөнүндө алар кызыкдар болгон авиациялык бийликтерге кароого тариф берилген күндөн баштап, 20 (жыйырма) күндүн ичинде жазуу түрүндө маалымдашпаса, сунушталган тариф 21 (жыйырма бир) күн өткөндөн кийин бекитилген болуп эсептелет.
4) Эгер сунушталган тариф өтө чоң көлөмдө болсо же аны колдонуу Макулдашып жаткан тараптын белгиленген авиаташуучуларына же макулдашылган маршрут боюнча эл аралык ташууларды жүргүзүп жаткан башка авиаташуучуларга зыян келтире турган болсо, Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусунун кароосуна берилген тарифти бир тараптуу четке кагууга эч нерсе тоскоол боло албайт.
5) Эгерде башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусу колдонгон тариф чоң көлөмдө болсо же башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусуна же бул макулдашылган маршрут боюнча эл аралык аба ташууларын жүргүзүүчү авиаташуучуларга зыян келтире турган болсо, бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери тарифтерди кароого алган күндөн баштап 20 (жыйырма) күндүн ичинде башка Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери менен консультация жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай консультациялар, консультация сураган күндөн кийин 21 (жыйырма бир) күндүн ичинде аяктайт жана эгерде эки Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери тарабынан башка макулдашуу болбосо, тариф мындай мезгилдин аягында күчүнө кирет.
6) Бир Макулдашуучу тараптан дайындалган авиаташуучусу башка Макулдашуучу тараптын аймагынын жана үчүнчү мамлекеттин аймагынын ортосунда ташуу үчүн белгиленген тарифтер ушул башка Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери тарабынан бекитилүүгө тийиш. Эгерде мындай бекитилген тариф жоюлган болсо, же мындай бекитүүнүн шарттары өзгөртүлсө, ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери өзүлөрүнүн бекиткен тарифтерин чакырып алууга укуктуу.
7) Ушул беренеге ылайык белгиленген тарифтер, ушул берененин шарттарына ылайык белгиленген жаңы тарифтер менен алмаштырылганга чейин күчүндө калат. Эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда башка макулдашуу болбосо, тарифтин колдонуу мөөнөтү, анын колдонуу мөөнөтүнүн датасы бүткөндөн кийин 12 (он эки) айдан көп мезгилге узартылбайт.
8-берене. Салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу
жыйымдардан бошотуу
1) Макулдашуучу тараптын биринин дайындалган авиаташуучусунун эл аралык аба ташууларда колдонулган аба кемеси, ошондой эле анын тетиктери, күйүүчү жана майлоочу майларынын запастары, бул аба кемесинин бортундагы борттук запастары (азык-түлүктөрдү, суусундуктарды жана тамеки азыктарын кошкондо) башка Макулдашуучу тараптардын аймагына учуп келгенде бул жабдуулар, запастык бөлүктөр жана борттук запастар кайра өз аймагына учуп кетүү мөөнөтүнө чейин бул аба кемесинин бортунда болуусунун же аларды аба кемесинин ушул аймакта учкан учурунда колдонгон шарты менен салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
2) Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркына негизделген жыйымдардан сырткары, бул берененин 1) пунктунда эскертилген төмөнкү тетиктер салыктардан, алымдардан жана жыйымдардан бошотулат:
а) Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиаташуучусунун макулдашылган ташууларына тартылган аба кемесинин кайра өз аймагына кетүүсү же учуусунун учурунда колдонуу үчүн арналган жана Макулдашуучу тараптын аймаганда аба кемесинин бортуна алынган борттук запастар;
б) Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиаташуучусунун эл аралык аба ташууларына тартылган аба кемесин ондоо жана техникалык жактан тейлөө үчүн керектөө максатында башка Макулдашуучу тараптын аймагына алынып келинген запастык тетиктер, буга кыймылдаткычтар кирет;
в) Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусунун макулдашылган аба ташууларына тартылган аба кемесинин бортунда пайдалануу үчүн башка Макулдашуучу тараптын аймагына киргизилген же алынып келинген күйүүчү, майлоочу жана сарпталуучу материалдар, мындай запастар алар бортко алынган Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу өтүүчү маршруттун участогунда пайдаланууга дайындалган учурда дагы;
3) Бул берененин 1) жана 2) пункттарында көрсөтүлгөн материалдар тиешелүү Макулдашуучу тараптын бажы органдарынын талаптарына ылайык, бажы көзөмөлүнө же контролуна алынат.
4) Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусу пайдаланган аба кемесинин бортунда сакталган борттук тетиктер, мүлк, борттук запастар жана запастагы тетиктер, Макулдашылган экинчи тараптын бажы органдарынын уруксаты менен гана ошол тараптын аймагына аба кемесинин бортунан түшүрүлөт. Мындай учурда, аларды экинчи Макулдашуучу тараптын бажы эрежелерине ылайык аймагынан чыгарып кетүү же пайдалануу мөөнөтүнө чейин, ошол бийликтин көзөмөлүндө болууга тийиш.
5) Бул Макулдашуунун 1) жана 2) пункттарында көрсөтүлгөн салыктардан жана алымдардан бошотуулар Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусу экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына 1) жана 2) пункта көрсөтүлгөн тетиктерди жана запастарды заем же ташуулар үчүн ушундай эле жеңилдетүүлөргө ээ болгон башка авиаташуучу менен контракт түзгөн учурда да колдонулат.
6) Учуулардын расписаниеси, авиабилеттер жана жүктөрдүн накладной барактары сыяктуу Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусунун пайдалануусу үчүн каралган документтер Макулдашуучу башка тараптын аймагына кирүүдө алынуучу салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
7) Макулдашуучу ар бир тараптын дайындалган өкүлчүлүгүнүн иштөөсү үчүн зарыл болгон өкүлчүлүк жайларынын жабдуулары, транспорттук каражаттар, ошондой эле аэродромдо пайдалануучу каражаттар, компьютердик тетиктер жана программалар байланыш каражаттары, запастык тетиктер жана башка жабдуулар, каражаттар жана материалдар экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына алынып келингенде, тетиктер Макулдашуучу тараптардын бекитилген авиаташуучуларынын өкүлчүлүктөрүнүн иш жүзүндөгү же негиздүү эсептелген муктаждыктарынын көлөмүнөн же санынан ашып кетпеген шартта, салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
8) Ар бир Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиташуучусунун менчиги экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына кирген учурда бул Макулдашуучу тараптын аймагында алынуучу салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
9) Макулдашуучу тараптын биринин аймагы аркылуу түз транзит менен өтүүчү жана ушул максат үчүн бөлүнгөн аэропорттун секторунан чыгарылбаган жүргүнчүлөр, багаж жана жүк авиациялык коопсуздуктун талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүүлөрдөн башка, жеңилдетилген гана контролго алынууга тийиш. Түз транзит менен өтүүчү багаж жана жүк салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
9-берене. Авиациялык коопсуздук
1) 1963-жылдын 14-сентябрында Токио шаарында кол коюлган Аба кемелеринин бортундагы кылмыш жана башка акттар жөнүндөгү конвенциянын жобосу, 1970-жылдын 16-декабрында Гаага шаарында кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу жөнүндөгү конвенция, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреаль шаарында кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актылар менен күрөшүү жөнүндөгү конвенция жана 1988-жылдын 24-февралында Монреаль шаарында кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияны тейлөөчү аэропорттордогу мыйзамсыз зомбулук актыларына каршы күрөшүү протоколу, Макулдашуучу эки тарапка бирдей колдонулат жана бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүнүн бири болуп саналат.
2) Макулдашуучу тараптар аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу, жарандык авиациянын иштерине кийлигишүү, аба кемелерге, жүргүнчүлөргө, экипаждын мүчөлөрүнө, аэропорттун, аэронавигациялык каражаттарга же башка жарандык авиация объекттеринин коопсуздугуна шек келтирген учурларда бири бирине зарыл жардамдарды көрсөтүшөт.
3) Макулдашуучу тараптар Чикаго конвенциясынын 17-тиркемесиндеги берилген стандарттарга ылайык иштейт. Макулдашуучу ар бир тарап аба кемесин пайдалануучулардан иш аткаруудагы негизги ордун, же Макулдашуучу экинчи тараптын аймагындагы туруктуу ордун, ошондой эле аэропортторду пайдалануучулардын өз аймагында жогоруда аталган Чикаго конвенциясынын тиркемесинин жоболорун сактоону талап кылат. Бул пунктта Чикаго конвенциясынын 17-тиркемесинин стандарттарына шилтеме Макулдашуучу тиешелүү тарап белгилеген жана Чикаго конвенциясынын 17-тиркемесинде камтылган стандарттардан айырма катары Чикаго конвенциясында белгиленген тартипте көрсөтүлгөн талаптарды камтыйт. Ар бир Макулдашуучу тарап аталган айырмачылыктарды көрсөтүүгө ниеттенгендиги жөнүндө башка Макулдашуучу тарапка алдын ала кабарлайт.
4) Ар бир Макулдашуучу тарап өз мамлекетинин аймагында аба кемесин, жүргүнчүлөрдү, экипаждын мүчөлөрүн, жүктөрдү, ошондой эле колго көтөрүүчү жүктөрдү жана борттук запастарды аба кемесине жүктөө же түшүрүү учурундагы мыйзамсыз актылар пайда болгон учурда тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш. Ар бир Макулдашуучу тарап башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусунан бул берененин 3) пунктунда көрсөтүлгөн авиациялык коопсуздуктун жоболорун сактоону талап кылууга укугу бар. Конкреттүү коркунуч жаралган учурда ар бир Макулдашуучу тарап, экинчи Макулдашуучу тараптын авиация коопсуздугуна байланыштуу атайын чараларды көрүү үчүн бардык өтүнүчүн карап чыгууга тийиш.
5) Аба кемелеринин, жүргүнчүлөрдүн, экипаждын мүчөлөрүнүн, аэропорттун, аэронавигациялык каражаттардын жана башка жарандык авиациянын объекттеринин коопсуздугуна шек келтирген жарандык авиациянын иш аракетине мыйзамсыз кийлигишүү же аба кемесин басып алуу учурунда, Макулдашуучу тараптар мындай актыларды токтотуу үчүн бири бирине байланышты камсыздоо жана тез арада, коопсуз чара көрүүлөр аркылуу жардам көрсөтүүгө тийиш.
10-берене. Учуулардын коопсуздугу
1) Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптан учуулардын коопсуздугу, аба кемелерин пайдалануу жана аба кемесинин экипажынын мүчөлөрүн квалификациялоо тууралуу бардык талаптар боюнча консультацияларды жүргүзүү талаптарын коюуга укугу бар. Мындай консультациялар суроо-талап алгандан 30 (отуз) күндөн кеч эмес жүргүзүлөт.
2) Эгер бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан белгиленген минималдуу стандарттарды сактабагандыгын же тиешелүү түрдө сактабагандыгын байкаган учурда, бул Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка бул жөнүндө билдирүүгө тийиш жана аталган минималдуу стандарттарды сактоо үчүн зарыл болгон чараларды сунуштайт, ал эми экинчи Макулдашуучу тарап бул маселени чечүү үчүн оңдоо чараларын көрүүгө тийиш. Экинчи Макулдашуучу тарап 15 (он беш) күн ичинде же Макулдашуучу тараптар макулдашкан андан да көп убакытта жогоруда көрсөтүлгөн оңдоочу чараларды көрбөсө, бул Макулдашуунун 5-беренесин колдонуу негиз болуп саналат.
3) Чикаго конвенциясынын 33-беренесинде айтылган милдеттенмелерге карабастан, эл аралык аба ташууларындагы дайындалган авиаташуучу тарабынан пайдаланылып жаткан аба кемеси же дайындалган авиаташуучунун атынан ижара шартындагы пайдаланылып жаткан аба кемеси эл аралык ташууларды аткаруу учун экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында жүрүп текшерүү предмети (мындан ары - "перрондук текшерүү") катары башка Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигинин органдары тарабынан текшерүүгө алынышы мүмкүн.
4) Эгер перрондук инспекциянын же андай инспекциянын серияларынын учурунда Макулдашуучу тараптардын бири экинчи Макулдашуучу тараптын аба кемеси, анын эксплуатацияланышы же экипаж мүчөлөрүнүн квалификациясы минимум стандарттарга ылайык эместигин, же анын учууга жарактуулугу Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан белгиленген минимум стандарттарга ылайык эместиги аныкталса, анда ал Макулдашуучу тарап Чикаго конвенциясынын 33-беренесине ылайык, ал аба кемеге же анын экипажынын мүчөлөрүнө берилген же жарактуу деп эсептелген сертификаттар же лицензиялар Эл аралык жарандык авиация уюмунун көрсөтүлгөн минимум стандарттарына туура келбейт деп эсептөөгө укугу бар.
5) Эгер Макулдашуучу тараптардын биринин дайындалган авиаташуучусу эксплуатациялап жаткан же анын атынан эксплуатацияланып жаткан аба кеменин перронунда инспекция жүргүзүүгө ошол дайындалган авиаташуучунун өкүлү уруксат бербесе, анда экинчи Макулдашуучу тарап ушул берененин 3) пунктуна ылайык бул берененин 4) пунктунда көрсөтүлгөн олуттуу коркунучтар бар деп эсептөөгө укугу бар.
6) Эгер Макулдашуучу тараптардын биринин аба кемесине перрондук инспекциянын же андай инспекциялардын натыйжасында, же андай инспекция жүргүзүүгө уруксат берилбеген учурда Макулдашуучу экинчи тарап ал кемеде, аны эксплуатациялоодо же анын экипаж мүчөлөрүндө учуулардын коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү кандайдыр бир мандемдерди же жетишпестиктерди тапса, анда ал Макулдашуучу тарап Макулдашуучу экинчи тараптын дайындалган авиаташуучусунун эксплуатациялык уруксаттарын дароо токтотууга же өзгөртүүгө укуктуу.
7) Ар бир Макулдашуучу тараптын ушул берененин 2) жана 6) пункттарында айтылган ар бир иш-аракети андай иш-аракетке себеп болуучу негиз жоюлган учурда дароо токтотулат.
11-берене. Мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу
1) Макулдашуучу тараптардын биринин анын аймагына эл аралык авиаташууларда иштеген же аба кемелердин келишин жана кетишин жөнгө салуучу, же андай аба кеменин ошол аймакта учууларды аткарышына тиешеси бар мыйзамдары жана эрежелери, Макулдашуучу экинчи тараптын дайындалган авиаташуучусуна (авиаташуучуларына) карата да колдонулат.
2) Макулдашуучу тараптардын биринин аймагына жүргүнчүлөрдүн, экипаждын,'жүктүн же почтанын келишин же кетишин жөнгө салуучу, чыгуу, кирүү, эмиграция жана иммиграция, бажылык жана карантиндик чараларга жана ден-соолукту көзөмөлгө алуу чараларына тиешелүү процедуралар сыяктуу мыйзамдары жана эрежелери Макулдашуучу экинчи тараптын дайындалган авиаташуучусунун (авиаташуучуларынын) аба кемелеринин бортундагы жүргүнчүлөргө, экипажга, жүктөргө жана почтага колдонулат.
12-берене. Статистикалык маалыматтарды берүү
Макулдашуучу тараптардын биринин авиациялык бийликтери Макулдашуучу экинчи тараптын авиациялык бийликтерине алардын өтүнүчү боюнча макулдашылган маршрут боюнча ташуулардын көлөмүн, ошондой эле макулдашылган маршруттардан учуп чыгуу жана баруу пункттарын аныктоо үчүн керектүү статистикалык маалыматтарды беришет.
13-берене. Салык төлөө жана кирешени которуу
1) Макулдашуучу тараптардын ар биринин дайындаган авиаташуучусунун Макулдашуучу экинчи тараптын аймагында макулдашылган ташууну аткаруунун натыйжасында тапкан пайдасы жана кирешеси салыктардан, пошлинадан жана ушу сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
2) Макулдашуучу тараптардын ар биринин дайындаган авиаташуучулары Макулдашуучу башка тараптын мамлекетинин аймагында көрсөткөн кызматы үчүн алган кирешесин өз мамлекетинин же башка кайсы болбосун мамлекеттин аймагына эркин которууга укуктуу.
3) Мындай акча которуулар эркин конверттелүүчү валютада, расмий алмашуу курсу боюнча ишке ашырылат жана банктык жыйымдардан жана процедуралардан, сырткаркы кандайдыр бир жыйымдар, чектөөлөр, салыктар жана мөөнөтүн кийинки жылдыруулар салынбайт.
4) Эгер Макулдашуучу тараптардын бири Макулдашуучу башка тараптын дайындалган авиаташуучусуна ал Макулдашуучу тараптын аймагында көрсөткөн кызматы үчүн алган ашыкча акча каражатын которууга чектөө салса, анда берки Макулдашуучу тарап да ошол Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусуна карата ошондой эле чектөөлөрдү салууга укуктуу.
5) Эгер Макулдашуучу тараптардын ортосунда кирешеге же капиталга кош салык төлөөнү болтурбоо жөнүндө макулдашуу бар болсо, анда ошол макулдашуунун шарттары артыкчылыктуу болот.
14-берене. Дайындалган авиаташуучулардын тейлөөлөрүн тааныштыруу
жана сатуу
1) Макулдашуучу тараптардын биринин дайындалган авиаташуучусу Макулдашуучу экинчи тараптын мыйзамдарына кирүү, жашоо жана эмгектенүү эрежелерине ылайык Макулдашуучу экинчи тараптын аймагына өзүнүн кызматтарын көрсөтүү үчүн зарыл болгон жеке коммерциялык, техникалык, эксплуатациялык жана башка персоналдарын алып келүү жана кармоо укугуна ээ.
2) Макулдашуучу тараптардын ар биринин дайындалган авиаташуучулары Макулдашуучу экинчи тараптын аймагында авиациялык ташууларды өзүнүн ташуучу документтерин аркылуу, ошол Макулдашуучу тараптын улуттук валютасында же эгер бул өлкөнүн мыйзамында тыюу салынбаса эркин конверттелүүчү башка валюта менен, өз алдынча же агенттер аркылуу сатууга укугу бар. Макулдашуучу тараптардын ар бири Макулдашуучу башка тараптын дайындалган авиаташуучусунун андай ташууларды сатуу жана сатып алуу чектөөдөн карманат.
15-берене. Керектөөчү баалар
1) Макулдашуучу тараптардын бири дагы башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусу үчүн керектөөчү бааны өзүнүн дайындалган авиаташуучуларына эл аралык аба ташуулары үчүн белгиленгенден кымбат бааны белгилебейт же белгилөөгө жол бербейт.
2) Керектөөчү бааларды өзгөртүү керек болгон учурда Макулдашуучу тараптардын ар биринин керектөө бааларын коюучу компетенттүү органдары Макулдашуучу берки тараптын дайындалган авиаташуучулары же дайындалган авиаташуучуларынын өкүлдөрү менен тийиштүү консультация жүргүзүшөт жана мындай өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин башка Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучуларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен таанышууга жана өзүлөрүнүн сунуштарын киргизүүгө мүмкүндүк берет. Макулдашуучу тараптардын ар биринин авиациялык бийликтери мындай компетенттүү органдар, ошондой эле алардын дайындалган авиаташуучулары керектөө баалары жөнүндө тийиштүү информацияны өз ара алмашуусуна жардам көрсөтүшөт.
16-берене. Учуулардын расписаниеси
1) Макулдашуучу тараптардын ар биринин дайындалган авиаташуучулары Макулдашуучу башка тараптын авиациялык бийликтерине өзүлөрүнүн учуу расписаниелерин (учуунун жайкы жана кышкы мезгилдерине) учуулар башталганга чейин кеминде отуз (30) күн мурун бекитүүгө беришет. Расписание өзүнө учуу пунктун, ортодо конуучу пункттун (пункттарын), конуучу пунктту, учуу жана конуу убактысын, учуулардын жыштыгы жана пайдалануучу аба кемелеринин типтерин камтыйт. Тийиштүү Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери берилген учуулардын расписаниесин бекитүү же бекитпөө жөнүндө өзүнүн чечимин учуу расписаниеси берилген күндөн баштап жыйырма (20) күндүн ичинде чыгарышат.
2) Макулдашуучу тараптардын ар биринин дайындалган авиаташуучулары өзүлөрүнүн учуу расписаниесиндеги бардык өзгөртүүнү же толуктоону берки Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтерине бекитүүгө беришет. Учуу расписаниесиндеги ар бир мындай өзгөртүү жана\же толуктоо тийиштүү Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери тарабынан дароо каралат.
17-берене. Консультациялар
Ар бир Макулдашуучу тарап бул Макулдашууга оңдоолорду жана\же толуктоолорду киргизүү, чечмелөө же колдонуу боюнча кайсы убакта болбосун консультация суроого укуктуу. Эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда башка макулдашуу болбосо мындай консультациялар Макулдашуучу тараптардын бири берки Макулдашуучу тараптан андай консультация өткөрүү жөнүндө суроо алган күндөн баштап алтымыш (60) күндүн ичинде башталат.
18-берене. Талаштарды чечүү
1) Эгер Макулдашуучу тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонууга байланыштуу кандайдыр бир талаш чыкса Макулдашуучу тараптар биринчи кезекте сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттенишет.
2) Эгер Макулдашуучу тараптар талашты сүйлөшүү жолу менен чече алышпаса, андай талаш Макулдашуучу тараптардын келишими боюнча чечүү үчүн компетенттүү жакка же органга берилет. Эгер алар мындай макулдашууга жетише алышпаса талаш Макулдашуучу тараптын кимисинин болсо да талабы боюнча чечүү үчүн үч арбитрдин кароосуна берилет, аларды ар бир Макулдашуучу тарап бир арбитрден дайындайт, ал эми үчүнчүсүн - ошол дайындалган эки арбитр аныкташат. Макулдашуучу тараптардын ар бири өзүнүн арбитрин биринчи Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка мындай талашты чечүү үчүн арбитраж сотко берүү жөнүндө өтүнүч менен жиберген билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн кийин алтымыш (60) күндүн ичинде дайындайт, ал эми үчүнчү арбитр кийинки алтымыш (60) күндүн ичинде дайындалат. Эгер Макулдашуучу тараптардын бирөө арбитрди көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде дайындай албаса, анда Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун Кеңешинин Президенти Макулдашуучу тараптардын кимисинин болсо да өтүнүчү боюнча арбитрди же арбитрлерди дайындайт. Бардык учурларда үчүнчү арбитр үчүнчү мамлекеттин жараны болот жана ошол арбитраждык соттун төрагасы катары чыгат. Мындай арбитраждык сот өзүнүн чечимин добуштардын көпчүлүгү менен чыгарат. Талашты кароонун бардык башка жол-жоболорун арбитраждык сот аныктайт.
3) Макулдашуучу тараптар ушул берененин 2) пунктуна ылайык чыгарылган чечимдерге баш ийишет.
4) Эгер Макулдашуучу тараптардын бири ушул берененин 2) пунктуна ылайык чыгарылган чечимди аткарбаса, башка Макулдашуучу тарап, бул чечимди аткарбаган Макулдашуучу тараптын дайындалган авиаташуучусуна берилген ар кандай укуктарды же уруксаттарды чектөөгө, токтотууга же жокко чыгарууга укуктуу.
5) Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн арбитрине керектүү чыгымды өзү көтөрөт жана акыны төлөйт. Үчүнчү арбитрдин кызматынын акысы жана чыгымдар, ошондой эле соттун ишине байланыштуу сарптоолору Макулдашуучу тараптардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.
19-берене. Оңдоолор жана толуктоолор
1) Бул Макулдашууга эки Макулдашуучу тараптын өз ара макулдашуусу менен ар кандай өзгөртүү жана толуктоо киргизилиши мүмкүн, ал ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуучу өзүнчө протоколго кол коюу жолу аркылуу таризделет. Андай оңдоолор жана/же толуктоолор, ушул Макулдашуунун 24-беренесинде айтылган тартипте күчүнө кирет.
2) Бул Макулдашуунун тиркемесине оңдоолор жана толуктоолор эки Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтеринин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан бул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуучу тиешелүү протоколго кол коюу жолу аркылуу киргизилиши мүмкүн. Ар бир мындай оңдоо жана\же толуктоо мындай протоколго кол коюлган датадан же андай протоколдо көрсөтүлгөн башка датадан баштап күчүнө кирет.
20-берене. Макулдашууну каттоо
Бул Макулдашуу жана ага бардык оңдоолор же толуктоолор Жарандык авиациялык эл аралык уюмунда катталат.
21-берене. Аталыштар
Бул Макулдашуунун беренелеринин аталыштары ыңгайлуулук максаттарында гана колдонулду жана бул Макулдашуунун бөлүгү болгон кандайдыр бир нормаларды камтыбайт.
22-берене. Көп тараптуу конвенциялар
Эки Макулдашуучу тарапка карата жалпы көп тараптуу конвенция күчүнө кирген учурда, мындай конвенциянын жоболору артыкчылык кылат.
23-берене. Иш-аракетин токтотуу
Ар бир Макулдашуучу тарап бул Макулдашуунун иш-аракетин токтотуу жөнүндөгү өзүнүн ниетин башка Макулдашуучу тарапка жазуу жүзүндө каалаган убакта билдирүүгө укуктуу. Ошол эл убакытта иш-аракетин токтотуу жөнүндөгү билдирүү Жарандык авиациянын эл аралык уюмуна жиберилет. Бул Макулдашуу өзүнүн иш-аракетин түн ортосунда (билдирүүнү алган Макулдашуучу тараптын жергиликтүү убактысы боюнча) башка Макулдашуучу тарапка билдирген учурдан 12 (он эки) ай өткөндөн кийин токтотот, эгерде мындай мөөнөттүн аякташына чейин билдирүү кайра чакыртып алынбаса. Эгерде Макулдашуучу тараптын бири экинчи Макулдашуучу тараптан билдирүү алгандыгынын ырастабаса, ал билдирүүнү Жарандык авиациянын эл аралык уюму алгандан кийин 14 (он I арт) күн өткөндө аны алган болуп эсептелет.
24-берене. Күчүнө кириши
Бул Макулдашуу эки Макулдашуучу тарап бири бирине анын күчүнө кириши үчүн керектүү бардык мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарышканы жөнүндө дипломатиялык каналдар аркылуу жиберишкен билдирүүлөрдүн акыркысы алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
________________ шаарында 20__жылдын "___" ___________ кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде эки түп нускада түзүлдү. Бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер болгон учурларда орус тилиндеги текстке артыкчылык берилет.
Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасынын
Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
| Тиркеме |
Макулдашылган
МАРШРУТТАР
1. Кыргыз Республикасынын дайындалган авиаташуучусу (авиаташуучулары) тейлөөчү макулдашылган маршруттар
┌──────────────────┬────────────┬───────────────────┬─────────────────┐
│Кыргыз │Орто │ Азербайжан │ Азербайжан │
│Республикасындагы │аралык │ Республикасындагы │ Республикасынан │
│пункттар │пункттар │ пункттар │ тышкары пункттар│
├──────────────────┼────────────┼───────────────────┼─────────────────┤
│Ар кандай пункттар│ Ар кандай │ Ар кандай │ Ар кандай │
│ │ пункттар │ пункттар │ пункттар │
└──────────────────┴────────────┴───────────────────┴─────────────────┘
1.2. Учуу Кыргыз Республикасында башталган же аякталган шартта учуулар макулдашылган маршруттун каалаган аралыгындагы орто аралык пункттарга конбостон жүргүзүлүшү мүмкүн.
2. Азербайжан Республикасынын дайындалган авиаташуучусу (авиаташуучулары) тейлөөчү макулдашылган маршруттар
┌──────────────────┬────────────┬───────────────────┬─────────────────┐
│ Азербайжан │ Орто │ Кыргыз │ Кыргыз │
│Республикасындагы │ аралык │ Республикасындагы │ Республикасынан │
│ пункттар │ пункттар │ пункттар │ тышкары пункттар│
├──────────────────┼────────────┼───────────────────┼─────────────────┤
│Ар кандай пункттар│ Ар кандай │ Ар кандай │ Ар кандай │
│ │ пункттар │ пункттар │ пункттар │
└──────────────────┴────────────┴───────────────────┴─────────────────┘
2.1. Учуу Азербайжан Республикасында башталган же аякталган шартта учуулар макулдашылган маршруттун каалаган аралыгындагы орто аралык пункттарга конбостон жүргүзүлүшү мүмкүн.