Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
КР Премьер-министринин 2021-жылдын 25-октябрындагы № 253-р буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
2015-жылдын 4-июну № 240-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-мартындагы № 118-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
Премьер-министр |
|
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтү (мындан ары "Макулдашуучу тараптар" деп аталышат);
1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенциянын катышуучулары болушкандыктан;
алардын мамлекеттеринин тиешелүү аймактарынын ортосунда аба катнашын түзүү максатында Макулдашуу түзүүнү каалашып;
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Ушул Макулдашуунун максаттары үчүн:
а) "Чикаго конвенциясы" - 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюу үчүн ачылган Эл аралык жарандык авиация жөнүндө конвенцияны билдирет жана ага Чикаго конвенциясынын 94 жана 90-беренелерине ылайык Макулдашуучу тараптардын ар бири үчүн күчүнө кирүүчү бардык оңдоолорду жана толуктоолорду камтыйт;
б) "авиациялык бийликтер" - Кыргыз Республикасына карата - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Азербайжан Республикасына карата - Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик жарандык авиация администрациясын же эки Макулдашуучу тарапка карата - милдеттерди аткарууга ыйгарым укук берилген башка органды, азыркы убакта жогоруда көрсөтүлгөн Министрлик менен Мамлекеттик жарандык авиация администрациясын билдирет;
в) "дайындалган авиакомпания" - ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалган жана ыйгарым укук берилген авиакомпанияны билдирет;
г) "аймак" - Макулдашуучу тараптарга карата Чикаго конвенциясынын 2-беренесинде аныкталган мааниге ылайык келет;
д) "Макулдашуучу тараптардын аймактары" - Кыргыз Республикасынын аймагын жана Азербайжан Республикасынын аймагын билдирет;
е) "аба ташуулары", "эл аралык аба ташуулары", "авиакомпания" жана "коммерциялык эмес максаттар менен токтоо" түшүнүктөрү Чикаго конвенциясынын 96-беренесинин а), b), с), d) пункттарында камтылган терминдер билдирген маанилерди түшүндүрөт;
ж) "ушул Макулдашуу" - ушул Макулдашууну, ошондой эле анын Тиркемесин жана оңдоолорун билдирет;
з) "тариф" түшүнүгү төмөнкүлөрдү билдирет:
(1) жүргүнчүлөрдү, багажды жана жүктөрдү (почталарды кошпогондо) ташуу үчүн аныкталган бааны;
(2) кошумча товар, кызмат көрсөтүүлөр же ушундай ташууларга байланыштуу алынган, же мүмкүн болгон, же алардан келип чыккан башка пайда үчүн аныкталган бааларды жана мындай баалардын колдонулушун жөнгө салуучу шарттарды жана мындай товарды, кызмат көрсөтүүнү же пайданы жеткирүүнү же мүмкүндүктөрүн камтыйт;
(3) дайындалган авиакомпаниялардын агенттерге билеттерди сатууга же агенттер менен ырааттама боюнча жүк ташуу үчүн жүк коштомо барактарын толтурууга төлөнүүчү комиссиялык акылардын өлчөмүн;
к) "керектөө баалары" түшүнүгү тийиштүү Макулдашуучу тарап тарабынан белгиленген же аэропортторду жана аэронавигациялык каражаттарды, жабдууларды, объекттерди, ошондой эле аэропорт жана бул Макулдашуучу тараптын аймагында көрсөтүлүүчү аэронавигациялык кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде аба кемесин, анын экипажын, жүргүнчүлөрүн жана жүктөрүн тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланууга алар тарабынан уруксат берилген бааларды түшүндүрөт;
л) "сыйымдуулук" - төмөнкүлөрдү билдирет:
(1) аба кемесине карата - аба кемесинин ушул макулдашылган маршрут боюнча пайдаланыла турган пайдалуу жүктөлүшүн;
(2) макулдашылган маршрутка карата - ушул макулдашылган маршрут боюнча пайдаланылуучу, учуулардын жыштыгына көбөйтүлгөн, ушул аба кемеси менен ушул макулдашылган маршрут боюнча көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылуучу, аба кемесинин сыйымдуулугуна барабар болгон жүктүн көлөмүн;
м) "жүргүнчү агымы", "жүк агымы" - ушул макулдашылган маршрут боюнча ташылуучу жүргүнчүлөрдүн, жүктөрдүн жана/же почталардын санын жана/же көлөмүн билдирет.
2-берене. Чикаго конвенциясынын колдонулушу
Ушул Макулдашуунун жоболору Чикаго конвенциясынын жоболоруна бул жоболордун эл аралык аба ташууларына карата колдонулуучу ченеминде баш ийет.
3-берене. Укуктарды берүү
1) Макулдашуучу тараптардын ар бири экинчи Макулдашуучу тарапка эл аралык аба ташууларына карата төмөнкү укуктарды беришет:
а) кондурбастан өздөрүнүн аймагы аркылуу учуу укугун;
б) коммерциялык эмес максаттар менен өздөрүнүн аймагында кондуруу укугун;
в) жүргүнчүлөрдү учуруу жана кондуруу, жүктөрдү, почталарды жүктөө жана түшүрүү максатында ушул Макулдашуунун Тиркемесинде көрсөтүлгөн пункттарда өз аймагы аркылуу каттам боюнча учуу жана конуу укугун (мындан ары - "макулдашылган ташуулар" жана "макулдашылган каттамдар").
2) Ушул Макулдашуудагы эч бир нерсе бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларына жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, почталарды жалдоо же акы алуу боюнча ташууну төмөнкүлөр менен ишке ашырууга укук бербейт:
а) экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы пункттардын арасында;
б) эгерде Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосунда башкача макулдашылбаса, орто аралыктагы пункттарда, экинчи Макулдашуучу тараптын аймагынын чегинен сырттагы же аймагындагы пункттарда.
3) Эгерде куралдуу жаңжалдардан, саясий тополоңдордон же башка ар кандай форс-мажордук жагдайлардан улам бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы макулдашылган каттам боюнча учууларды аткарышы мүмкүн болбосо, экинчи Макулдашуучу тарап учууну ыңгайлуу болгон башка убактылуу каттам боюнча камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.
Ар бир Макулдашуучу тараптын авиакомпаниялары ушул Макулдашуунун 4-беренесине ылайык дайындалгандардан башка ушул берененин 1-пунктунун а) жана б) пунктчаларында аныкталган укуктарга ээ болушат.
4-берене. Авиакомпанияларды дайындоо жана дайындалган авиакомпанияларга уруксаттарды берүү
1) Макулдашуучу тараптардын ар бири макулдашылган ташууларды макулдашылган каттамдар боюнча ишке ашыруу максатында экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу дайындоо тууралуу тийиштүү кат түрүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен бир же бир нече авиакомпанияны дайындоо укугуна ээ.
2) Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу тийиштүү кат түрүндөгү билдирүүнү жөнөтүү менен өздөрүнүн дайындоосун чакыртып алуу же алар тарабынан дайындалган авиакомпанияларга берген дайындоосунун шарттарын өзгөртүү укугуна ээ.
3) Макулдашуучу тарап дайындоо жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин ушул берененин 4-пунктунун жоболоруна ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына токтоосуз түрдө тийиштүү уруксаттарды берет.
4) Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынан ал авиакомпания эл аралык учууларды жана эл аралык аба ташууларды аткарууга тиешелүү болгон өз мыйзамдарынын жана эрежелеринин талаптарын аткарууга жөндөмдүү экендигине далилдерди берүүсүн бул талаптар Чикаго конвенциясынын жоболору менен дал келген шартта талап кыла алат.
5) Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын үстүнөн артыкча ээлик кылуу же контролдоо ушул экинчи Макулдашуучу тарапка же ушул экинчи Макулдашуучу тараптын жарандарына таандык экендигине далилдери жок болгон учурда дайындалган авиакомпанияга ушул берененин 3) пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды берүүдөн баш тартуу же дайындалган авиакомпаниядан ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн укуктарды пайдалануусунда зарыл деп эсептеген шарттарды аткарууну талап кылуу укугуна ээ.
6) Ушул берененин 3-пунктуна ылайык берилген уруксатка ээ ар бир дайындалган авиакомпания макулдашылган каттамдар боюнча макулдашылган ташууларды ушул Макулдашуунун 7-беренесине ылайык бекитилген тарифтердин шартында каалаган учурларда ишке ашырууну баштай алат.
5-берене. Эксплуатациялык уруксаттарды жокко чыгаруу же токтотуу
1) Ар бир Макулдашуучу тарап ушул Макулдашуунун 3-беренесинин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жана экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына берилген эксплуатациялык уруксаттарды жокко чыгарууга жана токтотууга же бул шарттарды жана укуктарды колдонууда зарыл деп эсептеген шарттарды аткарууну төмөнкүдөй учурларда талап кылууга укуктуу, эгерде:
а) бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын үстүнөн артыкча ээлик кылуу же контролдоо ушул Макулдашуучу тарапка тиешелүү болбосо;
б) бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы эксплуатациялык уруксаттарды жана укуктарды берүүчү экинчи Макулдашуучу тараптын мыйзамдарын жана эрежелерин сактабаса;
в) дайындалган авиакомпания ушул Макулдашуунун кандайдыр бир шарттарын аткарбаса.
2) Эгерде токтоосуз жокко чыгаруу, токтотуу же ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарды аткарууну талап кылуу кийинки мыйзам жана эреже бузуулардын алдын алуу үчүн зарыл болбосо, анда 1-пунктта айтылган укук экинчи Макулдашуучу тарап менен консультациялардан кийин гана колдонулат. Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтеринин ортосундагы мындай консультациялар экинчи Макулдашуучу тараптын кат түрүндө жөнөткөн билдирүүсүн алган күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде башталат.
6-берене. Макулдашылган каттамдар боюнча макулдашылган ташууларды ишке ашыруунун шарттары
1) Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпанияларына макулдашылган каттамдарды эксплуатациялоонун калыс жана бирдей шарттары берилет.
2) Макулдашылган каттамдар боюнча макулдашылган ташууларды ишке ашырууда ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары ошол макулдашылган каттам боюнча ташуулардагы муктаждыктарды эске алышат жана ушундай сыйымдуулуктагы аба кемесин пайдаланышат же экономикалык ыңгайлуулук коэффициентинде учуулардын жүктөмү жана жыштыгы жүргүнчү агымынын жана жүк агымынын болгон жана негизделген болжолдонгон көлөмүнө жооп берген пайдаланылуучу аба кемелеринин ушундай сыйымдуулугун пайдаланышат.
7-берене. Тарифтер
1) Макулдашуучу тараптардын аймактарынын ортосундагы ташуулар үчүн дайындалган авиакомпаниялар тарабынан кабыл алынган тарифтер бардык тийиштүү факторлорду, аба транспортунун керектөөчүлөрүнүн кызыкчылыктарын, эксплуатациялык чыгымдарды, жөндүү пайданы жана рынок шарттарын эске алуу менен экономикалык алгылыктуу деңгээлде аныкталат.
2) Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпаниялары же алардын атынан тийиштүү Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери эки Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери тарабынан макулдашылуучу кеминде 30 (отуз) күндүн ичинде же андан аз мөөнөттө мындай тариф күчүнө киргенге чейин экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине макулдашылган эксплуатациялык каттам(дар) боюнча макулдашылган ташууларды ишке ашырууда колдоно турган тарифтерди беришет.
3) Кароого сунуш кылынган тариф эгерде тарифти кароочу Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги алар тарабынан тарифтерди кароого алгандан кийин 20 (жыйырма) күндүн ичинде экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине өздөрүнүн сунуш кылынган тарифти бекитүүдөн баш тартуусу жөнүндө кат түрүндө билдиришпесе, тариф сунушталган күндөн 21 (жыйырма бир) күн өткөндөн кийин бекитилди деп эсептелинет.
4) Ушул Макулдашууда эч бир нерсе бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы кароого сунуштаган тарифтерди эгерде сунушталган тариф өтө эле чектен ашкан болуп саналса же бул тарифти колдонуу бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларына же ушул макулдашылган каттам боюнча эл аралык аба ташууларын ишке ашыруучу башка авиакомпанияларга зыяндарды алып келиши мүмкүн болгон шарттарда аны бир тараптуу тартипте четке кагууга тоскоол болбойт.
5) Бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги тарифтерди кароого алган күндөн тартып 20 (жыйырма) күндүн ичинде эгерде бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги кабыл алган тариф өтө эле чектен ашкан болуп саналса же ал тарифти колдонуу экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына же ушул макулдашылган каттам боюнча эл аралык аба ташууларды ишке ашыруучу башка авиакомпанияларга зыяндарды алып келиши мүмкүн деп эсептесе, экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги менен консультацияларды жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай консультациялар консультацияларга билдирме жөнөткөндөн кийин 21 (жыйырма бир) күндүн ичинде аяктайт жана Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери башкача макулдашпаса, бул мөөнөттүн аягында тариф күчүнө кирет.
6) Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын экинчи Макулдашуучу тарап менен үчүнчү мамлекеттин аймактарынын ортосундагы ташуулар үчүн аныктаган тарифтери ушул Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги тарабынан бекитилүүгө тийиш. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери эгерде бекитилген тариф жокко чыгарылса же мындай бекитүүнүн шарттары өзгөрүлсө, өздөрүнүн тарифтерди бекитүүсүн чакыртып алууга укуктуу.
7) Ушул беренеге ылайык белгиленген тарифтер ушул берененин шарттарына ылайык белгиленген жаңы тарифтерге алмаштырылмайынча күчүндө калат. Макулдашуучу тараптардын ортосунда башкача каралбаса, тарифтин иштөө мөөнөтү анын иштөө мөөнөтү бүткөн күндөн кийин 12 (он эки) айдан ашык мөөнөткө узартылбайт.
8-берене. Салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотуу
1) Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын эл аралык ташууларда иштетилген аба кемеси, ошондой эле анын жабдуулары, запастык тетиктери, күйүүчү майларынын жана майлоочу материалдарынын камдыктары, андай аба кемесинин бортундагы борт камдыктары (тамак-аш азыктары, суусундуктарды жана тамекини кошкондо) бир Макулдашуучу тараптын аймактарында болгондо бул жабдуулар, запастык тетиктер жана борт камдыктары аба кемесинин бортунда аларды кайра алып чыгып кеткенге же пайдаланганга чейин калуу же ошол аймактардын үстүндө учуу убагында аба кемесинде керектөө шарты менен салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
2) Төмөндөгү предметтер көрсөтүлгөн кызматтардын наркына негизделген жыйымдардан сырткары ушул берененин 1-пунктунда айтылган салыктардан, алымдардан жана жыйымдардан бошотулат:
а) бир Макулдашуучу тараптын аймактарынан экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына аба кемесинде алынып барылган жана макулдашылган ташууларда иштетилген аба кемесинин учуусунда же кайта учуп келүүсүнүн максатында пайдаланууга арналган борт камдыктары;
б) бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын эл аралык аба ташууларында иштетилген аба кемелерине техникалык тейлөөнү же оңдоону ишке ашыруу максатында экинчи Макулдашуучу тараптын аймактарына алынып барылган кошумча тетиктер, анын ичинде кыймылдаткычтар;
в) бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын макулдашылган ташууларда иштетилген аба кемесинин бортуна пайдалануу үчүн экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына алынып келген же берилген күйүүчү май, майлоочу жана чыгымдоо материалдары, эгерде мындай камдыктар бортко алынган жердеги Макулдашуучу тараптын аймагынын үстүндө жүргүзүлүүчү каттамдын участогунда пайдалануу үчүн арналса да.
3) Ушул берененин 1-2-пункттарында көрсөтүлгөн материалдар тийиштүү Макулдашуучу тараптын бажы органдарынын талаптары боюнча бажы көзөмөлүнө жана контролуна алынышы мүмкүн.
4) Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын эксплуатацияланган аба кемелеринин бортунда сакталуучу борт жабдуулары, мүлктөрү, борт камдыктары, ошондой эле запастык тетиктери экинчи Макулдашуучу тараптын бажы бийлигинин уруксаты менен гана экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына түшүрүлүшү мүмкүн. Мындай учурларда алар экинчи Макулдашуучу тараптын бажы эрежелерине ылайык алынып чыкканга же пайдаланылганга чейин көрсөтүлгөн бийликтин байкоосунда жайгаштырылат.
5) Ушул берененин 1-2-пункттарында айтылган салыктардан, алымдардан жана жыйымдардан бошотуу бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Макулдашуучу тараптын аймактарына зайым үчүн же экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына ушул берененин 1-2-пункттарында көрсөтүлгөн жабдууларды жана камдыктарды ташыгандыгы үчүн ушул сыяктуу жеңилдиктерди колдонгон башка авиакомпаниялар менен келишим түзгөн учурларда да колдонулат.
6) Макулдашуучу тараптардын бирөөсүнүн дайындалган авиакомпаниясынын колдонуусу үчүн каралган жана экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына ташылып келинген учуулардын ырааттамасы, билеттердин басма бланктары жана жүктөрдүн коштомо барактары сыяктуу документтер Макулдашуучу тараптын аймагында салынуучу салыктардан, алымдардан жана жыйымдардан бошотулат.
7) Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпанияларынын бир Макулдашуучу тараптын аймагына убактылуу алынып келинген жана дайындалган авиакомпаниянын өкүлчүлүктөрүнүн ишмердиктери үчүн арналган менчиги ушул экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында салынуучу салыктардан, алымдардан жана ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
8) Бир Макулдашуучу тараптын аймагы аркылуу түз транзит менен бараткан жана аэропорттогу бул максаттар үчүн бөлүнгөн секторлордон сыртка чыкпоочу жүргүнчүлөр, багаж жана жүктөр авиациялык коопсуздуктун талаптарына ылайык жүргүзүлүүчү кароодон башка жөнөкөйлөтүлгөн контролдон гана өтүшөт. Ушул түз транзит менен бараткан багаж жана жүктөр салыктардан, алымдардан жана ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
9) Макулдашуучу тараптардын ар биринин өздөрүнүн мамлекеттеринин аймагынан/аймагына жүргүнчүлөрдүн, багаждын жана жүктөрдү алып кирүү/чыгуу жол-жоболорун жөнгө салуучу компетенттүү органдары экинчи Макулдашуучу тараптын тийиштүү мамлекеттик органдарынын суроо-талабы боюнча аларга макулдашылган каттам боюнча туруктуу учууларды аткарган аба кемелеринин бортундагы жүргүнчүлөр, багаж жана жүктөр жөнүндө алдын ала маалыматтарды мүмкүнчүлүккө жараша аба кемесинин учуп чыгуусуна чейин беришет.
9-берене. Авиациялык коопсуздук
1) 1963-жылдын 14-сентябрында Токиодо кол коюлган Аба кемесинин бортунда жасалуучу кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенциянын, 1970-жылдын 16-декабрында Гаагада кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алуу жөнүндө конвенциянын, 1971-жылдын 23-сентябрында Монреалда кол коюлган Жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы багытталган мыйзамсыз актылар менен күрөшүү жөнүндө конвенциянын жана 1988-жылдын 24-февралында Монреалда кол коюлган Эл аралык жарандык-авиацияны тейлеген аэропорттордогу зомбулуктун мыйзамсыз актылары менен күрөшүү жөнүндө протоколдун жоболору Макулдашуучу тараптардын экөөнө тең колдонулат жана ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзүшөт.
2) Макулдашуучу тараптар аба кемелерин басып алуунун жана аба кемелеринин, жүргүнчүлөрдүн, экипаж мүчөлөрүнүн, аэропорттордун, аэронавигациялык каражаттардын же жарандык авиациянын башка бардык объекттеринин коопсуздугуна коркунуч жаратуучу жарандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүүнүн башка актыларын алдын алуу боюнча бири-бирине бардык керектүү жардамдарды беришет.
3) Макулдашуучу тараптар Чикаго конвенциясынын 17-тиркемесинде камтылган стандарттарга ылайык иш жүргүзүшөт. Макулдашуучу тараптардын ар бири бул Макулдашуучу тараптын реестринде катталган аба кемелеринин эксплуатанттарынан негизги иштеген жерин же бул Макулдашуучу тараптын аймагындагы болуучу туруктуу ордун талап кылат, ошондой эле аэропорттордун эксплуатанттарынан өзүнүн аймагында Чикаго конвенциясынын жогоруда аталган Тиркемесинин жоболорун сактоону талап кыла алат. Бул пункттагы Чикаго конвенциясынын 17-тиркемесинин стандарттарына берилген шилтеме тийиштүү Макулдашуучу тараптар аныктаган жана Чикаго конвенциясында белгиленген тартипте Чикаго конвенциясынын 17-тиркемесинде камтылган стандарттардан айырмаланып көрсөтүлгөн бардык талаптарды камтыйт. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка жогоруда айтылган өздөрүнүн айырмачылыктарын көрсөтүү ниети жөнүндө күн мурунтан маалымдайт.
4) Ар бир Макулдашуучу тарап өзүнүн аймагынын чегинде аба кемеси конгонго же ташууга чейин жана конуу же ташуу убактысында аба кемесин, жүргүнчүлөрдү, экипаж мүчөлөрүн, жүктөрдү, анын ичинде кол жүктөрүн жана борт камдыктарын мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо боюнча тийиштүү чараларды көрөт. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынан ушул берененин 3) пунктунда камтылган авиациялык коопсуздук боюнча жоболорду сактоону талап кылууга укуктуу. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындуу коркунучка байланыштуу авиациялык коопсуздуктун атайын чараларын көрүү жөнүндө бардык өтүнүчүн карайт.
5) Аба кемесин басып алуу же аба кемелеринин, жүргүнчүлөрдүн, экипаж мүчөлөрүнүн, аэропорттордун, аэронавигациялык каражаттардын же жарандык авиация объекттеринин башка бардык объекттеринин коопсуздугуна коркунуч жаратуучу жарандык авиациянын ишине мыйзамсыз кийлигишүү акты болгондо, Макулдашуучу тараптар байланышты камсыз кылуу жана мындай актыларды же мындай актылардын жаралуу коркунучтарын минималдуу тобокел менен токтотуу боюнча тийиштүү ыкчам жана коопсуз чараларды көрүү менен бири-бирине жардам беришет.
10-берене. Учуулардын коопсуздугу
1) Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын учууларынын коопсуздугу, аба кемелерин эксплуатациялоо жана аба кемелеринин экипаждарынын квалификациялары жаатындагы бардык талаптары тууралуу консультацияларды жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу. Мындай консультациялар мындай консультацияларга суроо-талап алган күндөн тартып 30 (отуз) күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.
2) Эгерде бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан белгиленген минималдуу стандарттарды сактабагандыгын же милдеттүү өлчөмдө сактабагандыгын аныктаса, анда биринчи Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тарапка бул тууралуу маалымдайт жана минималдуу стандарттарда көрсөтүлгөн сактоо үчүн зарыл болгон чараларды сунуш кылат, ал эми экинчи Макулдашуучу тарап бул тууралуу тийиштүү түзөтүүчү чараларды көрө алат. Экинчи Макулдашуучу тараптын 15 (он беш) күндүн же биринчи Макулдашуучу тарап менен макулдашылган андан узак мөөнөттүн ичинде тийиштүү түзөтүүчү чараларды көрбөгөндүгү ушул Макулдашуунун 5-беренесин колдонуу үчүн негиз болот.
3) Чикаго конвенциясынын 33-беренесинде жазылган милдеттенмелерине карабастан, экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына эл аралык аба ташууларын ишке ашыруу үчүн дайындалган авиакомпаниялар эксплуатациялаган же бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын атынан ижара шарты менен эксплуатацияланган бардык аба кемелери биринчи Макулдашуучу тараптын аймагында болуп, экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигинин аба кемесинин бортуна жана айланасына аба кемесинин жана анын экипаждарынын документтеринин аныктыгын, аба кемесинин айкын абалын негизсиз кармоого алып келбөө шарты менен текшерүүсү үчүн кароосунун (мындан ары - "перрон инспекциясы") предмети болот.
4) Эгерде перрон инспекциясынын же ушундай инспекциялардын серияларынын учурунда бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын авиакомпанияларынын аба кемелеринин, анын эксплуатациясынын же ушул аба кемесинин экипаждарынын мүчөлөрүнүн минималдуу стандарттарга дал келбегендигин же анын учуу жарамдуулугу Эл аралык жарандык авиация уюму тарабынан белгиленген минималдуу стандарттарга ылайык келбегендигин аныктаса, анда бул Макулдашуучу тарап Чикаго конвенциясынын 33-беренесине ылайык аба кемесине же ошол аба кемесинин экипаж мүчөлөрүнө берилген же анык деп таанылган сертификаттар же уруксаттамалар Эл аралык жарандык авиацияда көрсөтүлгөн минималдуу стандарттарга дал келбейт деп эсептөөгө укуктуу.
5) Эгерде бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын же анын атынан эксплуатацияланган аба кемесинин перронуна ушул берененин 3) пунктуна ылайык инспекция жүргүзүү максатында кирүү бул дайындалган авиакомпаниянын өкүлдөрү тарабынан четке кагылган учурларда экинчи Макулдашуучу тарап ушул берененин 4) пунктунда көрсөтүлгөн олуттуу коркунучтар бар деп эсептөөгө укуктуу.
6) Эгерде бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын эксплуатацияланган аба кемесинин перрон инспекциясынын же ушундай инспекциялардын серияларынын жыйынтыгында же мындай инспекцияларды жүргүзүүдөн баш тартуунун натыйжасында экинчи Макулдашуучу тарап мындай аба кемелери, анын эксплуатациясы же экипаж мүчөлөрү менен байланышкан учуулардын коопсуздугун жаратуучу кандайдыр бир бузуулар же жетишпестиктерди аныктаса, анда бул Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын эксплуатациялык уруксаттарын токтоосуз токтотууга же өзгөртүүгө укуктуу.
7) Ушул берененин 2) жана 6) пункттарында айтылган Макулдашуучу тараптардын ар бир аракети мындай аракетти кабыл алуу үчүн болгон негиздин жок болоору менен дароо токтотулат.
11-берене. Мыйзамдарды жана эрежелерди колдонуу
1) Бир Макулдашуучу тараптын эл аралык ташууларда аракеттенген аба кемелеринин анын аймагында болуусун жана аймагынан чыгуусун жөнгө салуучу же мындай аба кемесинин көрсөтүлгөн аймакта болгон убактысында учууларды чыгарууга катышы бар мыйзамдары жана эрежелери экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына карата колдонулат.
2) Бир Макулдашуучу тараптын алып чыгууга, алып кирүүгө, эмиграцияга жана миграцияга, бажы жана карантиндик чараларга, саламаттыкты байкоо чараларына таандык жол-жоболор сыяктуу жүргүнчүлөрдүн, экипаждардын, жүк же почталардын келүү, болуу же анын аймагынан чыгып кетүүсүн жөнгө салуучу мыйзамдары жана эрежелери жүргүнчүлөргө, экипаждарга, экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын аба кемелеринин бортторунда ташылуучу жүктөргө жана почталарга карата колдонулат.
12-берене. Статистикалык маалыматтарды берүү
Макулдашуучу тараптардын авиациялык бийликтери экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине алардын өтүнүчү менен макулдашылган каттам боюнча ташуулардын көлөмүн аныктоого, ошондой эле учуу пункттарын аныктоого жана макулдашылган каттамдарды дайындоого зарыл болгон тийиштүү статистикалык маалыматтарды беришет.
13-берене. Салык салуу жана пайданы которуу
1) Макулдашуучу тараптардын ар биринин дайындалган авиакомпаниялары тарабынан макулдашылган ташууларды ишке ашыруунун натыйжасында экинчи Макулдашуучу тараптын аймагында алынган кирешелер жана пайдалар салыктардан, алымдардан жана башка ушул сыяктуу жыйымдардан бошотулат.
2) Макулдашуучу тараптардын ар биринин дайындалган авиакомпаниялары экинчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган ашыкча акча каражаттарын өздөрүнүн мамлекеттеринин же башка мамлекеттердин аймактарына эркин которуу укугуна ээ.
3) Мындай которуулар расмий алмаштыруу курсу боюнча эркин алмашылуучу валютада жүргүзүлөт жана банктардын бекитилген жыйымдарынан жана жол-жоболорунан сырткары кандайдыр бир жыйымдарга, чектөөлөргө, салык салууларга жана кийинкиге калтырууларга дуушар болбойт.
4) Эгерде бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына карата биринчи Макулдашуучу тараптын аймагындагы өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн сатуудан алынган ашыкча акча каражаттарын которуу боюнча чектөөлөрдү киргизсе, экинчи Макулдашуучу тарап биринчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына карата ушундай эле чектөөлөрдү киргизүүгө укуктуу.
5) Эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда кирешелерге же капиталдарга кош салык салбоо тууралуу макулдашуу бар болсо, анда мындай макулдашуунун шарттары артыкчылыкка ээ.
14-берене. Дайындалган авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрү жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу
1) Бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы экинчи Макулдашуучу тараптын кирүү, жашоо жана эмгек ишмердигинин мыйзамдарына жана эрежелерине ылайык экинчи Макулдашуучу тараптын аймагына өзүнүн кызматтарын көрсөтүү үчүн зарыл болгон жеке коммерциялык, техникалык, эксплуатациялык жана башка персоналдарын алып кирүүгө жана аларды кароого укуктуу.
2) Макулдашуучу тараптардын ар биринин дайындалган авиакомпаниялары бир Макулдашуучу тараптын аймагында экинчи Макулдашуучу тараптын улуттук валютасында же эгерде бир Макулдашуучу тараптын мыйзамдарында тыюу салынбаса, башка эркин алмашылуучу валюталарда жеке ташуу документтерине өз алдынча жана агенттер аркылуу авиаташууларды сатып алууну ишке ашырууга укуктуу. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясынын сатууга болгон укугун жана ар бир тараптын ташууларды сатып алууга болгон укугун чектөөдөн карманат.
15-берене. Керектөө баалары
1) Макулдашуучу тараптардын эч бири керектөө бааларын бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясы үчүн ушундай эле эл аралык аба ташууларын ишке ашыруучу өзүнүн дайындалган авиакомпаниясы үчүн колдонгон баадан жогору аныктабайт жана аныктоого жол бербейт.
2) Керектөө бааларын өзгөртүү зарыл болгон учурларда ар бир Макулдашуучу тараптын керектөө бааларын аныктоочу компетенттүү органдары бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары же дайындалган авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен тийиштүү консультацияларды жүргүзөт, экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпанияларына сунуш кылынган өзгөртүүлөр менен таанышуу жана өз сунуштарын киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн берет. Ар бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери алардын көрсөтүлгөн компетенттүү органдарынын, ошондой эле дайындалган авиакомпанияларынын бири-бири менен керектөө баалары жөнүндө маалыматтарды алышуусу үчүн кызматташат.
16-берене. Учуулардын ырааттамасы
1) Ар бир Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниялары бир Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлигине учууларды аткаруу башталган күнгө чейин кеминде 45 (кырк беш) күндүн ичинде учуулардын ырааттамасын бекитүүгө беришет. Учуулардын ырааттамасы учуу пунктун, орто аралык конуу пунктун (пункттарын), дайындоо пунктун, учуу жана болуу убактысын, учуулардын жыштыгын жана пайдаланылуучу аба кемесинин тибин камтыйт. Тийиштүү Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги учуулардын сунушталган ырааттамасын бекитүүдө учуулардын ырааттамасы берилген күндөн тартып 30 (отуз) күндүн ичинде бекитүү же баш тартуу жөнүндө өзүнүн чечимин киргизет.
2) Өздөрүнүн учууларынын ырааттамасына түзөтүүлөр же толуктоолор, Макулдашуучу тараптардын дайындалган авиакомпанияларынын ар бири тарабынан бекитүүгө экинчи Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги тарабынан берилет. Ар бир мындай учуу ырааттамасына түзөтүүлөр жана/же толуктоолор тийиштүү Макулдашуучу тараптын авиациялык бийлиги тарабынан токтоосуз каралат.
17-берене. Консультациялар
Ар бир Макулдашуучу тарап ушул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга түзөтүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү боюнча каалаган убакта талап кылууга укуктуу. Мындай консультациялар эгерде Макулдашуучу тараптардын ортосунда башкача каралбаса, ар бир Макулдашуучу тараптын экинчи Макулдашуучу тараптан алардын консультацияларды жүргүзүү тууралуу билдирмесин алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күндүн ичинде башталат.
18-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
1) Макулдашуучу тараптардын ортосунда ушул Макулдашууну чечмелөө же колдонуу менен байланышкан талаш-тартыштар жаралган учурларда Макулдашуучу тараптар алгач мындай талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн аракеттенишет.
2) Эгерде Макулдашуучу тараптар талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен чече алышпаса, мындай талаш-тартыштар Макулдашуучу тараптардын макулдугу боюнча башка компетенттүү тарапка же органга чечүү үчүн берилет. Эгерде Макулдашуучу тараптар мындай макулдашууга келе алышпаса, талаш Макулдашуучу тараптардын биринин өтүнүчү боюнча үч арбитрден туруп, алардын экөөсү ар бир Макулдашуучу тараптан бирден дайындалган, үчүнчүсүн ушул эки арбитр аныктаган бейтарап сотко чечүү үчүн берилет. Ар бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптан дипломатиялык каналдар боюнча талаш-тартышты чечүү үчүн арачылык сотко берүү жөнүндө өтүнүчүн алган күндөн тартып 60 (алтымыш) күндүн ичинде өзүнүн арбитрин дайындайт, ал эми үчүнчү арбитр кийинки 60 (алтымыш) күндүн ичинде дайындалат. Эгерде Макулдашуучу тараптардын бири көрсөтүлгөн мөөнөттө өз арбитрин дайындоого жөндөмсүз болсо, анда Эл аралык жарандык авиация уюмунун Кеңешинин президенти Макулдашуучу тараптардын биринин өтүнүчү боюнча арбитрди же арбитрлерди дайындайт. Үчүнчү арбитр кандай болгон учурда да үчүнчү мамлекеттин жараны болуп саналат жана бейтарап соттун төрагасы катары иштейт. Мындай бейтарап сот добуштардын көпчүлүгү менен өз чечимин кабыл алат. Талаш-тартыштарды кароонун башка бардык жол-жоболорун бейтарап сот өзү аныктайт.
3) Макулдашуучу тараптар ушул берененин 2) пунктуна ылайык кабыл алынган бардык чечимдерге баш ийишет.
4) Макулдашуучу тараптардын бирөөсү ушул берененин 2) пунктуна ылайык кабыл алынган бардык чечимдерди аткарбаган учурларда бир Макулдашуучу тарап экинчи Макулдашуучу тараптын дайындалган авиакомпаниясына берилген укуктарды же уруксаттарды чектөөгө, токтотууга же жокко чыгарууга укуктуу.
5) Ар бир Макулдашуучу тарап чыгымдарды өзүнө алат жана өзүнүн арбитрине зарыл акыларды төлөп берет. Үчүнчү арбитрдин кызмат көрсөтүүсүнүн төлөмү жана чыгымдары, ошондой эле сот ишинин чыгымдары Макулдашуучу тараптарга бирдей бөлүштүрүлөт.
19-берене. Түзөтүүлөр жана толуктоолор
1) Ушул Макулдашууга киргизиле турган бардык түзөтүүлөр жана толуктоолор Макулдашуучу тараптардын өз ара макулдугу боюнча ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган түзөтүүлөр жана толуктоолор тууралуу тийиштүү протоколго эки Макулдашуучу тарап тарабынан кол коюу жолу менен киргизилет жана ушул Макулдашуунун 24-беренесинин биринчи бөлүгүндө аныкталган тартипте күчүнө кирет.
2) Ушул Макулдашуунун Тиркемесине киргизиле турган түзөтүүлөр жана толуктоолор эки Макулдашуучу тараптын авиациялык бийликтери тарабынан ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган түзөтүүлөр жана толуктоолор тууралуу тийиштүү протоколго кол коюу жолу менен киргизилет жана ага кол коюлган күндөн же протоколдо көрсөтүлгөн күндөн тартып күчүнө кирет.
20-берене. Макулдашууну каттоо
Ушул Макулдашуу жана ага киргизилген бардык түзөтүүлөр жана толуктоолор Эл аралык жарандык авиация уюмунда катталат.
21-берене. Аталыштар
Ушул Макулдашуунун беренелеринин аталыштары шилтеме жана ыңгайлуулук максаттары үчүн гана колдонулат жана ушул Макулдашууга кандайдыр бир шарттарды жаратпайт.
22-берене. Көп тараптуу конвенциялар
Эки Макулдашуучу тарапка карата жалпы көп тараптуу конвенция күчүнө кирген учурда ушундай конвенциянын жоболору артыкчылык кылат.
23-берене. Колдонууну токтотуу
Ар бир Макулдашуучу тарап дипломатиялык каналдар боюнча экинчи Макулдашуучу тарапты ушул Макулдашууну колдонууну токтотуу ниети жөнүндө каалаган убакта кат түрүндө маалымдоого укуктуу. Мындай билдирүү ошол эле убакта Эл аралык жарандык авиация уюмуна да берилет. Мындай учурларда, эгерде көрсөтүлгөн билдирүү бул мөөнөт бүткөнгө чейин Макулдашуучу тараптардын эки жактуу макулдугу боюнча кайра чакыртып алынбаса, ушул Макулдашуу экинчи Макулдашуучу тараптан мындай билдирүүнү алган күндөн 12 (он эки) ай өткөндөн чейин өз ишин токтотот. Экинчи Макулдашуучу тараптын мындай билдирүүнү алгандыгы жөнүндө ырастамасы жок болгон учурда, Эл аралык жарандык авиация уюму билдирүүнү алган күндөн 14 (он төрт) күн өткөндөн кийин экинчи Макулдашуучу тарап билдирүүнү алды деп эсептелет.
24-берене. Күчүнө кирүү
Ушул Макулдашуу Макулдашуучу тараптар Макулдашууну күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткарышкандыгы жөнүндө кат түрүндөгү акыркы билдирүү дипломатиялык каналдар аркылуу алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
20__-жылдын "__" ____________ ________________ шаарында ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдериндеги эки түп нускада түзүлдү, мында бардык тексттер аутенттүү болуп саналат. Ушул Макулдашуунун жоболору ар түрдүү чечмеленген учурларда орус тилиндеги текст пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
Тиркеме
Макулдашылган каттамдар
1. Кыргыз Республикасынын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан тейленүүчү макулдашылган каттамдар
Кыргыз Республикасындагы пункттар | Орто аралык пункттар | Азербайжан Республикасындагы пункттар | Азербайжан Республикасынын чегинен сырттагы пункттар |
Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар |
1.2. Учуулар Кыргыз Республикасында башталуучу же бүтүүчү шарт менен макулдашылган каттамдын бардык участокторунун орто аралык пункттарында конуусуз аткарылат.
2. Азербайжан Республикасынын дайындалган авиакомпаниясы тарабынан тейленүүчү макулдашылган каттамдар.
Азербайжан Республикасындагы пункттар | Орто аралык пункттар | Кыргыз Республикасындагы пункттар | Кыргыз Республикасынын чегинен сырттагы пункттар |
Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар | Бардык пункттар |
2.1. Учуулар Азербайжан Республикасында башталуучу же бүтүүчү шарт менен макулдашылган каттамдын бардык участокторунун орто аралык пункттарында конуусуз аткарылат.