Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2014-жылдын 25-июлундагы № 291-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 1-октябры № 475-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 "2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдарда Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу максатында:
1. Интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары Комиссия) төмөнкү курамда түзүлсүн:
Кыргыз Республикасынын социалдык блок боюнча вице-премьер министри, Комиссиянын жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Комиссиянын жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министри, Комиссиянын жетекчисинин орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары;
"Баланын укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун өкүлү (макулдашуу боюнча);
Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
"Жаштардын укук коргоо тобу" коомдук бирикмесинин өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкерлеринин ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасындагы Евросоюздун Өкүлчүлүгүнүн оперативдүү бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча).
2. Комиссия:
- менчигинин түрүнө карабастан интернат тибиндеги балдар мекемелеринин абалын иликтесин;
- алардын иштөөсүнүн натыйжалуулугун талдоодон өткөрсүн;
- 2013-2016-жылдарга Кыргыз Республикасындагы балдар мекемелерин башкарууну жана финансылоону оптималдаштыруу планынын долбоорун иштеп чыксын жана 2012-жылдын 20-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Комиссия иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн белгиленген тартипте зарылдыгына жараша маалыматтарды сурап алууга, министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин тартууга укуктуулугу белгиленсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү аларга берилген тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу чечүү үчүн жекече жоопкерчиликтүү экендиги белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ушул буйрукту ишке ашырууга байланышкан маселелерди уюштуруу жана координациялоо үчүн жооптуу орган болуп аныкталсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |