Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 24-октябры № 513-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 «Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерге кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча чараларды көрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 45 (кырк беш) миллион сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- бөлүнгөн акча каражаттарын ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттерге авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жумшасын;
- акча каражаттарынын максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланылышын камсыз кылсын;
- акча каражаттарын пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы № 398 «Улуттук коргоо, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды сактоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын аймагында авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүчү объекттердин
Тизмеси
№ | Объекттин аталышы | Болжолдуу наркы (миң. сом) | Кыскача мүнөздөмө | Абалы |
1. | Ысык-Көл облусу | 1 000,0 |
|
|
Ысык-Көл району: - Тору-Айгыр айылдык аймагында Тору-Айгыр айылындагы коргоочу дамба | 1 000,0 | 87 метрдик коргоочу дамба | Авариялык | |
2. | Нарын облусу | 1 000,0 |
|
|
Ат-Башы району: - Ача-Кайыңды айылдык аймагында Ача-Кайыңды дарыясынын тутумундагы «Ача-Кайыңды» коргоочу дамбасы | 1 000,0 | 100 метрдик коргоочу дамба | Авариялык | |
3. | Жалал-Абад облусу | 13 762,3 |
|
|
Сузак району: - Тайгараев айылдык аймагында Тайгараев участкасынын (№ 8 шпора) Көгарт дарыясындагы коргоочу дамба; |
| 300 метрдик коргоочу дамба, 153 метрдик коргоочу дамба | Авариялык | |
4 887,8 | ||||
- Атабеков айылдык аймагында Ширин участкасынын Кара-Дарыя дарыясындагы № 19 коргоочу дамба | 5 874,4 |
|
| |
Майлуу-Суу шаары: - Совхоз жана Тайгараев көчөлөрүндөгү селден сактоочу жайларды куруу боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштери. | 3 000,0 | 2 селден сактоочу жай | Авариялык | |
4. | Ош облусу | 15 754,0 |
|
|
Араван району: - Нурабад айылдык аймагында, № 1 участкасында Какыр-Пилтон участкасынын Араван-Сай дарыясындагы селден коргоочу дамба | 5 754,0 | 174 метрдик коргоочу дамба | Авариялык | |
Ноокат району: - Зулпуев айылдык аймагында Өсөр айылын коргоо боюнча Кошчан-Сай дарыясындагы жээктерди бекемдөө иштери | 10 000,0 | 725 метрдик коргоочу дамба | Авариялык | |
5. | Баткен облусу | 9 283,7 |
|
|
Кадамжай району: - Ак-Турпак айылдык аймагында Ак-Турпак айылынын Сох дарыясындагы № 15 коргоочу дамба; | 2 800,0 | 160 метрдик коргоочу дамба, | Авариялык | |
- Кадамжай посёлогундагы коргоочу курулмаларды куруу боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштери | 2 000,0 | мажбурлоо жолу менен 3500м3 таштуу блокторду түшүрүү | Авариялык | |
Лейлек району: - Ак-Суу айылдык аймагында Ак-Суу дарыясынын оң жээгиндеги Жаркыштак айылынын № 2 участкадагы коргоочу дамба; | 1 000,0 | 190 метрдик коргоочу дамба, 330 метрдик коргоочу дамба | Авариялык | |
- Ак-Суу айылдык аймагында Ак-Суу дарыясынын оң жээгиндеги Жаркыштак айылынын № 2 участкадагы коргоочу дамба | 3 483,0 |
| Авариялык | |
6. | Талас облусу | 4 200,0 |
|
|
- Талас шаарындагы кыртыштык суулардын деңгээлин төмөндөтүү («Себат» лицейи жайгашкан жер) боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштери | 4 200,0 | 504 метрдик дренаждык канал | Авариялык | |
7. | Бардыгы: | 45 000,0 |
|
|
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр | Н. Момуналиев |