РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-апрелиндеги № 158-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 128-б буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу

Редакция24.04.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 24-апрели № 158-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 128-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- тендердик комиссиянын курамына киргизилсин:

Сапарбаев Ж.Р., Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты ("Ата-Мекен" фракциясы), (макулдашуу боюнча);

Смагулов А.Б., Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын экономикалык талдоо башкармалыгынын башкы адиси;

Аскарбеков М.А., "Эркин Эл" жаштардын саясий кыймылынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Дыйканов С.К., "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

- тендердик комиссиянын курамынан Т.В.Коротков, Н.М.Элебесов, А.К.Абдыралиев чыгарылсын;

- "Жээнбеков Р.Б." позициясындагы "("Ата-Мекен" фракциясы)" деген сөздөр алып салынсын;

- 2-пункттагы "бир айлык" деген сөздөр "үч айлык" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов