Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 18-майы № 201-б
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 443-б, 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтомунун 2-пунктун аткаруу үчүн:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- отчеттуулуктун тиркелген бир түргө келтирилген формалары:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу (1-тиркеме);
"Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин баалоо" (2-тиркеме);
"Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерин баалоо максатында отчеттук мезгил үчүн Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин баяндамалары" (3-тиркеме);
- Базалык жана вариативдик көрсөткүчтөргө жетүү даражасы жөнүндө отчеттуулуктун формасын толтуруу боюнча нускама (4-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен отчеттуулуктун бекитилген формаларын толтуруу боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жана окутуучу семинар өткөрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25ине чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчеттук мезгил үчүн базалык жана вариативдик көрсөткүчтөргө жетүү даражасы жөнүндө баяндамаларды берип турушсун.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
1-тиркеме
№ | Базалык көрсөткүчтүн аталышы | Көрсөткүчтүн салмактык мааниси | Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн пландуу мааниси | Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн пландуу мааниси белгиленген документ | Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси | Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси жазылган документ | Базалык көрсөткүчкө жетүү даражасы (%) | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Базалык көрсөткүчтүн интегралдык мааниси (Көрсөткүчтөрдүн жалпы санына бөлүнгөн бардык базалык көрсөткүчтөргө жетишүү даражаларынын суммасы катары эсептелет) |
|
| |||||
2-тиркеме
№№ | Вариативдик көрсөткүчтөрдүн аталышы | Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн пландуу мааниси | Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн пландуу мааниси белгиленген документ | Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси | Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси жазылган документ | Вариативдик көрсөткүчкө жетүүнүн даражасы (%) | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Вариативдик көрсөткүчтүн интегралдык мааниси (Көрсөткүчтөрдүн жалпы санына бөлүнгөн бардык вариативдик көрсөткүчтөргө жетүү даражасынын суммасы катары эсептелет) |
|
| ||||
3-тиркеме
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 443-б, 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Баяндама
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) жетекчисинин аты-жөнү, анын кызматы)
мамлекеттик органдын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн жетишилген көрсөткүчтөрдүн мааниси жөнүндө
__________________________________________________________________
__________________________________________________________________
(Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) аталышы)
______________ квартал үчүн, алардын учурдагы жылга пландалган мааниси.
Колу _______________ (колу)
20__-жылдын "___" _____________________
I. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын аткаруу жөнүндө отчет:
II. Интегралдык көрсөткүчтөрдүн санариптик мазмуну;
III. Пландуу көрсөткүчтөрдүн мааниси:
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталышы | Аткаруу проценти |
1 | Базалык (инвариативдик) |
|
2 | Вариативдик |
|
3 | Эл аралык рейтинги |
|
4 | Калктын ишеним индекси |
|
IV. Пландуу көрсөткүчтөрдү, эгер аткарылбай калган учурлары болсо, аткарылбай калуунун себептерин түшүндүрүү:
V. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органынын (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын) кийинки отчеттук мезгилге милдеттери:
VI. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын натыйжалуу иштөө индикаторлору:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын функцияларынын жана программалык документтеринин алкагында коюлган сапаттуу жана өз учурунда аткарылган милдеттердин саны аткарууга алынган милдеттердин жалпы санына карата, %.
2. Мамлекеттик кызматтарды сапатсыз көрсөтүү маселелери боюнча жарандардын даттанууларынын жана кайрылууларынын санынын отчеттук мезгилде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жалпы санына карата катышы, %.
3. Отчеттук мезгилде бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды максаттуу пайдаланылышынын даражасы, %.
4. Мамлекеттик порталдар жана сайттар, ошондой эле мобилдик түзүлүштөр жана калкты тейлөө борборлору аркылуу көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана функциялардын саны ушул мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана функцияларынын жалпы санына карата, %.
Эскертүү: мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоодо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алуу керек.
4-тиркеме
1-тиркеме.
Экинчи графа - "Базалык көрсөткүчтүн аталышы".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтому менен белгиленген ушул министрлик, ведомство үчүн базалык көрсөткүчтөр жазылат. Ушул көрсөткүчтү ченөө бирдиги көрсөткүчтүн өзүнүн табиятына ылайык көрсөтүлөт (процент, млн. сом, даана ж.б.).
Үчүнчү графа - "Көрсөткүчтүн салмактык мааниси".
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салмактык маанилерди аныктаганга чейин бирге барабар болгон базалык көрсөткүчтөрдүн салмактык маанилери (салмагы) жазылат, аныкталгандан кийин көрсөтүлгөн маанилер ушул министрлик, ведомство үчүн эсептөөлөрдө колдонулат.
Төртүнчү графа - "Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн пландуу мааниси".
Отчеттук мезгилде министрлик, ведомство жетүүгө тийиш болгон көрсөткүчтөрдүн сандык мааниси жазылат.
Бешинчи графа - "Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн пландуу мааниси белгиленген документ".
Отчеттук мезгил үчүн министрликтин, ведомствонун ишинин пландуу көрсөткүчтөрүнүн конкреттүү сандык мааниси белгиленген ченемдик укуктук документтин аталышы жана номери жазылат.
Алтынчы графа - "Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси".
Отчеттук мезгил үчүн министрликтин, ведомствонун көрсөткүчтөрүнүн иш жүзүндө жетишилген сандык маанилери жазылат.
Жетинчи графа - "Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси жазылган документ".
Отчеттук мезгил үчүн министрликтин, ведомствонун ишинин көрсөткүчтөрүнүн иш жүзүндө жетишилген маанилери белгиленген ченемдик укуктук документтин аталышы жана номери жазылат.
Сегизинчи графа - "Базалык көрсөткүчтөргө жетүү даражасы".
Көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү маанисин анын пландуу маанисине бөлүүнүн натыйжасы катары эсептелет. Ченөө бирдиги - процент.
Тогузунчу графа - "Эскертүүлөр".
Иштин терс натыйжаларына өтө кыска түшүндүрмөлөрдү камтыйт.
Терс натыйжаларга пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруу да кирет.
2-тиркеме.
Экинчи графа - "Вариативдик көрсөткүчтүн аталышы".
Ушул министрлик, ведомство үчүн вариативдик көрсөткүчтөр тиешелүү ченөө бирдиктеринде жазылат. (процент, млн. сом, даана ж.б.).
Үчүнчү графа - "Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн пландуу мааниси".
Отчеттук мезгилде министрлик, ведомство жетүүгө тийиш болгон көрсөткүчтөрдүн сандык мааниси жазылат.
Төртүнчү графа - "Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн пландуу мааниси белгиленген документ".
Отчеттук мезгил үчүн министрликтин, ведомствонун ишинин пландуу көрсөткүчтөрүнүн конкреттүү сандык мааниси белгиленген ченемдик укуктук документтин аталышы жана номери жазылат.
Бешинчи графа - "Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси".
Отчеттук мезгил үчүн министрликтин, ведомствонун көрсөткүчтөрүнүн иш жүзүндө жетишилген сандык маанилери жазылат. Көрсөткүчтөрдүн ченөө бирдиктери пландуу көрсөткүчтөргө шайкеш келиши керек (№ 2 графаны кара).
Алтынчы графа - "Отчеттук мезгил үчүн көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси жазылган документ".
Отчеттук мезгил үчүн министрликтин, ведомствонун ишинин көрсөткүчтөрүнүн иш жүзүндө жетишилген маанилери белгиленген ченемдик укуктук документтин аталышы жана номери жазылат.
Жетинчи графа - "Вариативдик көрсөткүчтөргө жетүү даражасы".
Көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү маанисин анын пландуу маанисине бөлүүнүн натыйжасы катары эсептелет. Ченөө бирдиги - процент.
Сегизинчи графа - "Эскертүүлөр".
Иштин терс натыйжаларына өтө кыска түшүндүрмөлөрдү камтыйт. Терс натыйжаларга пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруу да кирет.