Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 23-майы № 209-б
"7-апрель - Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде туруктуу экспозиция түзсүн.
2. Экспозицияны уюштурууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин бюджетинин чегинде жыл сайын ишке ашырылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |