РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майынадагы № 209-б (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде экспозиция түзү боюнча) буйругу

Редакция23.05.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 23-майы № 209-б

"7-апрель - Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде туруктуу экспозиция түзсүн.

2. Экспозицияны уюштурууга байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин бюджетинин чегинде жыл сайын ишке ашырылсын.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов