Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-январы № 19-б
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 443-б, 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 188-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2196-V токтому менен бекитилген, өзгөчө статуска ээ болгон, Кыргыз Республикасынын айрым чек ара чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруу жана Баткен облусунун Баткен районунун инфраструктурасын биринчи кезекте жакшыртуу, «Сох» анклавынын айланасында жашаган калкка практикалык жардам көрсөтүү максатында:
1. Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй, Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Кыш-Туут айыл аймагынын Чарбак, Таян, Сай айылдарынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын жакшыртуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планы бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 188-б буйругунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бул буйруктун 1-пунктунда бекитилген иш-чаралар планынын аткарылышын камсыз кылышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2013-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине жана ведомстволоруна каралган каражаттардын чегинде иш-чаралар планын өз убагында каржылоону камсыз кылсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы №19-б буйругунун тиркемеси |
Баткен облусунун Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй, Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Кыштут айыл аймагынын Чарбак, Таян, Сай айылдарынын социалдык инфраструктураларын жакшыртуу ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу" боюнча Иш-чаралар планы
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 443-б, 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 188-б буйругунун редакцияларына ылайык)
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Керектелүүчү каражат (млн. сом) | Каржылоочу булактар | Аткарууга жооптуулар |
1. | Чарбак, Таян айылдарында суу түтүктөрүн куруу | 2014-жылдын 1-сентябры | 22,4 | Республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренесинин каражатынын эсебинен | КРӨМА, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
2. | Чарбак айылына фельдшердик-акушердик пунктту куруу | 2013-жылдын 31-ноябры | 8,0 | Республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренесинин каражатынын эсебинен | КРӨМА, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
3. | Таш-Тумшук айылына суу түтүктөрүн куруу | 2013-жылдын 30-октябры | 3,1 | Республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренесинин каражатынын эсебинен | КРӨМА, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
4. | Лейлек районунда чек арачыларга 16 квартиралуу үй салуу | 2013-жылдын 31-декабры | 16,0 | Республикалык бюджеттин эсебинен | Финмин, Чек ара кызматы, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
5. | Сай айылына суу түтүктөрүн куруу | 2014-жылдын 1-сентябры | 15,3 | Республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренесинин каражатынын эсебинен | КРӨМА, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
6. | Сай айылынын Варгон участкасында 100 орундуу башталгыч мектепти куруу | 2013-жылдын 31-декабры | 12,0 | Республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренесинин каражатынын эсебинен | КРӨМА, Финмин, БИМ, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
7. | Чарбак, Таян, Сай, Бөжөй айылдарынын башкы пландарын даярдоо | 2014-жылдын 1-марты | 3,4 | Республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренесинин каражатынын эсебинен | КРӨМА, Финмин, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
8. | "Сох" анклавынын периметри боюнча инженердик курулмаларды жана тосмолорду орнотуу" (аныкталып жазылган тилкелер боюнча), ошондой эле кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек жана кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын аныкталып жазылган тилкелеринде тикенек зым тосмолорду (армирленген, цинктелген), андарды орнотуу | 2013-2016-жылдар | 90,0 | Республикалык бюджеттин эсебинен | Финмин, Чек ара кызматы, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
9. | Таян айылына 20 чек арачы үчүн чегара тозотунун имаратын куруу (курама, контейнердик типтеги) | 2014-жылдын 1-сентябры | 6,2 | Республикалык бюджеттин эсебинен | Финмин, Чек ара кызматы, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
10. | Бел - Сөгөт - Бөжөй автожолун куруу | 2013-2014-жылдар | 50,0 | Республикалык бюджеттен, ТКМнин 2013-жылдын «имарат жана курулма» беренесинин каражатынан курулат, гранттын эсебинен | Финмин, ТКМ, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
11. | Айгүлташ - Согмент - Чарбак - Таян автожолун куруу | 2013-жылдын 31-ноябры | 30,0 | Республикалык бюджеттен эсебинен | Финмин, ТКМ, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
12. | Көкташ - Аксай - Тамдык автожолун куруу | 2013-2015-жылдар | 30,0 | Республикалык бюджеттен, ТКМнин 2013-жылдын «имарат жана курулуш» беренесинин каражатынан курулат | Финмин, ТКМ, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
13. | Кулунду - Максат автожолун жана 2 көпүрө куруу | 2013-жылдын 31-декабры | 35,0 | Республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренесине киргизилген | Финмин, ТКМ, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
14. | «Сары-Талаа» айылына CDMA-450 базалык станциясын орнотуу | 2013-жылдын 31-декабры | 0,8 | БМАжана ТКМнин эсебинен | Финмин, ТКМ, БМА, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
15. | а) Кыштут айыл аймагынын Чарбак, Кыштут, Таян, Газ, Согмент, Дара айыл аймагынын Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Палал-Ооз, Палал, Кайыңды, Ташты-Калан айылдарын ток менен камсыз кылуу үчүн 23,2 км электр чубалгыларын (10 кВ) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу куруу | 2013-жылдын 31-декабры | 24,0 | ЭӨМ эсебинен жана Республикалык бюджеттин «капиталдык салымдар» беренеси боюнча | Финмин, ЭӨМ, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү |
б) Суу-Башы айыл аймагынын Бөжөй айылына электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн 21 км (10 кВ) электр чубалгысын куруу керек. | 23,0 | ||||
в) Суу-Башы айыл аймагынын Ширеч айылына электр чубалгысын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу 1,30 км (10кВ) электр чубалгысын куруу | 1,2 | ||||
г) Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ак-Өтөк айылына электр энергиясы камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу 0,34км (10кВ) электр чубалгысын КУРУУ | 0,5 |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы № 443-б, 2015-жылдын 29-апрелиндеги № 188-б буйругунун редакцияларына ылайык)