РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июнундагы № 271-б (Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздардын проблемаларын чечүү боюнча Ведомстволор аралык кеңеш түзүлүшү боюнча) буйругу

Редакция13.06.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2012-жылдын 13-июну № 271-б

Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздардын проблемаларын чечүү жана гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:

1. Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздардын проблемаларын чечүү боюнча Ведомстволор аралык кеңеш (мындан ары - Ведомстволор аралык кеңеш) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Ведомстволор аралык кеңеш Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында:

- экспедицияны даярдоо жана уюштуруу боюнча иш-чаралар планын бекитсин;

- экспедициянын курамын жана зарыл товарлардын жана азык-түлүктүн тизмесин аныктасын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан зарыл азык-түлүктү бөлүү мүмкүндүгү жөнүндө маселени иштеп чыксын.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Ведомстволор аралык кеңеш аныктаган тиркемеге ылайык товарларды жана азык-түлүктү сатып алуу үчүн финансы каражатын издеп тапсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

- экспедициянын жүрүү маршрутун аныктасын;

- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ведомстволор аралык кеңеш аныктаган тизмеге ылайык товарларды жана азык-түлүктү сатып алууну ишке ашырсын;

- Афганстан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Афган Памиринде жашаган этностук кыргыздарга гуманитардык жардамдардын жүгүн жеткирүү боюнча зарыл иш-чараларды көрсүн.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

"Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памиринин аймагында жашаган этникалык кыргыздар жөнүндө маселени чечүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу советтин КУРАМЫ

 

Асымбекова Гульнара Уметовна

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министири, Советтин төрагасы;

Жамгырчиева Гульнара Оморовна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Кыргызстан Социал-демократиялык партия" фракциясы (макулдашуу боюнча);

Нарматова Надира Азимовна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ата-Журт" фракциясы (макулдашуу боюнча);

Төрөбеков Нурлан Надирович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ар-Намыс" фракциясы (макулдашуу боюнча);

Бакиров Мирлан Исабекович

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Республика" фракциясы (макулдашуу боюнча);

Бейшенбаева Гульниза Джумабековна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты "Ата Мекен" фракциясы (макулдашуу боюнча);

Бараканова Салатанат Нурудиновна

-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат Комитетинин эксперти (макулдашуу боюнча);

Мусаев Кольбай Алишерович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчисинин орун басары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн коргоо, өткөөл кырдаалдар жана укук тартиби бөлүмүнүн башчысы;

Молдогазиев Айбек Бейшеевич

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы саясат бөлүмүнүн орун басары;

Сабитов Эрмек Абдырахманович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн салык жана бажы төлөм секторунун башчысы;

Дадаханова Наргиза Фазлетовна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

Артыкова Одина Анваровна

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык жана гуманитардык өнүгүү бөлүмүнүн эксперти;

Тулегабылов Нурбек Мукашевич

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук Статкомитетинин директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Орозбеков Муктар Орозбекович

-

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;

Кожобеков Асылбек Эсенжанович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары;

Кожобергенов Нукеш Рахманович

-

Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин мамлекеттик аппараты каржылоо башкармалыгынын башчысы;

Шамшиев Насридин Шамшиевич

-

Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин макроэкономика саясат бөлүмүнүн жетекчиси;

Сабирдина Мая Сабирдин кызы

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин директорунун орун басары - Азия жана Африка экинчи бөлүмүнүн жетекчиси;

Кочкорбаев Сагынбек Абдумуталипович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин этникалык кыргыздар жана көчүп кетип жаткандар менен иштөө бөлүмүнүн эксперти;

Жапаров Амантур Забирдинович

-

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер Академиясынын Тарых жана маданий мурас бөлүмүнүн башчысы;

Тойматов Саматбек Шакиевич

-

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу Башкармалыгынын дарылоо-профиалактика бөлүмүнүн башчысы;

Асанканов Абылабек Асанканович

-

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этникалык, дин саясат жана коом менен иш жүргүзү бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Оморов Айдар Оторбекович

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук комитетини кызматкери;

Ырысбеков Талант Ырысбекович

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин эл аралык бөлүмүнүн башкы адиси;

Конгурбаев Нурзаир Ашимович

-

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси;

Койчуманов Тынчтыкбек Толонбаевич

-

Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси;

Айтматов Куштарбек Суюмбаевич

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин тышкы миграция департаментинин директору;

Соорбеков Медер Сатыбекович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин чыгыш өлкөлөр департаментинин биринчи катчысы;

Калыбаев Манас Туратбекович

-

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы;

Кубатов Эдуард Джумакадырович

-

"Талас голден майнинг компани" жабык акционердик коомдун башкы директору (макулдашуу боюнча);

Болотова Гульзат Абыкаевна

-

"Кыргыз бутагы" коомдук фондун директору (макулдашуу боюнча);

Алжабаев Айдар Суйундукович

-

"Замандаш" ассоциациясынын директору (макулдашуу боюнча).