Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 30-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2012-жылдын 26-июну № 300-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 16-февралындагы № 49-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
1. Аталган буйрук менен түзүлгөн Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз-Өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын Кыргыз Республикасынын өкмөттүк делегациясы ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-ноябрындагы № 178-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
Тиркеме
Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, делегациянын жетекчиси;
Досалиев А.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Жоошбеков З.С. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кочкоров У.Т. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Маматалиев A.M. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Обдунов Э.А. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кутманов Н.О. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;
Байдулетов Н.С. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары;
Эратов С.С. - Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын орун басары;
Эгембердиева Д.Ш. - Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Тезекбаев К.Т. - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары;
Цурков В.Е. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын директору;
Касмалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директору, жумушчу топтун жетекчиси;
Абдураимов Б.Э. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
Момбеков А.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чек араны делимитациялоо жана чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти;
Турдумамбетов О.Т. - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарбасы департаментинин директору;
Ахмедов O.K. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору;
Исабеков Н.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин директору;
Артыкбаев A.M. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жетекчиси;
Калматов A.M. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальниги;
Сулайманов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана кайтаруу бөлүмүнүн начальниги;
Миңбаев А.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча топтун биринчи катчысы;
Мамбеткожоев Ш.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы контролун уюштуруу башкармалыгынын башкы инспектору;
Камбаралиев Б.К. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын чек араны кайтаруу жана коргоо бөлүмүнүн делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улук офицери;
Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары;
Жакыпов Б.М. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Ботобаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо түштүк региондук бөлүмүнүн начальниги;
Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Мамлекеттик картография-геодезия кызматынын делимитациялоо жана демаркациялоо бөлүмүнүн начальнигинин орун басары;
Токтосунов Ж. - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаштыруу боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту" мамлекеттик ишканасынын Ош облустук филиалынын директору;
Эргешов А.М. - Баткен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Сиддиков Д.А. - Кадамжай райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкар малыгынын начальниги;
Боронбеков З.Б. - Аксы райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Мырзаев А.А. - Ала-Бука райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Шерматов А.Б. - Ноокен райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Маматов А.Т. - Сузак райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Мурзахмедов Ш.М. - Араван райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Үсөнов А.П. - Кара-Суу райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги;
Каримов Б.А. - Өзгөн райондук жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги.